Жылдыз Кулжанова: Өлкөдө жашоо минимуму – 7100 сом, а эң төмөнкү пенсия 7500 сом болот
Кыргызстанда 1-октябрдан баштап дагы көтөрүлөт. Бул жогорулатуу пенсиянын кайсы бөлүгүнө байланыштуу жана кимдин пенсиясына канча акча кошулаарын кантип билүүгө болот – бул тууралуу КР Социалдык фондунун пенсия жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова билдирди.
– Жакында пенсия системасына байланышкан эл аралык конференция болуп өттү. Кепти ушундан баштасак, бул конференцияда кандай маселелер көтөрүлдү жана башка өлкөлөрдөн келген делегацияларды Кыргызстандын пенсия саясатындагы кандай артыкчылыктар кызыктырды?
– “Пенсиялык системанын актуалдуу маселелери жана алардын майнаптуулугун жогорулатуу жолдору” аттуу эл аралык конференцияга Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Азербейжандан өкүлдөр келип катышты. Анда көтөрүлгөн маселелер – пенсиялык системада кандай көйгөйлөр бар, пенсиялык системалардын адаптациясы, аны каржылоо, мигранттардын пенсиялык каржылануусу, процесстерди автоматташтыруу ж.б. болду. Жаңы ойлор, идеялар айтылды.
Биз көбүнчө демографиялык маселелерге токтолдук. Дыйкан чарбаларды пенсия менен камсыздоо аракеттери айтылды, анткени, бул маселе башка өлкөлөргө да таандык.
– Бизде демографиялык абал азыр кандай?
– Бир гана бизде эмес, дүйнө жүзү боюнча карылык кечеңдөөдө. Мисалы, азыр карылар жалпы калктын арасында болжол менен 7-8 пайыз болсо, 2040-2050-жылдары 11 пайыздан ашат. Бул эмнени түшүндүрөт? Пенсия курактагы адамдардын жашоосу узарат, демек, көбүрөөк пенсия төлөөгө туура келет, биз ага лаяр болуп, финансылык жактан туруктуулукту карманышыбыз керек. Конференцияда мына ушуну айтып бердик.
– Калк арасындагы карылардын пайызы бир гана жашоо узундугу менен көбөйөбү же башка факторлор, мисалы, эмгекке жарамдуу калктын азайышы да таасир этеби?
– Жашоо узактыгы. Ал акырындан көтөрүлүп келатат. Ошол эле убакта төрөттүн коэффициенти деген бар – бир аялга канча бала туура келет? Мындан 4-5 жыл мурда эле бир үй-бүлөгө 3төн көбүрөөк бала туура келчү, азыр 2ден болуп калды. Ар кандай тенденция болот, анын баарын Улуттук статистикалык комитет баалап турат, биз алардын маалыматына адаптацияланып, мындай реформа жасаш керек деген анализ чыгарабыз.
– Кандай учурда пенсия курак ылдайлайт же жогорулайт?
– Пенсия курак бизде “Мамлекеттик социалдык, пенсиялык камсыздоо жөнүндө” мыйзамда каралган: эркектер үчүн – 63 жаш, айымдар үчүн – 58 жаш. Ошол эле маалда бийик тоолуу аймактарда жашагандар же оор шарттагы жумуштарда иштегендер үчүн жеңилдетилген курак бар: 3 жылдан 8 жылга чейин эрте. №1 тизме, №2 тизме деп коет, андагылар мындан да эрте чыга алышат. Булар – көп балалуу энелер ж.б. категориядагылар. Пенсия курагын өзгөртүү үчүн ошого жараша себеп болушу керек. Мисалы, азыр бизде калк жаш эле. 65 жаштан ашкандар калктын санынын 5 пайызын гана түзөт. Ошондуктан, пенсия куракты кароо эрте.
– Бийик тоолуу аймактарда жашагандар 8 жыл эрте пенсияга чыгат дедиңиз, бул кандай шарт менен аткарылат?
– Мыйзам боюнча, бийик тоолуу аймакта эрте пенсияга чыгуу үчүн ошол аймакта 20 жыл иштеп жана жашоо керек. Ошондо гана аялдар 50 жашында, эркектер 55 жашында чыга алышат. Ошондой эле, жогоруда айтылгандай, көп балалуу энелер 45 жашында пенсияга чыгууга укуктуу.
– Пенсияны жашоо минимумуна жеткирүү кандай жол менен жасалат?
– Пенсия базалык, камсыздандыруу жана топтолмо бөлүктөрдөн турат. Базалык – мамлекет тарабынан кепилдик, баарына бирдей – 3170 сомдон чегерилет. Камсыздандыруу бөлүгү – бул жарандын өзү иштеп тапкан бөлүк. Тактап айтканда, ал иштеп жатканда айлыгынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төксө, ошол өзүнө пенсиянын ушул бөлүгү аркылуу кайтып келет. Бул жарандын иш стажына, канча айлыкка иштегенине, канча камсыздандыруу төлөмдөрдү төккөнүнө жараша болот, биз бардык маалыматтарды чогултуп, анан пенсия чектейбиз. Мисалы, бүгүнкү күндө иштеп жаткандардын айлыгынын 27,25 пайызы Соцфондко кетет. Ал 20 жыл иштейби же 30 жылбы – бүт маалымат сакталат.
Эми 1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 пайызга жогорулайт. Эң азы 600 сом болот. 2024-жылдан тартып чектелген пенсия 6900 сомдон кем эмес суммада болууда. Ага 600 сомду кошкондо, өлкөдө эң аз пенсия 7500 сомду түзөт. Статистика комитетинин маалыматына таянып, жашоо минимумунун былтыркы жылдагы көрсөткүчүн алабыз – бул 7100 сом.
7500 сом пенсия бул эң төмөнкүсү. Мындан да көп сумма чыгышы мүмкүн. “Пенсиям аз, буга кантип жашайм” дегендер бар, мен айтат элем: ачык-айкын төлөп, ачык иштөө керек. Көмүскө иштөө пенсияга залакасын тийгизет.
– Сиз жогорулатуудан кийинки эң төмөнкү пенсиянын болжолдуу суммасын айттыңыз, ал эми орточо пенсия канча болушу мүмкүн?
–11 226 сом деп болжолдоп жатабыз. Жогорулатуу өлчөмүнө карата 826 сомго көп болот. Орточо болгондо бардык пенсионерлердин пенсиясын эсептеп, ортоңку сумманы чыгарабыз.
Эгерде жаран пенсиясы канча сомго көбөйөрүн билгиси келсе, базалык бөлүгүн алып салып, камсыздандыруу бөлүгүн 10 пайызга көбөйтсө, өзүнүн суммасы келип чыгат.
– Санариптештирүү Соцфонддо канчалык жолго коюулууда?
– “Түндүк” порталы аркылуу идентификациядан өтүп, жаран жеке кабинетине ээ боло алат. Ал жактан пенсияга чыга турган жарандар Соцфондко келип отурбай, керектүү документтерин тиркеп, онлайн түрүндө арыз бере алышат. Мындан тышкары, бардык суроолоруна жооп таба алышат, мисалы, банктан почтага же почтадан банкка өтүүнү каалагандар ал маселесин жеке кабинети аркылуу чече алышат. Ошондой эле пенсиясынын топтолмо бөлүмүндө канча каражат топтолду, канча төлөмдүн түрлөрү бар, Соцфонддун ишмердүүлүгү ж.б. суроолоруна жооп табууга болот.
