Шайырбү Сагынбаева: Айымдар, тиричилик эч убакта түгөнбөйт, а ден соолук түгөнүп калышы мүмкүн, жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп тургула
Шайырбү Сагынбаева “Жашоо үчүн бирге” өнөрканасынын түптөөчүсү. Бул өнөрканада онкологиялык дартка кабылган аялдар кол өнөрчүлүк менен алектенишип, жасаган буюмдарын сатышат жана бири бирине дарыланууга кеткен чыгымдарды жабууга жардам беришет. Бул жакта оор сыноого кабылган аялдар каражат табуу мүмкүнчүлүгүн гана албастан, моралдык колдоо табышат – бир тагдырдын ээлери бирин бири башкаларга караганда көбүрөөк түшүнөт. Шайырбү Сагынбаева өзү да ушул жолду басып өткөн, ал онкобейтаптардын жашоосун жеңилдетүүгө кошкон салымы үчүн 2023-жылы дүйнө жүзүндөгү эң бир эрктүү жана таасирдүү 100 аялдар тизмесине кирген.
Ал бизге “Жашоо үчүн бирге” тобун түптөөгө кайсы окуя түрткү болгонун, онкобейтаптар кез келген кыйынчылык жана бул оору анын жашоосун кантип өзгөрткөнүн айтып берди.
– Онкологиялык дартка кабылган аялдар үчүн өнөркана ачуу максаты эмнеден улам пайда болгон?
– Сегиз жыл мурда мага “цервикалдык рак” диагнозу коюлган. Ага чейин кадимки аялдардай эле жашоодо жашап келгем. Анан эле жашоом түп тамырынан өзгөрдү. Дарт менен күрөшүп жүргөн күндөрүмдө ошол эле дарттан балдар үйүндө чоңойгон жаш кыз көз жумду. Ал кезде медициналык кызматка азыркыдай жеткиликтүүлүк жок болчу, дары-дармекти толук бойдон сатып алууга туура келчү. Кызга балдар үйүнүн башка тарбиялануучулары акча чогултушуптур, бирок ал жетишсиз болду, акыры о дүйнөгө кете берди. Артында алты айлык баласы калды, жакшынакай күйөөсү бар экен, абдан ыйлады. Ошондо мен го жашаарымды жашадым, бала чоңойттум, адамдык бакыттын даамын таттым, мендей аялдар кетсе эч нерсе эмес, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыз кетти деп аябай кейидим. Анан эгер ушул оорудан айыксам, мен сыяктуу дарт менен алпурушкандарга жардам берем деп тилек кылдым. Ооруну сыртынан билген адам менен аны ичинен билип, жашап өткөн адамдын айткандары ар башка таасирге ээ. Ошол жол менен басып өткөн адам баарын жон териси аркылуу өткөрөт, кайсы дары кандай таасир берээрин, кайсы дарыдан кийин эмне кылуу керектигин так билет. Ошондуктан, ооруган аялдарга кеп-кеңешимди айтууну баштадым, акырындык менен өнөркана ачтык, бири бирибизге моралдык гана эмес, материалдык колдоо берүүгө жетиштик.
– Кыргызстан боюнча бул оор дартка кириптер болгон канча аялзаты бар, алардын баары бири бири менен байланыштабы?
– Өлкө боюнча 1500дөй аял биздин топко кошулган. 500дөйү Бишкекте. Кыздар уюшуп, жумасына бир жолу маммологияга, онкологияга барып келебиз. Арабызда 20 жылдап оору менен алышкандар, ошол эле убакта карьерасын ийгиликтүү улантып, профессор наамына жеткендер бар. Кээ биринин бир эмчеги алынса, кээ биринде экөө тең жок. Бирок баарында ички күч бар. Негизи, мындай ооруда 20 пайыз гана дарылоодон, 80 пайызы адамдын өзүнүн ишениминен көз каранды.
Менин таң калганым, кыргыз аялдары дарыгерге жетер жерибизге жеткенде гана барабыз. Японияга барып келдим, алардын онкологиясын көрдүм. Профилактикага өзгөчө маани беришет экен, аялдар ар жарым жыл сайын атайын жабдуулары бар мекемелерге барып текшерүүдөн өтүшөт. Ошондо эгер дарт пайда болсо, эрте стадиясында аныкталат. 3-4 стадияга жеткенде айыктыруу кыйын, а эрте стадияда оңой эле айыктырса болот. Азыр рак диагноз гана болуп калды, мурда абдан коркунучтуу болчу, өлүп калуу бат эле. А азыр ар кандай дары каражаттары бар, алардын кайра денеден тазалоочу дарылар да чыккан. Биздин онколог-дарыгерлерге таазим кылам, бир дагы шарт жок абалда бизди жан дилдери менен берилип, дарылап келишти.
