Эко-активист:  Кутулган троллейбустарга дагы деле акча төлөп жатабыз
14 сентябрь

Эко-активист: Кутулган троллейбустарга дагы деле акча төлөп жатабыз

Бишкектеги 100 троллейбус Ош шаарына өткөрүлүп берилди. Борбор калаанын мэриясы жакынкы убакта троллейбустарды толугу менен автобустарга алмаштырууга ниеттенүүдө. Мындай чечимдин кандай терс жактары бар? Бул тууралуу “Караван-Инфо” редакциясына анатилик, #БишкекСмог демилгесинин уюштуруучусу Бермет Бөрүбаева айтып берди. 

- Экологиялык активисттер Бишкектеги троллейбустарды жок кылуу аракетине каршы чыгышууда, эмне себептен? 

- Ооба, эко-активисттер жана айрым шаардыктар троллейбусту жок кылууга каршы. Жай бою шаар тургундары борбор калаада эң бир экологиялык транспорт сакталып калышына жан үрөштү. 19-июнда шаар кызматы Байтик Баатыр көчөсүндөгү зымдарды алып, аны менен шаарды магистралдык троллейбустук каттамдарсыз калтырды. 1951-жылы шаар тургундарына республиканын юбилейинин урматына троллейбустар белекке келген экен, а бул жылы өлкөнүн түптөлүшүнүн 100 жылдыгына карата Киев көчөсүндөгү да зымдардын жарымы алынды. Бул боюнча эч кандай тийиштүү документтерди көрсөтүшкөн жок. 

Тургундардын шаар тургундары үчүн күрөшүүсүнүн үч башкы себеби бар: 

Биринчи, баарыңыздар байкаган болушуңуздар керек, троллейбуссуз шаардагы транспорттук кырдаал бир топ начарлады, транспорттук коллапс күн сайын адамдар жана инфраструктура үчүн кыйынчылык жаратууда. Азыр мэрия шашылыш түрдө троллейбустардын каттамын газ менен жүргөн автобустарга алмаштырганга аракеттенип жатат. Бул өзүнө өзү нонсенс. Башка каттамдагы автобустарды троллейбустардын ордуна алып келип, анын айынан шаардын башка аймактарындагы тургундары коомдук транспортсуз калууда. 

Биз Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан троллейбустарды сатып алууга жалпы суммада 23,5 миллион доллар кредит алганбыз. Аны ушул убакка чейин төлөп бүтө элекпиз, эксплуатация мөөнөтү аягына чыга элек, бирок ага карабай ал троллейбустарды фураларга жүктөп Ош шаарына жеткирип салышты. 

Ошто эки линия бар, учурда алар 2018-жылы алынган кредит аркылуу толук камсыздандырылган, а 2022-жылы жаңы троллейбустарга кредит алганбыз, ошондуктан шаар тургундарынын кызыкчылыгына каршы келген аракеттер менен каражаттарыбызды көз көрүнөө асманга ыргытууга зарылчылдык жок. Ошондой эле кредитке алынган мүлктү банктын макулдугу менен гана башка жакка берүүгө болот, мындай нерсе жасалган жок, демек мыйзамга каршы келет. 

Үчүнчү себеби, албетте, бул экология. Транспорт чыгарган ыш жана РМ 2,5 терс заттар  жүрөк-кан тамыр, өпкө ооруларына түз таасир берет, ракка алып келет, абанын булганышы оор кесепеттерге жеткирет. А троллейбустар так ушул маселени чечишет, анткени алардан атмосферага зыяндуу заттар чыкпайт, бул толугу менен углеродсуз, эң бир экологиялык коомдук транспорт. Демек, абанын булганышы боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунга чыккан азыркыдай экологиялык оор кырдаалыбызда аны жок кылуу эмес, көбөйтүүгө аракет жасашыбыз керек. 

-  Жаңы алынып келип жаткан автобустардын экологияга тийгизген таасири канчалык? 

- Эл аралык иликтөөлөр боюнча троллейбус эң бир экологиялык жана үнөмдүү транспорт болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк банктын сунуштарына ылайык, абанын булганышына байланышкан маселени чечүүдө углеродсуз транспортко, демек троллейбуска өтүү керек. Троллейбус бул электомобиль эле да, болгону жеке эмес, жамааттык транспорт. “Муруту” аркылуу зымдарга түз байланып, жергиликтүү электр энергиясы менен камсыздалат, бул анын катуу суукта да иштөө жөндөмдүүлүгүн жаратат. Күйүүчү майдын импорттук түрү болгон газ менен иштеген кытай автобустары тууралуу мындай нерселерди айта албайсың. Алардан РМ 2,5 зыяндуу заттар бөлүнүп чыкпаган учурда дагы, газдын өзү адамдын ден соолугуна зыян келтирчү химиялык заттардан турат. Мындай алмаштыруу экологиялык жана транспорттук кырдаалдын начарлашына алып келет. Аны биз азыр эле байкап баштадык, убакыттын өтүшү менен дагы да начарлайт. Ошондуктан абанын булганышын азайтууну кааласак, келечекке бир гана троллейбустар менен барышыбыз керек.