Кундуз Исмаилова, «Биздин таланттар» теледолбоорунун жетекчиси: «Биздин долбоор бир чоң үй-бүлөдөй ынтымактуу»
Беш жылдан бери «Элден чыккан таланттар, элибизге ыр сунат» деп аймактардагы өнөр ээлерине сахнага чыгып, өз талантын элге көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп келет. Долбоор кыргыздын ыр-күүсүн, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын жайылтууну көздөйт. Долбоордун негиздөөчүсү Кундуз Исмаилова менен беш жылдык тажрыйба, таланттарды табуудагы кыйынчылыктар жана алдыдагы максаттар тууралуу баарлаштык.
– «Элден чыккан таланттар, элибизге ыр сунат» долбооруна быйыл беш жыл толуптур. Аны баштоого эмне түрткү болгон жана алгачкы максатыңыздар кандай эле?
– Долбоорубузга быйыл билинбей эле беш жыл толду. Кыргыз эли өнөрдү баалаган, аздектеген, таланттуу инсандарга бай калк экени талашсыз. Кылымдарды карыткан элибизде нечендеген ырчы, чоорчу, комузчу, кыякчы жана башка өнөр ээлери өткөн. Азыр да өнөрү менен элибиздин желегин далай мамлекеттерде желбиретип жүргөн маданият кызматкерлери арбын.
Мындай долбоорду баштоо көптөн бери оюмда жүргөн. Бирок аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк мындан беш жыл мурда жаралды десем жаңылышпайм. Долбоор башталган алгачкы күндөрдөн тартып өлкөбүздүн жети облусунан, ар кайсы аймактардан жана Бишкек шаарынан келген таланттардын өнөрүн элге тартуулап келебиз. Долбоордун атын да көпкө ойлонуп, «Биздин таланттар» деп атадык. «Биздин таланттар» айымдарга, мырзаларга, жаштарга, улуу муунга туура келген долбоор. Буюрса, жыйынтыгыбыз жаман эмес. Ийгиликтерибиз, жетишкендиктерибиз менен сыймыктана алабыз.
– Беш жыл ичинде канча талантты элге тааныта алдыңыздар? Алардын арасынан чыгармачылык жолун улантып, ийгиликке жеткендер барбы?
– Беш жыл көз ирмемчелик убакыт экен. Долбоорго өлкөнүн ар кайсы аймактарынан, район-шаарларынан келген таланттар бири-бирин ээрчите келип, бара-бара чоң чыгармачыл жамаатка айландык. Өз өнөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк таппай жүргөн адамдарды колдоп, алардын ыр дүйнөсүнө аралашуусуна көмөктөштүк десем болот.
Долбоордун негизги максаты – көөнөрбөс өнөрдү элибизге тартуулоо. Турмуш шартына байланыштуу сахнага чыга албай жүргөндөрдүн көксөгөн кыялын орундатууга шарт түзүүгө аракет кылабыз. Жаш-карысына карабай, өнөр ээлерин чыгармачылыкка үндөп, өзүнө болгон ишенимин арттырууну, кыргыздын ыр-күүсүн, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын жайылтууну көздөйбүз.
Беш жыл ичинде долбоор көптөгөн таланттарга дем берип, алардын чыгармачылык жолуна түрткү болду. Биз менен бирге жүргөн өнөр ээлери бир чоң үй-бүлөдөй ынтымактуу болуп калдык.
– Долбоорго катышуучуларды кантип тандайсыздар? Айылдагы элге белгисиз таланттарды табуу кыйынчылык жаратпайбы?
– Таланттарды социалдык тармактардан, элдин сунуштары аркылуу жана атайын уюштурулган кастингдерден табабыз. Айылдагы элге белгисиз таланттарды аныктоо оңой эмес. Анткени айрымдары өз өнөрүн элге көрсөтүүдөн тартынышат. Ошондуктан аларга ишеним берип, колдоо көрсөтүп, чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн ачууга аракет кылабыз.
Бизди алыстан издеп келип, долбоорго катышуу аркылуу элге таанылууну каалаган таланттар да жок эмес.
– Ушул беш жыл аралыгында сиздерди өзгөчө таң калтырган же жүрөгүңүздөргө жакын болгон таланттар же окуялар болдубу?
– Бул беш жыл ичинде бизди өзгөчө таң калтырган таланттар жана жүрөгүбүзгө жакын болгон окуялар көп болду. Айрым катышуучулар сахнага биринчи жолу чыгып, кийин өз алдынча чыгармачылык жолун улантып кетишти. Алардын ийгилиги биз үчүн долбоордун эң чоң жетишкендиги болуп саналат. Өзгөчө айылдан чыккан жаштардын өзүнө болгон ишеними артканын көрүү бизге чоң дем берет.
Биздин долбоордо жөн гана эрмек үчүн ырдагандар эмес, чын дилинен өнөргө берилген, көкүрөгүндө таланты, көксөгөн кыялы бар мыкты адамдар арбын. Алар менен иштешүү да жагымдуу. Катышуучулардын арасында апамдай камкордук көргөн, эжемдей сырдашкан, керек учурда кеңешин берген эже-агаларыбыз бар. Алар менен бир үй-бүлөдөй болуп калдык.
– Долбоорду өнүктүрүүдө кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуздар? Элдин колдоосу жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусу кандай болуп жатат?
– Долбоорду өнүктүрүүдө каржылык, техникалык жана уюштуруучулук кыйынчылыктарга туш болобуз. Аймактардын алыстыгы, жол шарттары жана сапаттуу тартууларды уюштуруу да өзүнчө түйшүк жаратат.
Ошого карабастан, көрүүчүлөрдүн кызыгуусу жана колдоосу бизге күч-кубат берет. Алардын пикирлери, сунуштары жана катышуучуларга көрсөткөн колдоосу долбоорду улантууга чоң дем берет.
– Беш жылдык тажрыйба эмнени көрсөттү? Алдыда долбоорду кандай деңгээлге чыгарууну көздөп жатасыздар? Элеттеги дагы канча таланттын үнүн элге жеткирүү максатыңыздар бар?
– Беш жылдык тажрыйба элетте таланттар абдан көп экенин жана аларга туура шарт түзүлсө, чоң ийгиликтерге жете аларын көрсөттү. Алдыда долбоорду өлкөнүн бардык аймактарына жайылтып, техникалык жана чыгармачылык деңгээлин жогорулатууну көздөп жатабыз.
Ошондой эле таланттарды бир жолу элге көрсөтүү менен чектелбестен, аларга мындан ары да колдоо көрсөтүп, чыгармачылык жолун улантуусуна шарт түзүүнү каалайбыз. Элеттеги дагы жүздөгөн таланттын үнүн элге жеткирүү – биздин негизги максаттарыбыздын бири. Ар жылы филармонияда жандуу үн менен шаттанып концерт берип келебиз. Быйыл да 5 жылдык маарекебиз дал ушул залкарлар баскан Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Буга чейин Теңир-Тоодо, Таласта, Алайда, Ошто, Баткенде «Элден чыккан таланттар, элибизге ыр сунат» деп концерттерди берип келгенбиз. Жылдын төрт мезгилин көрккө бөлөп, ар бир аймактын талантын жеринде таанытууга ар дайым даярбыз.