– Жогорку Кеңеште онкобейтаптар үчүн Улуттук онкология жана гематология борборуна жакын жерлерге хостел ачуу маселеси көтөрүлгөн болчу. Бул канчалык маанилүү?
– Абдан маанилүү. Анткени бейтаптардын баары Бишкекте жашабайт, ар кайсы аймактардан дарыланууга келишкенде, бараар жерлери жок болгондор бар. 10-15 күнгө эч ким оорулуу адамды үйүнө батырбайт. Ашыкча стресс болбой тынч жатып, дарыланып алып кетишсе деген ниет. Эгерде бул нерсе ишке ашып кетсе, өтө жакшы болмок.
Дагы бир маселе – химия терапия алып жатканда отурганга болбойт, жатыш керек. А бизде шарт жакшы болбогондуктан, имарат тар болгондуктан, эртеден кечке кезек күтүп отургандар толтура. Мамлекет көңүл буруп, штатты кеңейтип, кошумча имараттарды берсе, бейтаптардын айыгып кетишине бир топ салым кошулмак. Жакында Өзбекстанга да барып келдим. Бизге салыштырмалуу ал жакта шарт бир топ жакшы. Мисалы, дарыгерлердин иштөөсүнө да, бейтаптардын дарылануусуна да керектүү шарттар түзүлгөн. Психолог көп, диагнозун жаңы уккан адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү менен өзүнчө сүйлөшөт, аны кабыл алууларына жардам беришет. Химия терапия жана нур алып жаткан бейтапка өзүнчө психолог дайындалат. А биз ар бирибиз өзүбүздү өзүбүз жетелеп, өзүбүзгө өзүбүз дем бергенге аргасызбыз. Ушулардын баарын көрүп, биз менен башка жактардагы абалды салыштыргандан кийин, “Жашоо үчүн бирге” тобун ачкам.
– Бир тагдырдагы адамдардын бирин бири колдоосу жашоого үмүт, умтулуу береби?
– Албетте. Кандай кыйынчылык болбосун, жеке күрөшүүгө караганда, чогуу жеңүү оңой. Мисалы, бир кызыбыздын колун ийнинен алып салышты, анткени эмчек алдыргандан кийин кол шишип башташы мүмкүн. Бизде лимфолог-дарыгер жок. Өзүбүз 320 миң сом топтоп, Казань шаарындагы тажрыйбалуу лимфолог-дарыгерге ал кызыбызды жөнөтүп, аман алып калдык. А бүгүн биз кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө чыгып, өз колубуз менен жасаган буюмдарыбызды сатып жатабыз. Бир кызыбыз Индияга дарыланууга кеткен, ал жакта абалы начарлап кетиптир. Көргөзмөдөн түшкөн акчаны ошол кызыбызды Кыргызстанга алдырууга кошобуз.
– Онкобейтаптар туш келчү дагы кандай кыйынчылыктар бар?
– Майыптуулук боюнча да айткым келет, операция жолу менен эмчек же жатын алып салынганда, майыптуулук берилет. А пенсия аз. Операциядан кийин кол шишийт, майыптуулук болсо эч ким жумушка албайт. Ар биринин бала-чакасы бар, кээ биринин күйөөлөрү ооругандан кийин таштап кетишет, арга жок пенсиясы менен үй-бүлөсүн бакканга туура келет. Ошондуктан, бийликтен суранат элем, ушундай айымдарга ылайыктуу жеңил жумуш орундарын түзүп беришсе...
Ооба, жыл өткөн сайын онкобейтаптарга көңүл жакшыраак бурулууда. Көп дарылар бекер берилип калды, ага кубанычтабыз. Эми дарыгерлерге да көңүл бурулуп, оорулууларды кабыл алуучу имараттардагы шарттар жакшырса деген тилектебиз.
– Оор сыноодон өткөн айым катары жалпы эле айымдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Биздин аялдар көбүнчө үй, оокат, түйшүк деп жатып өздөрүн карашпайт. Кыргыз аялдарынын кээ бири гана жылына бир жолу текшерүүдөн өтпөсө, көбү оору биротоло кубатын алып койгуча кенебей жүрө беришет. Мен аялдарга мындай дейт элем: өзүңөрдү жакшы көрүп, денеңерди сыйлап, жылына жок дегенде бир жолу текшерүүдөн өтүп тургулачы? Тиричилик эч убакта түгөнбөйт, а бирок силердин ден соолугуңар түгөнүп калышы мүмкүн. Ар кандай ооруну дарылаганга караганда, алдын алуу оңой. Өз денеңерге эч убакта кайдыгер карабагыла.
