Талантбек Солтобаев Астанада транспорт министрлеринин жолугушуусуна катышты
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Казакстандын Астана шаарында өткөн VIII эл аралык «NEW SILK WAY» бизнес-форумунун алкагында транспорт министрлеринин жолугушуусуна катышты.
Жолугушууда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, жүк ташуудагы тоскоолдуктарды жоюу жана транспорттук процесстерди санариптештирүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле министрлердин жолугушуусунда транспорт тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, эл аралык жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптик чечимдерди киргизүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
