Мунара Нуралиева, ишкер айым: «Сапатсыз тамактар ишкерликти баштоомо түрткү болду»
Жыл өткөн сайын адамдар сапаттуу, табигый жана чыныгы пайдалуу тамак-ашка басым жасап, мындай азыктардын баалуулугу артып барат. Элибиз таза даамдарды тандап, курсакты тойгузуп эле койбой, денени азыктандырган тамактарды таанып-билип алышса экен деген тилек менен ушул маекти сунуштайбыз. Мунара айымдын өндүрүштөгү табылгасы улутубуздун саламаттыгына салым кошот деген ишеничтебиз. Буудайдын жашыл ширеси тууралуу кызыктуу маалыматтар ушул маекте.
– Алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?
– Мен Нуралиева Мунара, Чаткалдын кызымын, Кочкор районунун келинимин. Алты баланын энесимин. Учурда үй-бүлөбүз менен Бишкек шаарында жашайбыз. Балдарымды тарбиялоо менен катар ишкерлик менен алектенем.
– Ишкерликтин өзгөчө түрү менен алектенет экенсиз. Жашыл шире деген эмне?
– Ооба, биздин өндүрүш элге эми гана таанылып баштаган тармак десем болот. Биз буудайды өндүрүп, анын жашыл чөбүн сыгып, шире чыгарабыз. Бул ширени суусундук эмес, ден соолук үчүн пайдалуу азык деп түшүнсөңүздөр болот.
Буудайдын жашыл ширесинин курамынын 70 пайызын хлорофилл түзөт. Ал хлорофилл ичегилерди жана канды тазалоодо чоң роль ойнойт, инсулиндин, коллагендин жетиштүү бөлүнүп чыгышына жардам берет. Хлорофиллди «жаштыктын эликсири», «жашыл кан» деп да аташат. Анткени ал организмди тазалап, жашартып, жаңылап гана койбостон, 12 түрдүү витаминди, 92ге жакын макро жана микроэлементтерди өзүнө камтыйт.
Жөнөкөй тил менен айтканда, катардагы жашылча-жемиштерден алчу витаминдерге караганда буудайдын жашыл ширесинен 7–8 эсе көп пайдалуу зат алып, тез натыйжага жетебиз. Ушундай күчтүү курамы менен иммунитетти мыкты көтөрөт.
– Мындай шире чыгарууну кайдан билип, кантип колго алып калдыңыз?
– Бул ишти мен эмес, ишкерлик мени тандады десем болчудай. Негизи узак жылдар Москвада жашап, ошол жактан балалуу болуп, эмгектенип жүрдүк. Москвада тамак-аштардын басымдуу бөлүгү табигый эмес, андан калса күн нуру да жетишпейт. Ошол себептенби, кышкысын балдарым көп оорушчу.
Башыбызга баш кошулуп, балдарыбыз көбөйгөн соң мекенибизге кайтууну чечтик. Мунун башкы себептеринин бири – балдарыбызды сапаттуу тамак-аш менен багып, чың ден соолукта чоңойтуу болду.
Кыргызстанга келген соң айылда эмес, Бишкекте жашоого туура келип калды. Тилекке каршы, биздин борбордо деле тамак-аш көйгөйү актуалдуу экен. Биз ойлогондой баары сапаттуу, табигый болбой калды. Жашылчаларды өзүбүздүн дыйкандар өстүрөт деген менен, дары-дармектер, химиялык каражаттар колдонулуп, витаминдүүлүгү төмөн экен. Айтор, кайра эле баягы маселеге кептелип, мурдагыдан бетер сыркоолоп, ооруканага каттап калдык.
Ден соолугума байланыштуу бир ден соолукту чыңдоочу борборго бара баштагам. Ошол жерден таанышкан эже: «Менде бир жашыл шире бар, эч жакка деле жарнама кылбайм. Негизги кардарларым орустар, корейлер. Ошол ширеден алып ичип көрбөйсүңбү?» – деп сунуштап калды.
Макул болуп, алып иче баштадым. Алгачкы натыйжа – ич катуу маселесинен арылганым болду. Ага катар иммунитетим бекемделип, күч-кубат пайда болду, гемоглобиним көтөрүлдү. Жакшы натыйжа алган соң буту ооруган кайненеме, ичинде мите курт бар делген балама да ичирип, натыйжага жеттик.
Ошентип, үй-бүлөбүз менен баарыбыз иче баштаган кезде акча каражатынан кыйнала баштадык. Ошондо эжеге абалымды түшүндүрүп: «Мага бул ширени даярдаганды үйрөтүңүзчү», – дедим. Эже бирге иштешүүнү сунуштады. Ошентип, ишкерликке биринчи кадам таштагам.
