Жумадилде уулу Мурадил: 2025-жылы Кыргызстан профсоюздук кыймылына 100 жыл болот. Юбилей кандай белгиленет?
Быйыл Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жаңы төрагасы болуп Жумадилде уулу Мурадил шайланды. “Караван-Инфо” редакциясына берген маегинде ал федерация бир жыл ичинде кандай иштерди аткарганы, өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү эмгекчилдердин укуктары канчалык деңгээлде корголуп жатканы тууралуу айтып, ошондой эле 2025-жылга карата пландары менен бөлүштү.
– Федерациянын эл аралык кызматташтыгы тууралуу айтып берсеңиз?
– Жыл башынан бери көптөгөн эл аралык иш сапарларда болдум десем болот, жыл ичинде федерация ички реформалар менен катар эл аралык кызматташууларды жакшыртуу менен алектенди. Бүгүнкү күндө Кыргызстан профсоюздар федерациясы Эл аралык эмгек уюмуна, Профсоюздардын жалпы конфедерациясына, Борбор Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар кеңешине, Профсоюздардын эл аралык конфедерациясына мүчө болуп эсептелинет жана Казакстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркиянын, Азербейжандын ж.б. улуттук профборборлору менен тыгыз кызматташууда.
Күзүндө Эл аралык эмгек уюмунун Миссиясы бар делегациясын кабыл алдык, алар федерацияда жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, оң баасын беришти. 2025-жылы эл аралык масштабдуу иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Эл аралык кызматташтык жакшырып баратат деп айта алам.
– Социалдык өнөктөштөр менен мамиле кандай болууда жана мамлекет ичиндеги кызматташуулар кандай жүрүп жатат?
– Биздин башкы социалдык өнөктөшүбүз – КР Министрлер Кабинети жана КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги. Биз алар менен үч тараптуу Башкы келишимдин алкагында тыгыз кызматташабыз. Ошондой эле ушул жылы биз КР Акыйкатчысы, КР Президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу органынын катчылыгы менен кызматташуу келишимине кол койдук.
Бул кол коюлган келишимдердин алкагында биз эмгекти жана коопсуздукту камсыздоого багытталган долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Мисалы, Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен биргеликте мектептерде жогорку класстын окуучулары үчүн лекцияларды окуп, аларга эмгек укуктарын түшүндүрүп бердик. Анткени мектеп окуучулары жайкы каникулда иштешерин билебиз, алар менен эмгек келишими түзүлбөгөндүктөн айрым учурда эмгек акысын ала албай калышы мүмкүн жана тилекке каршы, бул учурда кайда кайрылаарын билишпейт. Ошондуктан азыркы муун профсоюз жөнүндө билсин деп мектептерде ушундай лекцияларды өткөрө баштадык. Анткени, бүгүнкү окуучулар эртеңки студенттер, а бүрсүгүнү – эмгекчилер.
– Эл аралык эмгек уюмунун конвенциялары тууралуу да айтып берсеңиз?
– Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун «Эмгек дүйнөсүндө зордук-зомбулукту жана куугунтуктоону жоюу жөнүндө» Конвенциясын ратификациялоо менен жумуш ордундагы зордук-зомбулукка жана куугунтукка каршы глобалдык күрөштө алдыга маанилүү кадам жасады. Бул конвенциянын алкагында ФПСК укук коргоонун так механизмдери менен бир катар иштерди жүргүзүүдө, анын ичинде юридикалык инспекторлордун ыйгарым укуктарын кеңейтүү да бар.
Федерация ошондой эле төмөнкүлөрдү ратификациялоону демилгелейт: ЭЭУнун №155 «Эмгек коопсуздугун жана гигиенасын коргоонун негиздерин илгерилетүү жөнүндө» Конвенциясы, ЭЭУнун №177 «Үйдө иштөө жөнүндө» Конвенциясы, ЭЭУнун №183 «Эне менен баланын ден соолугун коргоо жөнүндө» Конвенция жана ЭЭУнун №187 “Эмгектин гигиенасын коргоону чыңдоо жөнүндө” Конвенциясы.
– Мигранттардын укугун коргоо максатында чет өлкөдө иштеген эмгекчилердин профсоюзу түзүлгөнү белгилүү болгон. Ушул тууралуу айтып берсеңиз?
– Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп жаткан эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү, алардын эмгектик жана социалдык укуктарын коргоо максатында федерация тарабынан чет өлкөлөрдө иштеген эмгекчилердин профсоюзун түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Анткени бүгүнкү күндө жүз миңдеген кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө иштешет жана ар кандай кыйынчылыктарга кез келишет: эмгек укуктарынын бузулушу, юридикалык жактан корголбоо, социалдык маселелер. Буга байланыштуу чет өлкөлөрдө иштеген мекендештердин профсоюзун түзүү зарылчылдыгы келип чыккан, аны менен жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө болот.
Жарым жыл бою башка өлкөлөрдүн профсоюздары менен өнөктөштүк мамилени жаратуу боюнча иштерди жүргүздүк, негизинен мигранттарыбыз көбүрөөк иштеген өлкөлөргө басым жасадык. Ал профсоюз учурда түзүлдү, биринчи съезди өткөрүлдү, уставы кабыл алынды жана төрагасы шайланды. Кыргызстандын профсоюздар федерациясы дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүндө иштеп жаткан мекендештердин да кызыкчылыгын эске алуу менен ишмердүүлүгүн активдүү өнүктүрүүдө.
– 2025-жылга кандай пландарыңыздар бар?
– 2025-жылга пландарыбыз жана иш-чараларыбыз көп. Эң негизгилеринин бири 2025-жылы Кыргызстан профсоюздар кыймылы өзүнүн жүз жылдыгын белгилейт. Профсоюз көп кылымдык тарыхы бар жападан жалгыз коомдук-укуктук уюм экендигин белгилегим келет. Биз 100 жылдык юбилейибизди жогорку деңгээлде белгилеп, Профсоюздар федерациясынын басып өткөн татаал жолун, анын оош-кыйыштарын, ошондой эле профсоюздар бара жаткан өнүгүү векторун бардыгына жеткирүүнү каалайбыз.
Ошондой эле 2025-жылы 6 эл аралык ири иш-чара, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар кеңешинин жыйыны пландаштырылган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн профсоюздар кеңеши – эл аралык деңгээлде иш алып барган бейөкмөт коммерциялык эмес уюм. Анын негизги максаты эмгекчилердин социалдык, эмгек, кесиптик, экономикалык жана башка мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, профсоюздук ишмердиктин укуктарын жана кепилдиктерин коргоо, профсоюздардын эл аралык тилектештигин чыңдоого көмөк көрсөтүү болуп саналат. Уюм Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Монголиянын улуттук профсоюз борборлорун бириктирет. Быйыл бул Кеңешке төрагалык кылуу милдети Кыргызстан профсоюздар федерациясына өттү.
Андан сырткары ПЖК Аткаруу комитетинин, башкача айтканда Профсоюздардын жалпы конфедерациясынын жыйыны болот. ПЖК – бул жарандардын социалдык жана эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-аракеттерди консолидациялоо, профсоюздардын укуктарын жана ишинин кепилдиктерин коргоого көмөк көрсөтүү, эл аралык профсоюздук тилектештикти чыңдоо максатында ыктыярдуу негизде түзүлгөн аймактык эл аралык профсоюз бирикмеси. Анын мүчөлүгүндө Армениянын, Белорусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын улуттук профборборлору жана 38 эл аралык өндүрүштүк профсоюздардын бирикмелери бар. Бул жыйындын алкагында чек ара кызматташтыгынын орчундуу маселелери жана чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештердин эмгек укуктарын коргоо талкууланат.
Ошондой эле КР Акыйкатчысы, Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Катчылыгы, “БУУнун Аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Тилектештик борбору жана Кыргыз Республикасындагы Фридрих Эберт Фонду менен кол коюлган келишимдердин алкагында бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатабыз. Бул иш жумуш ордунда шарттарды жакшыртууга, жумуштагы зомбулукка жана куугунтукка каршы, ошондой эле жумушчулардын эмгек укуктары боюнча билимин жогорулатууга багытталат.
2025-жылы ФПСК мүчө-уюмдарынын төрагаларынын кезектеги съезддери өткөрүлөт. Көптөгөн төрагалар 2024-жылы кезексиз съезддерде шайлангандыктан кайра шайланат.
Маданий иш-чараларга келсек, түштүк борбордо масштабдуу марафон өткөрүүнү пландап жатабыз, анткени 2024-жылы Бишкекте ушундай спорттук иш-чараны өткөргөнбүз. Ошондой эле 2025-жылы күзүндө профсоюздардын Спартакиадасын бардык профсоюз мүчөлөрү үчүн өткөрөлү деп турабыз.
