Нурзат Сыдыкбекова: Ата-эненин мээримине муктаж балдардын жаман чөйрөгө кошулуп кетүү ыктымалдуулугу жогорулайт
Өлкөдө социалдык өнүктүрүү башкармалыктары бар жана анда үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү иш алып барат. Бул бөлүм эмне менен алектенет жана балдарды кантип коргоого алаарын Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматтарды көрсөтүү, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Нурзат Сыдыкбекова түшүндүрүп берди.
Айтымында, алардын иши биринчи кезекте балдардын кызыкчылыгын коргоого багытталган. Кыргызстанда Балдар кодекси иштейт. Анын негизинде, турмуштук оор кырдаалга кабылган, эашы жете элек өспүрүм балдардын өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүнү, ар кандай терс жолдордон коргоону ишке ашырышат.
“Азыр балдар арасындагы кылмыштуулук көбөйүп баратат. Анын башкы себеби – интернеттин, соцтармактардын ыкчам өнүгүшү. Балдар ал жактан көрүп жакшы жашоону эңсейт, ар кандай маалыматтарга тез алданышат. Биз ошондой нерселерден балдарды сактап калууга аракеттенебиз. Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар дегенде, алар: жарым жетимдер, томолой жетимдер, ата-энеси миграцияда жүргөн, өздөрү туугандарынын колунда жашаган балдар, аз камсыз үй-бүлөдө чоңойуп жаткан балдар. Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары ата-энесине жардам берем деп иштешет, кээ бирлери уурулукка, ар кандай кылмыштарга барышат”, – деди ал.
Ал белгилегендей, учурда балдар жашоого тез калыптанып, маалыматтарды тез алып, эрте эле иштөөгө, акча табууга умтулуп, шашылып жашап жатышат. Алар интернет булактарынан көргөн нерсесин жашоодо колдонушат, бул көбүнчө кедергесин тийгизет. Балдардын начар жүрүм-туруму үчүн кайсы бир жакты бир жактуу айыптоого болбойт жана бир жактуу талап кылуу да туура эмес.
“Же мектеп же ата-эне күнөөлүү болуп чыкпайт. Күнөө баарында бар – ата-энеде да, мектепте да, коомчулукта да. Ошондуктан, муну түздөө үчүн комплекстүү иш алып баруу керек. Азыр үй-бүлө институту урап баратат, ал дагы балдардын туура тарбия алышына терс таасирин тийгизүүдө. Биздин учурда балада бир гана максат – билим алуу болчу. Азыр билим алуудан башка дагы максаттар көп, ал – жеңил жашоо, акча табуу, өзүн көрсөтүү ж.б. Коомчулуктун тарбиясы да жакшы эмес, соцтармактарда бирин бири кемсинтмей, акыл айтмай, сындамай өнөргө айланды”, – дейт Сыдыкбекова.
Ошондой эле, айтымында, балдардын тез өзгөрүүсү миграциялык агымга да байланыштуу:
“Ата-энеси миграцияга кеткен балдар туугандарынын колунда калат. Мындай бала өзүн кем сезет, ата-эненин мээримине муктаж болот. Ошондой маалда жаман чөйрөгө кошулуп кетүү ыктымалдыгы жогорулайт. Бир гана тышкы эмес, ички миграциянын да таасири чоң. Мисалы, биздин районго караштуу конуштарда айыл жергесинен шаарга жакшы жашоо издеп келген үй-бүлөлөр бар. Бирок жумуш таба албай калышат, үйдө кеминде 3-4 бала бар, аларды окутуш, кийиндириш, тамактандырыш, ийримдерге берип өнүктүрүш керек. Каражат жоктугунан ушунун баары унутта калат. Ата-эне балдарын толук камсыздай албаганы да баланын тарбиясына кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизет”.
Айтымында, аталган бөлүмдүн кызматкерлери жыл сайын Муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери жана жашы жете элек өспүрүм балдардын инспекторлору менен биргеликте бир жолу үймө-үй кыдырып балдардын акыбал жайы менен таанышат. Коргоого муктаж балдар аныкталса, акт түзүлөт жана каттоого алынат.
