Министр Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында өтө турган «С5+1» министрлер жолугушуусуна катышат
2026-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтө турган «С5+1» форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат.
Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы катышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат.
