Алина Молдокеева: «Евразиячылык – Евразия элдерин бир тектүү маданияттарынын негизинде бириктирүүчү күч»
Азия жана Чыгыш Европа элдеринин маданий-тарыхый жалпылыгы күчтүү бириктирүүчү саясий күчкө айланышы мүмкүн. Бул идеяны ХХ кылымдын башында орус философу Николай Трубецкой айткан, аны эл аралык «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму (АНО) ишке ашырууда. Бул уюмдун Кыргызстандагы максаттары жана милдеттери жөнүндө координациялык кеңешинин мүчөсү Алина Молдокеева айтып берүүнү чечти.
– «Евразиячылык» жана «Евразия» деген сөздөр азыр баарынын оозунда жүргөнү менен, анын маанисин эске салып коюу ашыкча болбос. Биринчиси евразиялык континенттеги бир топ өлкөлөрдү алардын жалпы тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүнүн негизинде бириктирүүгө багытталган идеялык-дүйнөтаанымдык жана коомдук-саясий кыймылдын аталышын билдирет. Экинчиси жөн гана планетанын эң чоң материгин эмес, ошондой эле көптөгөн элдердин белгилүү бир маданий-тарыхый жалпылыгын айтып жатат.
– Бирок евразиячылык бүгүн эле пайда болгон жок да, андан алда канча мурда – өткөн кылымдын жыйырманчы-отузунчу жылдарынын чегинде, биринчи толкундагы орус эмиграциясынын арасында пайда болгон. Сиздин оюңузча, эмне үчүн анын тарапташтарынын саны дал азыр, XXI кылымда, постсоветтик мейкиндикте өсүүдө?
– Анткени КМШда жалпы чакырыктардын жана коркунучтардын алдында биригүү зарылчылыгы келип чыкты, бул КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгү жана алардын жакын чет өлкөлөрдөгү кошуналары үчүн бирдей актуалдуу. Маалыматтык технологиялар доорунда бардыгы үчүн жагымдуу идея гана бириктирүүчү фактор боло алат. Евразиялык идеянын жагымдуулугу анын кандайдыр бир күчтүү улуттун же алдыңкы таптын тегерегине эмес, кылымдар бою калыптанган жалпы салттардын негизинде биригүүгө чакырганында. Бул умтулуу пикир алмашууга жана диалогго алып келет, анда ар кандай көз караштардын синтези пайда болот. Ушундай талкуулар үчүн дискуссиялык аянтча түзүү – биздин «Евразия» Автономдук коммерциялык эмес уюмунун алдына койгон биринчи максаты. Ошондуктан биз көптөгөн кыргызстандык окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн жана журналисттердин демилгесин колдоп, Евразия, евразиячылык жана Евразиянын алкагында өз ара аракеттенүү темалары талкууланганда эксперттик коомчулуктун да, жөнөкөй жарандык коомдун да өкүлдөрү туш болгон көйгөйлөрдү конкреттүү көрсөтүү үчүн тегерек столдордун сериясын өткөрүүнү чечтик.
– Бүгүнкү күндө эксперттердин талкуусун билдирген «тегерек стол» түшүнүгүн биринчи жолу 1150-жылы XII кылымдагы англо-норманд акыны Роберт Вас колдонгону тууралуу аз эле адам ойлонсо керек. Ал кадыр-баркы жана наамы боюнча бири-бирине тең келген рыцарлардын жыйынын ушундай атаган. Мындай жолугушуунун бир дагы катышуучусунун ар-намысына шек келтирбөө үчүн, алардын баарын тегерек столго отургузуп, ошону менен алардын теңдигин көрсөтүшкөн. Сиз өзүңүздүн талкууларыңызда бул принципти карманасызбы?
