Таттыбүбү Турсунбаеванын уулу Канат Эшимбеков: «Апамды тасмадан көргөндө эле ыйлап баштайм»
23 июнь

Таттыбүбү Турсунбаеванын уулу Канат Эшимбеков: «Апамды тасмадан көргөндө эле ыйлап баштайм»

Кыргыздан чыккан таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева заманыбыздын ар бир мууну үчүн кызыгуу жараткан улуу инсан. Убакыттын өтүшү менен легендага айланып бара жаткан Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу айтылган ар бир сөз баалуу эмеспи. Биз бул ирет актрисанын баласы Канат Эшимбековду маекке тартып, апасы тууралуу кенен айтып берүүсүн сурандык.

– Канат мырза, кыргыздын таланттуу айымы Таттыбүбү Турсунбаеванын баласы болгонуңуз сиз үчүн сыймыкпы?

– Албетте, апам менен абдан сыймыктанам. Азыр кайсы жерге барбайын менин Таттыбүбү Турсунбаеванын баласы экенимди билгендер «сенин апаңды баалайбыз, жакшы көрөбүз» деп жакшы сөздөрүн айтышат. Мен кубанып, аларга ыраазы болуп калам. Ошону менен бирге атам Имаш Эшимбековду дагы баалагандар көп.

– Апаңыз сизге кандай эне эле?

– Ал абдан ак көңүл, боорукер, анан жумшак жан болчу. Дайыма шайыр-шатман жүргөндү жактырчу. Биз менен дайыма тамашалаша берчү. Балдарына тийиштүү деңгээлде мээримин төгүп, түрдүү тамак жасап берип баарына жетишчү. 

– Кайсы тамагын сүйүп жечү элеңиз?

– Апам бизге дайыма камырын өз колу менен чоюп, абдан даамдуу кылып лагман жасап берчү. Ошол тамагын сүйүп жечүбүз. Андан сырткары манты, беш бармак сыяктуу тамактарды мыкты жасачу. Жумуштан чарчап келген учурда дагы тамак жасагандан такыр эринчү эмес.

– Бала кезинӊизди эстегенде кайсы учурлар көз алдыңызга тартылат?

– Апам үйдө олтурган эмес. Жумушун абдан сүйчү. Күн сайын эртеў менен бизди бала бакчага алып барып коюп атам экөө театрга кетишчү. Экөө жумуштан бошобой калган учурларда бизди туугандарыбыз карашчу. Көбүнчө апам жанына Асел эжем экөөбүздү ээрчитип алчу. Биз бала кезибизден гастроль, театрда жүрүп, залкар таланттарды көрүп чоңойдук. Бирок, ошондо бала экенбиз да, апамдын роль ойногонун көрбөй ары-бери чуркап жүрө берчү экенбиз. Апамдын арты менен мен дагы «Уркуя», «Сүйүү жаңырыгы» аттуу тасмаларга тартылып калгам.

– Атаңыз менен апаңыздын бактылуу турмушу канча жылдан кийин бузулган?

– Апам менен атам тогуз жылдай бирге жашап, анан ажырашып кетишти. Асел эжем апам менен бул жакта калган, атам мени өзү менен Ошко алып кетип калды. Мен ал жакта атам менен бир жарым жылдай жашадым. Андан кийин атам мени Бишкекке алып келди. Мен кайрадан апамдын колунда болуп калдым. Атам болсо белгилүү актриса Жамиля Сыдыкбаевага үйлөнүп, аны менен жашап калган. Анан эле көп өтпөй, тактап айтканда, мен 5-класста окуп жатканымда апам капысынан ооруп калып, дарыгерлер ооруканага алып кетишкен. Ооруканага жаткан ошол эле күнү биз барсак көңүлү ачык болчу. Бизди жаркылдап тосуп алып жакшынакай эле сүйлөшүп олтурган. Анан эртеси күнү эрте менен мектепке барып сабакта олтурсам апамдын кичүү иниси Иманаалы таякем келип, бизди сабактан алып чыгып «үйгө барышыңар керек» деди. Үйгө келип тепкичтен чыгып бара жатсак 4-кабатта атам турган экен. Ал ыйлап жиберди, анан баарын түшүнүп калдым. Ошентип, күтүүсүздөн апамдан айрылып калганбыз.

– «Актрисанын өлүмүнүн себеби белгисиз бойдон калган» деп келебиз. Сиз бойго жеткенде ушул нерсени изилдеп көрдүңүзбү?

