Муратбек кызы Жигдегүл: “Иштеп жатканымда бутумдун жок экенин унутуп коём”
Тагдыр кээде адамды эң оор сыноо менен бетме-бет калтырат. Бирок айрым адамдар бар – алар ошол сыноонун алдында сынбай, тескерисинче, ичиндеги күчтү ойготуп, жашоого болгон сүйүүсүн кайрадан далилдей алышат. Мындан эки ай мурун жол кырсыгына кабылып, бир бутунан ажыраган Жигдегүл да дал ошондой кайраттуу айымдардын бири. Ал башынан өткөн оор күндөргө моюн бербей, бүгүн бир буту менен эле машина айдап, кадимкидей жашоосун улантып келет. Анын кайраттуулугу муну менен эле чектелбей, жакында Анжелика уюштурган “Блогер келин” сынагына катышып, Түркияга жолдомо утуп алды. Биз бүгүн ушул күчтүү айымдын тагдырына жакындан токтолобуз.
“Өз кесибим менен иштебей, сулуулук тармагынан ордумду таптым”
Мен 1998-жылы Алай районунун Таш-Короо айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң кичүүсүмүн. 9-класстан кийин Ош шаарындагы техникалык окуу жайга тапшырып, модельер-дизайнер адистигине ээ болуп чыккам. Бирок эмнегедир кесибим менен иштеген жокмун. 19 жашымда Өзгөнгө турмушка чыгып, келиндик түйшүгүм башталып кетти. Азыр балдарыма, өзүмө кийим тигүү менен эле чектелем. Мени өз кесибимен мурун сулуулук тармагы өзүнө тартып кетти. Биз Москвада көп жашап калдык. Балдарымды удаа төрөп алар менен үйдө отуруп калган кезде алгач кирпикти, анан тырмакты окуп улам бирден үйрөнүп отуруп азыр универсал мастер болуп калгам. Өзгөндүн борборунда сулуулук салонум бар, төрт жылдан бери ошону иштетип келем.
“Бир жашар кызым менен кырсыкка учурадым”
3-наристебизди күтүп сүйүнүп турган күндөрүбүздүн биринде кырсык басып жолдошум камалып кеткен. 2-3 айда бир балдарымды ага жолугушууга алып барып турчумун. Өткөн жылдын 23-ноябрында да бир жашар кызым менен Оштон Бишкекке жолго чыкмак болдум. Негизи мен жолго чыгарда телеграм группадан эле такси таап алчумун. Бул жолу да айдоочу менен телефон аркылуу макулдашып, айткан жерине келсем жаш бала экен. Жүргүнчүлөр жалаң эркек балдар болгондуктан кенен кетесиңер деп кызым экөөбүздү алдыңкы орундукка отургузуп алды. Кызыма ыңгайлуу кылып оң бутумду тизеден бүгүп отурган элем. Бир уктап, бир ойгонуп кетип бараткам. Кырсык болгон учурда түнкү саат 3 болуп, уктап кеткен экенмин. Эч нерсени билбейм. Көрсө, Төө-Ашууга жаңы эле чыгып баратканыбызда биздин айдоочу каршы тилкеден чыккан машинадан качам деп башка унаа менен сүзүшүптүр. Ал унаа чоң болгон үчүн эч нерсе болбоптур да, биздин машина 5-6 жолу тегеренип барып бордюрдан өтүп, арты менен сайылып калыптыр. Менин ошондо эле эсим ооп калганбы, эч нерсени билбейм. Колдорум да бош экен, аны көргөн айдоочу алдымда жаткан кызымды бир колу менен ала коюптур. “Эже, кызыңызды алыңыз”, – деп түрткөндө ойгонуп, бутумдагы ооруну сездим. Өзүмдү унутуп дароо эле кызымды текшерип кирдим. Колу-бутун кыймылдаттым, бети-башын карадым... Баланын периштеси болот деген чынбы, Кудайга шүгүр, кызым сопсоо экен. Ыйлаган да жок. Жол тосуп мени кызым менен Кара-Балтанын ооруканасына салып жиберишти. Туугандарым Бишкекке алып барабыз дешти эле, “чыдабайм” дедим. Эптеп эле бутумдун оорусу басылса экен деп аттым. Ооруканага кирсек, укол сайып таңып берсе жакшы болуп калат деп ойлодум. Мынчалык олуттуу экени оюма да келген жок...
“Бир бутум менен кошо болгон үмүт-тилегим кесилгендей болду...”
Кара-Балтанын врачтары колунан келгенин жасап жатышты. Жылдырганга болбойт деп эртеси Бишкектен кан тамыр хирургиясынан эки врач чакыртып, 12 саат операция жасашты. Тилекке каршы, кан тамырларымдын көп бөлүгү жабыркаган экен, операция жардам бербептир. Эртеси эле кайра операция столуна жатып, эки сааттын ичинде бутумду сандан алдырып чыктым... Бутум менен кошо бардык үмүт-максаттарым кесилгендей болду. Ошол алгачкы күндөр мага ушунчалык кыйын болду. Бутумдун оорусуна жан дүйнөмдүн оорусу кошулуп... ата-энемдин, бир туугандарымдын абалын көрүп андан бетер кыйналдым. Бирок... балдарым, жакындарым үчүн белимди бекем буушум керек экенин түшүндүм. Ошол күндөн таяк колдонууга аргасыз экенимди моюнума алып, ордумдан туруп ары-бери басып, дааратканага өзүм бара баштадым.