– Дал ушул себептен улам биз жолугушууларды баяндамалар менен чыгуу форматында эмес, эркин пикир алмашуу форматында уюштурууга аракет кылып жатабыз – бул жерде кандай көйгөйлөр бар экенин жана биз эмнеге умтула аларыбызды аныктоо үчүн. Биз Кыргызстан жана башка постсоветтик республикалар эгемендүүлүк алгандан берки 30 жылдан ашык убакыттан бери актуалдуу болгон темалардын чөйрөсүн эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен талкуулоого багытталган гранттык долбоорду демилгеледик. Ошону менен евразиячылдык идеяларын сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да колдогондордун баарын бириктирүүнү көздөп жатабыз. Айтмакчы, таң калыштуусу, мындай адамдар бир караганда көп көрүнгөнү менен андан алда канча аз. Көбү батыш идеялары менен жашашат, бирок ушул жерде, кыргыз жеринде жашап, биздин атамекендик маданиятыбыздын коюнунда чоңоюшкан. Евразия элдеринин маданиятынын көптөгөн маданий коддорун жана стереотиптерин өздөштүрүшкөн, бирок ага карабастан таптакыр башка багытты карманышат. Бул көңүлдү оорутат. Мындай болбошу үчүн Кыргызстанга жана Евразиянын башка өлкөлөрүнө кызматташуунун жаңы форматын түзүүгө жардам бере турган пикирлештердин бир жамаатын түзүүнү каалайбыз жана бул биздин дымактуу максатыбыз.
– Тегерек столдоруңуздар канча убакытта бир өткөрүлүп турат?
– Айына эки жолу, башкача айтканда, эки жумада бир жолу үзгүлтүксүз өткөрүп турабыз. Ошондой эле ар бир тегерек стол белгилүү бир кесиптердин, ишмердүүлүктөрдүн өкүлдөрүн чогултат. Мисалы, жакында эле биринчи тегерек столубуз болуп өттү, ага журналисттерди, блогерлерди, бир сөз менен айтканда, медиа мейкиндигинин өкүлдөрүн чогулттук. Кийинкиси тарыхчылар туш болгон көйгөйлөрдү изилдөөгө жана талкуулоого арналат. Евразия жана евразиячылык деген эмне экенин тарыхтын көз карашы менен карап көрүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле күч структураларынын, саясат таануучулардын өкүлдөрү менен жолугушууларды пландаштырдык. Өзгөчө алардын темаларын терең изилдеген адамдарды тартууну каалайбыз.
– Тегерек столдордон тышкары, жакынкы убакка дагы кандай пландарыңыз бар?
– Чынында, «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюму – жакында бир жыл боло турган абдан жаш уюм. Ушул толук эмес жылдын ичинде ал көп нерсени ишке ашырды. Бул таң калыштуу, анткени Шериктештиктин бир дагы республикасы муну толук кандуу ишке ашыра алган эмес. Ал эми биз муну жасайбыз, ар кандай долбоорлорго 11 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Кыргызстан биздин уюмдун ишине активдүү катышып жатканына кубанычтамын жана биздин уюм менен кызматташуунун алкагында өлкөгө алыскы аймактардагы балдар үчүн мектеп автобустары алып келинди. Ошондой эле, биздин кызматташуунун алкагында «Евразия лидерлери», «Евразия элчилери», «Евразия – мүмкүнчүлүктөр континенти» сыяктуу көптөгөн долбоорлор жана гранттык программалар ишке ашырылууда. Мугалимдер үчүн өзүнчө иш-чаралар өткөрүлөт, мисалы, тарых, орус тили мугалимдери, дарыгерлер жана башкалар. Башкача айтканда, гранттык программаларды ишке ашыруунун сегиз багытын бөлүп көрсөтүп, ар кандай профилдерди камтууга аракет кылып жатабыз. Алардын популярдуулугу өсүүдө, барган сайын катарыбыз жаңы катышуучулар менен көбөйүүдө. Жеке адамдар үчүн уюм бир миллион рублга чейин, коммерциялык эмес уюмдар үчүн үч миллионго чейин каржылоону сунуштайт. Бул коомдун жашоосун жакшыртууга жөндөмдүү максаттарга багытталат.
– КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери, жолугушуу аянтчаларында, сейрек учурларды эске албаганда, негизинен орус тилинде сүйлөшөт. Тарыхый жактан орус тили улуттар аралык пикир алышуу тили болуп калыптанган, бирок жалпысынан алганда, алар англис тилинде деле пикир алышса болмок. Сиз постсоветтик мейкиндиктеги орус тилинин ролуна кандай баа бересиз?