– Азыр да чогуу иш алып барасыздарбы?
– Эже экөөбүз бирге ижарага орун алып, жабдууларды алып, чогуу өстүрүп, ал мага үйрөтүп, жакшы иштеп баштаганбыз. Ошол маалда мен кош бойлуу болуп калып, ишти токтотууга туура келди. Эже дагы өз себептери менен ишти алып кете албай, бир жылдай шире чыгара албай калдык.
Бирок өзүбүз шире чыгарбай калган учурда да мен бул ширени ичүүнү токтотпой, башка өндүрүшчүлөрдөн алып ичип жаттым.
Кийин жолдошум ширеге болгон суроо-талап кандай болгонун сурап, кызыгып калды. Мен аны элдин баарына жеткиргим келгенин, бирок ишти алып баруу жалгыз адамга оор экенин, аз өндүрүм менен кардарларды жеткиликтүү тейлей албай калганыбызды айтып бердим.
Ошондо жолдошум: «Элдин кызыгуусу болсо, чоң өндүрүш катары ишке киргизели», – деп колдоо көрсөтүп, үй-бүлөлүк иш катары кайра колго алдык. Учурда жолдошумдун жетекчилиги менен иштейбиз. Өндүрүшүбүз «Витадаам» деген аталыш менен элге таанылып калды.
– Ишти кайрадан жандандыруу жеңил эле болдубу?
– Алгач TikTok'ко бир-эки видео чыгардык, аябай жакшы кетти. Кардарлар бир айга чейин кезекке туруп, алдын ала ээлеп коюу үчүн акча которуп, ишибиз аябай жакшы башталды.
Элдин табигый азыкты баалаганы бизге чоң дем берип, эргүү менен иштей баштадык. Бирок масштабга чыгуу үчүн өзүбүздүн каражатыбыз жетишсиз эле. Инвесторлорду тартып, ишибизди туруктуу кармаганга аракет кылдык.
Иштин эң оор бөлүгү өндүрүү эмес, элге бул азыктын баалуулугун жеткирүү, түшүндүрүү болду. Иштеп жатканыбызга быйыл үч жыл толду. Кудайга шүгүр, азыр бир нукка түшүп калдык.
Кыргызстандын бардык аймактарына жеткиребиз, чет өлкөгө алып кеткен кардарларыбыз да бар. Өндүрүшүбүз имараттын ичинде болгондуктан, жай-кыш дебестен тынымсыз иштей беребиз. Витаминдери сакталгандай атайын ыкма менен тоңдуруп, кардарларга жеткирип беребиз.
– Негизинен кимдерге сунуштайт элеңиз?
– Жогоруда айтып өткөндөй, ширенин пайдасын өзүбүз көрүп, анан гана элге алып чыкканбыз. Балдарым алты айынан баштап эле иче башташат. Өзүм кош бойлуу кезде да, бала эмизүү учурунда да ушул витаминдүү ширени ичем, кошумча витаминдерди албайм.
Кайненем, апам дайыма ичишет. Жолдошумдун денесине кайра-кайра чыга берген жаралары бар эле. Ал да ичип жүрүп, жаралары чыкпай калды.
Ошондуктан бул ширени эки жаштагы балдардан баштап ар бир адам ичип, ден соолугун чыңдаса экен деп каалайм. Негизи ооруп кала электе ичүүнү сунуштайт элем. Бирок бизде көпчүлүгү ооруп калгандан кийин гана ден соолугуна кам көрө башташат эмеспи.
Азыр бизге көбүнчө кан басымынан, кант диабетинен жабыркагандар, анемиясы барлар, ич катуунун азабын тарткандар кайрылышат. Дары сыяктуу бир жерине жагып, башка органына зыян кылып коёт деген коркунучу жок. Болгону ашказанында ачык жарасы барларга сунуштабайбыз.
– Ишкерликти таштап салгыңыз келген учурлар болобу?
– Балдарым кичине кезде жакшы эле кыйналдым. Бирок кайнене-кайнатам менен чогуу жашап, алар каралашып, колдоп тургандыктан ишти жөндөп жаттым. Жолдошум да дайыма жанымда болуп, негизги жоопкерчиликтерди өзүнө алган.
Ишкерлик кызык эле – жаш баладай бөпөлөп караш керек. Бир жерин оңдоп-түзөсөң, экинчи жери бузулуп, сынып, чыгымдар боло берет. Ошентип жатса да, эч таштап сала албайсың. Дайыма жакшырткың, алдыга жылдыргың келе берет.
Ал турсун чоң максаттарды коёсуң. Ушуну менен чектелип калбай, ден соолукту чыңдоочу жай ачып, элибиздин саламаттыгына сапаттуу тейлөө көрсөтсөк деген тилегибиз бар.
