Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды профилактикалык медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды профилактикалык медициналык текшерүүдөн (Check-up) өткөрүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Пилоттук долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-июнундагы тапшырмасын аткаруу максатында ишке ашырылууда.
Долбоордун максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди профилактикалык медициналык текшерүүдөн өткөрүү моделин сыноодон өткөрүү. Ал өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана алардын өнүгүшүнө алып келүүчү тобокелдик факторлорун эрте аныктоого багытталган.
Пилоттук долбоор Бишкек шаарында 2026-жылдын октябрь айынан 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. Программада текшерүүнүн бир нече топтому каралган. Алардын катарына базалык, терапиялык, ошондой эле ар кандай курактагы эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө топтомдор кирет.
Тандалган топтомго жараша медициналык текшерүү дарыгерлердин консультацияларын, лабораториялык анализдерди, аспаптык изилдөөлөрдү жана ден соолуктун негизги көрсөткүчтөрүн баалоону камтыйт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк дарыгер корутунду чыгарып, ден соолук тобун аныктайт жана зарыл болгон учурда мындан аркы медициналык көзөмөлдүн тартибин сунуштайт.
Медициналык текшерүү акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өздөрүнө ылайыктуу топтомду өз алдынча тандап, анын акысын төлөшөт. Пилоттук долбоордун алкагында текшерүү топтомдорунун баасы 2 029 сомдон 3 886 сомго чейин түзөт.
Check-up текшерүүсүнөн өтүү үчүн № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун каттоо бөлүмүнө кайрылып, профилактикалык медициналык текшерүүдөн өтүүгө келгенин билдирүү зарыл. Медицина кызматкерлери катышуучуларга багыт берип, белгиленген алгоритмге ылайык тиешелүү кабинеттерге жөнөтүшөт.
Калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн төмөндөтпөө максатында, № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна катталган тургундарды кабыл алуунун кадимки тартибин сактоо менен, кызматкерлер алдын ала түзүлгөн график боюнча кабыл алынат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын эсепке алуу жана аналитикалык отчеттуулукту түзүү үчүн «Sanarip Clinic» маалыматтык системасындагы Check-up санариптик модулун колдонуу каралган.
Пилоттук долбоор аяктагандан кийин анын жыйынтыктарына, иш жүзүндөгү чыгымдарга жана текшерүүлөрдү уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүү пландалууда. Алынган маалыматтардын негизинде Check-up текшерүү топтомдору үчүн бирдиктүү прейскурантты түзүү жана профилактикалык медициналык текшерүүлөрдүн моделин мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар даярдалат.