– «Евразия» үчүн бул багыт, орус тилин өнүктүрүү жана ага байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруу – артыкчылыктуу багыт. Ошондуктан, биз дагы сиздерди кызматташууга чакырабыз жана орус тили жана адабияты багытында берилген гранттык арыздар абдан активдүү колдоого алынат. Эгерде «Евразия» жөнүндө өзүнчө, уюм жөнүндө өзүнчө жана «Евразияда» түзүлүп жаткан коомчулук жөнүндө өзүнчө айта турган болсок, биздин жумушчу тилибиз – орус тили.
– Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүү жана сактоо боюнча азыр кандайдыр бир конкреттүү чаралар пландаштырылганбы?
– Эгер сиз жаңылыктардан кабардар болсоңуз, анда «Евразия» линиясы боюнча, биринчиден, Евразиялык педагогикалык кеңеш түзүлгөнүн уксаңыз керек, анын алкагында орус тили жана адабияты мугалимдеринин эки форуму Москвада өттү. Мындан тышкары, жер-жерлерде дагы кандайдыр бир тренингдер өткөрүлүүдө. Андан тышкары, өлкөлөр менен тыгыз байланыш түзүлүп, өлкөлөрдүн суроосу боюнча, атап айтканда, Кыргызстан менен Россиядан орус тили мугалимдери аймактык мектептерге жөнөтүлө тургандыгы тууралуу келишим түзүлдү. Алар келип, орус тилинен сабак беришет. Балким, аймактык мектептердин мугалимдери үчүн кандайдыр бир жаңы өзгөрүүлөр менен тренингдерди өткөрүшөт. Тил – бул тирүү нерсе, ал өзгөрөт, Советтер Союзунун аймагында болгон тил менен бүгүнкү орус тили бири-биринен айырмаланат.
– Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн кайсы ЖОЖдору менен кызматташасыздар?
– Кандайдыр бир ЖОЖдордун саны менен чектелбөөгө аракет кылабыз. Биздин уюмдун түзүлгөнүн бир жылдыгына арналган форумга Кыргызстандын бардык ЖОЖдорунун жетекчилери чакырылган. Келечекте алардын баары менен иштешүүнү пландаштыруудабыз.
– Ал эми россиялык ЖОЖдор чакырылгандардын тизмесине киргенби?
– Россия «Евразиянын» катышуучусу катары, албетте, бул ресурстарды активдүү колдонот. Мисалы, «Евразиянын» долбоорлорунун бири «Тармактуу университет» долбоору Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун аймагында ишке ашырылууда. Башкача айтканда, «Евразия» долбоорлорун ишке ашыруу үчүн эң мыкты аянтчалар, эң мыкты университеттер бар.
– Сиз уюмуңуздун жакынкы максаттары жана пландары жөнүндө айтып бердиңиз. Стратегиялык максаттарыңыз менен да бөлүшө аласызбы?
– Өткөн жылы коомчулукка бир жылдык пландарыбызды жарыялаганбыз, азыр мен алардын сөз жүзүндө гана калып кетпегенине таң калып да, кубанып да турам. Уюм пландаштыргандан да көп нерсе жасады десек болот. Бул жылга дагы өтө көп пландар бар. Албетте, артыкчылыктуу багыт – Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо. Атап айтканда, Евразиянын бардык өлкөлөрүндө ишке ашырыла турган «Жеңиш 945» долбоорун ишке ашырып жатабыз, анын алкагында, Кыргызстанда Коргоо министрлиги жана башка бир катар мекемелер менен тыгыз байланыш түзүлдү. Жеке адамдар үчүн иш-чараларды өткөрүүгө гранттык арыздарды кабыл алуу ачык. Биздин уюм узак жана татаал жолдун башталышында турат. Ал эми биздин стратегиялык милдетибиз – евразиялык континенттин элдерин алардын маданиятынын органикалык биримдигинин принциптеринде бириктирүү.
Маектешкен Андрей Токомбаев