“Иштеп жатканымда бутумдун жок экенин унутуп калам”
Ооруканадан ата-энемдин үйүнө чыктым. Баарынан апама кыйын болду. Жанын коёрго жер таппай кыйналат. “Апа, ушуга шүгүр дейли, бир бутум жок болсо да акыл-эсим жайында, тирүүмүн. Кайгырбаңыз, мен буюрса бутума турам!”-десем кадимкидей кайраттанып, бир аз көңүлү ачылып калды. Түлөө бергенден кийин эле кайын журтум алып кетебиз дешти эле, “протез салгыча биз менен болуп турсун” деп атам жөнөтпөдү. Азыр кызымды ата-энем карап жатышат, эки балам чоң энесинин жанында. Дем алыш күндөрү алып кетип жуунтуп-тазалантып, дүйшөмбү күнү мектепке алып барып коём. Элдин баары эле “күйөөң эмне деди? Таштап кетип калбадыбы?” дейт. Ал эмне демек эле? Бул кырсыкка өзү да себепкер болуп калганына бир аз өзүн күнөөлүү сезип жүрөт. Видеодон көрүп абдан жаман болуп ыйлады. “Өзүм алаканыма салып багам” деп айтат. Ал айтканын кылат. Убагында Садыр Жапаровдун ак экенине жубайы кандай ишенсе, мен да жолдошума ошондой ишенем. Азыр анын колдоосуна абдан муктаж болуп турам. Жанымда болсо балдарыбыз да чачырабай чогуу болот элек. Бирок башыбызга мындай сыноо түшкөн соң аны көтөрбөскө да аргабыз жок. Сол бут менен машина айдаганды да үйрөндүм. Машинам менен 40 мүнөттүк жол жүрүп Өзгөнгө жумушума барам, 2-3 клиент тейлеп коюп кайра кетем. Жумушка берилип кеткенде бутумдун оорусу сезилбейт, жок экенин унутуп калам. Ошон үчүн да өзүмдү иштеп алаксытайын дедим. Мени жумушум, балдарым, жакындарымдын колдоосу депрессиядан сактап калды.
“Анжеликанын көңүл буруусуна арзыдым”
Оору менен алышып үйдө жаткан күндөрүмдүн биринде Анжеликанын “Блогер келин” конкурсун уюштуруп жатканын көрүп калдым. Мен баракчама анча-мынча балдарымды чыгарып койгонум болбосо, блог деле алып барчу эмесмин. Бирок негедир ошол конкурска катышкым келди. Бутум бар кездеги эски видеолорумду монтаждап жөнөтсөм, “аудиторияң уктап калган, видеолоруң аз, дагы жакшылап аракет кыл” деген жооп алдым. Бир аз көңүлүм түшүп калды, бирок дагы аракет кылайын деп эжемдин жардамы менен экөөбүз Алайдын кире беришинде ат менен видео тарттык. Балдарыбызды да алып алганбыз, алардын үшүгөнүнө, кетебиз деп ыйлаганына карабай бир күн кечке убара болдук. Ушул эжеме абдан ыраазымын. “Жок” дегенди билбейт, мени кандай кырдаал болбосун колдоп келет. Бул жолу да сөздүн түз маанисинде бутума бут болду. Колума табак кармап сүйлөгөн кадр бар эле. Ошону тартаарда көйнөгүмдүн этегине кирип жамбашымдан сүйөп турду. Ушундай кыйынчылыктар менен тартылган ошол видеобуз көпчүлүктүн көңүлүн буруптур. Катталуучуларым бат эле 500дөн 6 миңге көтөрүлүп кетти. Комментарийлер жаады. Анжелика да реакция кылып, белек катары 20 миң сомдук VIP билетин жибериптир. Келип сыйын көрүп эле тим болбой, Түркияга жолдомо утуп алдым. Жогорку деңгээлде уюшулган бул иш-чарадан өзүмө мотивация алдым, энергия алдым. Сынбашым керек экенин, кемчилигимди артыкчылыкка айландырышым керек экенин түшүндүм.
“Айдоочуга тосмо арыз жазып бердим”
Бул жерде айдоочуну деле күнөөлөй албайм, тескерисинче, ага тосмо арыз жазып бердим. Өзү унаасын насыяга алып оокат кылчу экен, төлөнүп бүтө электе эч нерсеге жарабай калды. Ал да кыйналды. Ооруканада жатканымда дары-дармегимди, тамак-ашымды тынымсыз ташып турду. Чыкканда да, кийин конкурска келгенимде да шаар ичинде ташып жүрдү. Менин атам абдан айкөл адам, “протез тагарда мүмкүнчүлүгүң жетишинче жардамыңды бер, жетпегенин өзүбүз кошуп алабыз” деп койду. Бир эле мен эмес да, арттагы жүргүнчүлөр Өзбекстандын жарандары экен, аларды мекенине жеткирүүдө көп тоскоолдуктар жаралыптыр. Баргандан кийин да оор жаракат алган баланын апасы улам акча сурап жүдөтүптүр. Эми сыноону көтөрбөскө чара жок, төрт айдан кийин протез салынса жашоом жеңилдейт деген үмүтүм бар