– Чынын айтсам, мен айтылган ар кандай сөздөргө ишенбейм. Апам тууралуу ар кандай сөздөрдү уккум келбейт, Асел эжеме дагы «укпа» деп айтам. Апам жакшы актриса болуп, кино, театр искусствосуна  зор салым кошуп кетти. Эми апамды кандай болгон күндө дагы кайрый албайбыз. Ошондуктан, ал кандай болсо ошол бойдон эле эскерип жүрсөк, апамдын арбагын тынч койсок дейм. Баарын Жараткан гана таразалайт. 

– Апаңыз каза болгон учурда өспүрүм куракта экенсиздер, кийин кимдин колунда калдыңыздар?

– Апам каза болгондон кийин атам үй-бүлөсүнө барып-келип биз менен жашап калды. Атамдын Жамиля эжемден дагы Бакуля деген кызы бар эле, ал дагы бир тууган болуп биз менен өстү. Жамиля эжем дагы үйгө келип турчу. Атам бизди эч нерседен кем кылбай, ата мээримине бөлөп бакты. Апамды абдан сүйгөн экен, өмүрү өткөнчө сүйүп жашады. Олтуруп алып апамды эстеп ырдап калчу эле. Бирок, атам деле апам каза болгондон кийин көп жашаган жок, он жылдан кийин, 51 жашында каза болуп калды. Ошол учурда менин студент курагым эле. Атам болсо Токмоктун үстүндөгү Кегети совхозунан жер тилкесин алып, мага «ошол жерге там салайын, кийин барып рахмат айтып жашайсың» деп кеткен эле. Анан кечинде эле атамдын бир туугандары телефон чалышып, «катуу ооруп жатат, келгиле» деп калышты. Мен дароо эле бир нерсе болгонун сездим. Барсак инфаркттан каза болуп калган экен. Атамдын андан мурунку эки жылдай аралыкта жүрөгү бир аз ооруп жүргөнү болбосо, ден соолугу жайында болчу. Өзү деле эрте менен эрте туруп чуркап, тың жүрчү. Атамды жашоо-турмуш бир аз кыйнап койду окшойт. Ошондон тарта Асел эжем экөөбүз эле калдык. Атамдын экинчи никеси Жамиля эжем менен болсо азыркыга чейин жакшы катышып жүрөм.

– Атаңыз дагы, апаңыз дагы таланттуу адамдар, сизде дагы чыгармачылыкка болгон шык барбы?

– Ооба, ата-энебизди тартып эжем Асел экөөбүздө тең талант бар. Айрыкча, эжем абдан таланттуу. Менде дагы бир аз бар, бирок, мен тартынчаакмын. Ошентсе деле атам ал тармактын түйшүгүн тартып калгангабы, бизге «актёр болом десеңер башыңарды жулуп алам» деп айтып, абдан каршы болчу эле (күлүп). Эсимде, мен аскерде кызмат өтөп жүргөнүмдө Асел эжем мага «Ленинграддан атайын коммисия келип, таланттуу кыздар-балдарды тандап жатышат. Менин дагы актриса болгум келет» деп кат жазып жибериптир. Мен «сен актриса болгонду абдан каалайсыңбы?» деп жазып жиберсем «ооба» деген жооп келди. Анан мен атам менен сүйлөшүп, андан уруксат алып бергем. Асел эжем барып окуп келип, баарыңыздар билгендей киного түшүп калган. Андан кийин турмушка чыкты, ошондон бери балдарын тарбиялап үйдө олтуруп калды.

– Өзүңүз кайсы кесиптин ээси болдуңуз?

– Атам айыл-чарба институтуна окууга киргизип койгон. Ал жакта окуп жүрүп армияга кетип калдым. Кийин кызмат өтөп келип медициналык институтта окуп, тиш доктурлук кесиптин ээси болдум. Ал кесибим менен тиш доктур болуп беш-алты жыл иштедим. Ошол учурда үйлөнүп калган элем, айлык акым үй-бүлөмдү бакканга жетпей калды. Анан досторумдун сунушу менен бизнес жаатына өтүп кеткем. Учурда деле бизнес менен алектенип жүрөм.

– Балдарыңызга чоң апасы тууралуу айтып бересизби?

– Ооба, айтып берем. Алар баарын жакшы билишет. Мектептен чоң апасы тууралуу окугандарын сыймыктануу менен айтып келишет. 

– Балдарыӊыздын арасында таланттуулары барбы?

– Кан деген тартпай койбойт экен, баарында талант бар. Кызым өзгөчө таланттуу, келбети да апамды элестетет. Чоң апасындай назик, ак көңүл кыз. Көргөндөр дагы «чоң апасына окшош экен» деп калышат.  

– Апаңыз тартылган тасмаларды көрүп турасызбы?

– Мен жанымда эч ким жок болгондо эле тынч олтуруп көрбөсөм, үй-бүлөм менен бирге узакка олтуруп көрө албайм. Анткени, апамды тасмадан көргөндө эле ыйлап баштайм.