Владимир Шварц: Михаил Фрунзе болбогондо, Кыргызстан азыр Казакстандын бир облусуна айланмак
Алыскы 1925-жылы Кыргызстандын өз алдынча мамлекет катары тагдыры кылдын учуна илингенин: Казакстандын бир облусуна айланып калуу коркунучуна туш келгенин көпчүлүк биле бербесе керек. Советтик полководец жана саясатчы Михаил Фрунзе өлкөбүздүн тагдырына кантип таасир эткенин атамекендик тарыхтын энтузиасты, Санжарбек Данияров атындагы коомдук фонддун изилдөөчүсү Владимир Шварц айтып берди.
– Пишпекте төрөлүп-өскөн Михаил Васильевич Фрунзе – советтик полководец, партиялык жана мамлекеттик ишкер – аз бирок саз жашап өткөн атактуу инсан. Анын үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү таланттуу, билим берүү мекемесин алтын медаль менен аяктаган өтө билимдүү адамдар болгон. Көбүнчө медицина тармагына басым жасашкан – атасы Василий Михайлович Фрунзе фельдшер болгон. Агасы Константин дагы фельдшер болуп иштеп жүрүп, 1916-жылы Семиреченск облусунда калып, Орус-Япон согушуна өз ыктыяры менен аскер врачы катары катышкан. Атасы каза тапкандан кийин үй-бүлө оор абалда калганда Михаил апасына Константиндин алтын медалын сатууну сунуштайт, бирок апасы баш тартат. Ошондо, Михаил мындай дейт: «Мен дагы баары бир ушундай сыйлык алам, менин медалым Костяныкы болот, мен ага берем. Азыр менин медалымды сатып жатабыз деп эсептеңиз».
– Михаил ал убадасын аткарганбы?
– Аткарган, болгондо да эң мыкты аткарган десек болот: Верный шаарындагы гимназияда 12 жашынан окуп баштап, алтын медаль менен аяктаган. Дагы бир кызыктуу факт. Михаил Фрунзе ошол учурдагы пишпектик шаар башчысы Илья Федорович Терентьевдин үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе болуп, алардын уулу менен достошкон. Башкача айтканда, семиречендик революцияга чейинки элитанын чөйрөсүнө кирген. Гимназияны аяктаганга бир жыл калганда досу жана башка жолдоштору менен кыргыз жерине саякатка чыккан, ал үч айга созулган: Верныйдан чыгып Кордайга барышкан, андан ары Боом капчыгайына келишкен. Жөн гана көңүл ачуу үчүн эмес. Михаил ботаник болгусу келсе, досу курт-кумурскаларды изилдеген окумуштуу – энтомолог болууну каалап, алар өздөрүнүн экспедициясын түзүүнү кыялданышкан.
– Михаил Фрунзе полководец эмес, илимпоз, ботаник болуп калышы толук мүмкүн болгон экен да э?
– Жөнөкөй илимпоз эмес, жаркыраган изилдөөчү болмок! Изилдөө турунан кийин, ал досу экөө өсүмдүктөрдүн жана курт-кумурскалардын коллекциясын топтоп, Санкт-Петербургга, кунсткамерага жөнөтүшкөн. Ал жактан аларга: «Балдар, чоң рахмат, иштөөнү уланта бергиле, абдан кызыктуу болууда», – деп айтышкан. А мага, баарынан биринчи тарыхка кызыккан адам катары, ушул факт кызыктуу - бул балдар Боом капчыгайына келгенде «Ой, бул кагыраган таштуу жер турбайбы, эч кандай өзгөчөлүү нерсе таппайбыз. Жакын жерде абдан кооз жер Чоң-Кемин бар деп укканбыз. Бирок ал жакта Шабдан-баатыр Жантаев жашайт», – дешкен. Фрунзенин саякатка чыккан жолдошторунун арасында кеминдик кыргыздардын, манаптардын жана токмоктук старшинанын балдарын дарылаган врачтын уулу бар болгондуктан, саякатчылар ага кат жазышкан, а тиги болсо аларды конокко чакырган. Барып, аныкында бир нече күн жашашкан, коноктор зерикпеши үчүн аларга Шабдандын уулу – кийин Совет учурунда репрессияга кабылган Кемел Шабданов кошулган. Беш күндүк тааныштык учурунда уландар бири бирине абдан жаккан, ошентип, алардын көп жылдык достугу башталган.
– Бул достук Кемелге келечекте жардамын тийгизгенби?
– Мен Россия Федерациясынын Мамлекеттик архивиндеги Кемел Шабдановго карата Совет бийлигинин репрессиялык чаралары тууралуу архивдик документтерди карадым. Биринин арасынан эч жерде катталбаган, жөн гана тиркелип койгон барак таптым. Аны лупа менен карап жатып, бул Кемелдин терме машинкада жазылган каты экенин түшүндүм. Жогору жагында араб тамгалары менен бирдеме жазылыптыр. Жазып жатканда колунун титирегени байкалып турат. Бул кол тамга экенин түшүнгөнүмдөн кийин, аны жакшылап карап жатып Кемелдин автографына кабылганымды билдим. Ал ошол маалда Боткин ооруканасында жаткан Михаил Фрунзеге кайрылыптыр.
