Роза Айылчиева: Экспорттук камсыздандыруу – ишкердин дүйнөлүк рыноктогу ишенимдүү калканы
Чет өлкөгө товар экспорттоо чоң мүмкүнчүлүк гана эмес, чоң жоопкерчилик да. Ар бир келишим жаңы рынокко жол ачканы менен, өзүнө жараша тобокелдиктерди алып келет. Чет өлкөлүк өнөктөш төлөбөй койсочу? Саясий же экономикалык өзгөрүүлөр келишимге таасирин тийгизсечи? Мындай учурларда экспорттук камсыздандыруу ишкерлер үчүн маанилүү коргоо механизми болуп саналат.
Ушул багыт боюнча Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюмунун Тышкы экономикалык иш-аракет жана финансылык тобокелдиктерди камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы Роза Айылчиева менен маек курдук.
Экспорттук камсыздандыруу: ишкерди күтүүсүз жоготуулардан коргогон механизм
– Роза Сайырбековна, алгач экспорттук камсыздандыруу боюнча кеңири түшүнүк берип кетсеңиз?
– Экспорттук камсыздандыруу бул чет өлкөгө товар же кызмат экспорттогон компанияларды финансылык жоготуулардан коргоочу заманбап механизм. Эл аралык соодада ар кандай күтүлбөгөн жагдайлар жаралышы мүмкүн. Мисалы, чет өлкөлүк сатып алуучу финансылык каатчылыкка кабылып, товар үчүн төлөй албай калышы мүмкүн. Айрым учурларда саясий өзгөрүүлөр, валюталык чектөөлөр же башка тышкы факторлор дагы келишимдин аткарылышына тоскоол болот.
Мындай кырдаалдарда экспорттук камсыздандыруу ишкердин чыгымын азайтып, камсыздандыруу келишиминде каралган шарттарга ылайык компенсация алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул экспорттоочуларга жаңы рынокторго ишенимдүү чыгууга жана бизнесин кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Экспорттук келишимдеги тобокелдиктер кантип көзөмөлдөнөт?
– Бул система кандай иштейт?
– Экспорттоочу компания камсыздандыруучу тарапка экспорттук келишим боюнча маалыматтарды сунуштайт. Анда чет өлкөлүк сатып алуучу, жеткириле турган товар же кызмат, төлөм шарттары жана бүтүмдүн башка өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт.
Адистер бул маалыматтарды талдап, келишим боюнча тобокелдиктерге баа беришет. Эгер бардык талаптар аткарылса, камсыздандыруу келишими түзүлөт.
Эгер кийин сатып алуучу камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн себептерден улам төлөмдү жүргүзбөй калса, экспорттоочу белгиленген тартипте камсыздандыруу төлөмүн алат.
Кыргыз ишкерлерине жаңы мүмкүнчүлүк берген экспорттук колдоо механизми
– Кыргызстанда экспорттук камсыздандыруу кандай өнүгүүдө?
– Кыргызстанда экспорттук камсыздандыруу системасы экспорттук-кредиттик агенттик аркылуу өнүгүп жатат. Анын негизги максаты – ата мекендик экспорттоочуларды колдоо, жаңы рынокторго чыгууда жаралган тобокелдиктерди азайтуу жана экспорттук операциялардын коопсуздугун камсыз кылуу.
Өзгөчө жаңы өлкөлөргө экспорт жүргүзүүдө алдын ала баалоого кыйын болгон тобокелдиктерге туш болот. Мындай учурда экспорттук-кредиттик агенттик ишкерлерге кошумча коргоо механизмин сунуштайт.
Төлөмдөн тарта саясий өзгөрүүлөргө чейин: камсыздандыруу эмнеден сактайт?
– Кандай тобокелдиктерден коргойт?
– Экспорттук камсыздандыруу биринчи кезекте төлөмдүн алынбай калуу тобокелдигин азайтат. Анын ичинде чет өлкөлүк сатып алуучунун төлөөгө жөндөмсүз болуп калышы, келишимдик милдеттенмелерден баш тартуусу жана төлөмдөрдүн кечиктирилиши сыяктуу жагдайлар камтылат.
Мындан сырткары саясий жана тышкы соода тобокелдиктери дагы камсыздандыруу коргоосуна кирет. Аларга мыйзамдардын өзгөрүшү, валюталык чектөөлөр, саясий туруксуздук жана эл аралык эсептешүүлөргө тоскоол болгон башка жагдайлар кирет.