– Расмий маалыматтар боюнча, Михаил Фрунзе аталган ооруканада ашказандагы жараны алуу операциясынан кийин, 1925-жылдын 31-октябрында кандын уулануусунан каза болгонун окурмандарга эстете кетсек ашыкча болбос. Кат сизди эмнеси менен кызыктырды?
– Биринчи кезекте кат 1925-жылы жазылган. Ошол маалда Киргизиянын мамлекет катары статусу кабыргасынан коюлган десек болот: анда Россия Советтик Социалисттик Республикасынын курамындагы Кыргыз Автономиялык облус болчу. Бул курамга Казак Автономиялык Республика да кирген, бирок ал аймагы чоң жана калкынын саны көп болгонуна байланыштуу жогорку рангда турган. Иш ушул багытта кеткен: Казакстан дагы РСФСРдин курамынан чыкмак болгон, бирок Киргизия облус катары калган, болгону Казак ССРине кошулган. Ушундай варианттын кубаттоочулары да табылган. Ал адамдар кыргыздар казак элинин бир бөлүгү эле болушаарын айтышкан.
– Мындай талашта Михаил Фрунзе кайсы тарапта болгон?
– Ал бул кырдаалды билген. Бирок Кемел менен жазышкан катында, саясат тууралуу кенедей да кеп козгогон эмес. Кемел мындай деген: «Мени бир туугандарым менен бирге Киргизиядан чыгарып жатышат. Биздин өмүр коркунучта калды, жардам бериңиз». А Михаил Фрунзе саясатчы катары реакция кылган: резолюция жазып, аны СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин (ЦИК) РСФСРден болгон төрагасы Михаил Калининге жөнөтүп, Кемел Шабдановдун катына өзгөчө көңүл буруусун суранган. «Кемел Шабдан контрреволюционер эместигин» белгилеген, андан ары: «Киргизияда клан аралык күрөш болуп жатат, анда Худайкулов кимди колдосо, ошол жеңип чыгат» деп уланткан. Бул жерде аталган Рахманкул Худайкулов – советтик партиялык жана мамлекеттик ишкер, кийинчерээк репрессия болгон, ал Киргизияны Казакстандын курамына бир облусу катары кошууну жактаган. Ал Шабдандын каршылашы, Абыла уруусунан болгон. Аталган уруунун ата-бабалары казак болгон деп айтылат.
– Киргизияны Казакстандын курамына кошууну жактагандар ошол маалда бийлик органдарында болушкан дегенди айткыңыз келип атабы? Фрунзе бул кырдаалды кантип өзгөрткөн?
– Болгондо да радикалдуу образда өзгөрткөн: Фрунзе ошол эле катында «ал жакта абдан тартипсиздик болууда, комиссия жибериңиздер, териштирсин!» деп да жазган. Анан, ошол кайрылуунун жыйынтыгында, ошол эле күнү, 1925-жылдын 16-октябрында Пишпекке «Шабдановду тез арада артка кайтаргыла» деген талаптагы телеграмма келет, дагы бир нече күндөн кийин ЦИК өкүлдөрүнөн турган контролдук комиссия жөнөйт. Алар Худайкулов абдан көп кызматтык кылмыштарды жасаганын аныкташат, ошентип, бул адамдын карьерасы кайрадан эч убакта жанданбагыдай болуп токтойт. Ал эми тепселенип, чачыраган кыргыз саясатчыларынын чөйрөсү бийликтеги позициясын бекемдеп баштайт. Бирок ошол маалда Михаил Васильевич күтүүсүз кайтыш болот. Кыргыз саясатчылары өздөрүнүн тагдырын жана кыргыз мамлекетин сактап калганы үчүн Москвага өтүнүч кат жолдоп, Пишпекти Фрунзе деп атоону сунушташат – бул 1926-жылдын 12-майында аткарылат. Ошентип, Кыргызстанда төрөлүп-өскөн советтик саясатчынын жана полководецтин шарапаты менен өлкөбүз Казакстандын бир облусуна айлануудан калган, 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи, 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз ССРи болгон. Ал эми 1991-жылдын 31-августунда дүйнөнүн саясий картасындагы эгемен өлкөлөрүн бирине – Кыргыз Республикасына айланган. Михаил Васильевич Фрунзенин таасири болбогондо, мындай мүмкүнчүлүктү эч убакта ала албайт болчубуз.
– Аны менен катар бизде, Кыргызстанда, тилекке каршы, айрым саясатчылар М.В.Фрунзенин Мемориалдык Үй-музейин жаптырууга, Бишкектеги анын атындагы көчөнү башкача атоого аракеттенип жатышат. Алардын пикиринде, СССР эбак жок болгон, аны менен кошо советтик өтмүш да жок болууга тийиш.
– Менимче, булар аны маалыматынын жоктугунан жасап жатышат. Мекендин тарыхын сүйө билиш керек, жок дегенде кабардар болуу керек. Кыргызстан эгемендүүлүгү үчүн милдеттүү болгон адамдарды унутпоого тийишпиз.
Маектешкен Андрей Токомбаев.
