Назгүл Нурманбетова: Атам тууралуу эскерүүм... 
8 май

Назгүл Нурманбетова: Атам тууралуу эскерүүм... 

“Өлүм менен талааларда бир нече жолу бет келиштик, ал бизге коркунучтуу эмес...” – бул белгилүү аскердик ыр “Караңгы түндүн” саптары, аны кийин тынчтык заманда да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Самаркул Акылбеков ырдаганды жактырчу. Бул ыр ага адамзаттын тарыхындагы 1941-жылдан 1945-жылга чейин болгон эң бир улуу жана трагедиялуу согушту  эске салчу. 

Чүй облусундагы чакан айылдан чыккан эр жүрөк кыргыз баласы 16 жашар өспүрүм кезинде фронтко аттанып, бүткүл жаштыгын ошол жерде өткөргөн. Ал Москваны Волоколамск шоссесинде коргогон, 45-жылы жеңишти майрамдаган, андан кийин Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы очогун жоюу максатында Маньчжурияга жөнөгөн. Бул жоокердин, ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан бир нече жүз миңдеген кыргызстандыктардын эрдигин жетиштүү баалоо мүмкүн эмес. Биз алардын эрдиктерин эч убакта унутпашыбыз керек!

Атам тууралуу эскерүү

Атам, подполковник Самаркул Акылбеков 1924-жылдын күзүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жар-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Кичине кезинде жетим калган, а 13 жашка толгондо борбор калаага жөө басып жетип, ошол жерде эптеп жанын баккан. 

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 17 жашка да толо элек кези болчу, бирок өз ыктыяры менен фронтко аттанууну чечет. Өздүк документтери болбогондуктан, фронтко кетүү үчүн 18 жаштан аштым деп калп айтып, курагына 2 жылды кошуп алган. Ошентип, ага 1922-жылдын 7-ноябрда төрөлгөн деген документ берилет. 

Жаш, илмейген, орто бойлуу балага согуштун азабы эмнеге турганын бир гана өзү билсе керек. Ал мага, кичүү кызына трагедиялуу окуялардан эч убакта айтып берген эмес. Атам 73 жашында каза болгондо мен өспүрүм куракта элем. Жыл сайын 9-майда кийүүчү параддык аскердик формасы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал бул салтанаттуу күнгө бир күн мурун кылдаттык менен даярданып, шымын үтүктөп, костюмунун төшүнө толгон орден-медалдарын такчу. 

Үй-бүлөбүздө 9-май эң негизги майрам эле. Азыр гана Улуу Жеңиш, мен үчүн кадыресе болгон орден-медалдар атама кандай гана ыйык болгонун түшүнөм.  

Эсимде, бир жолу атам мени парадга ээрчитип алды, андан соң башка ардагерлер менен чогуу чайканага барышты, бак-дарактардын көлөкөсүндө жайгашкан тапчанда, жыты буркураган чай ичип отурушуп, аскердик жылдарды эскеришти.  А мен, жакшынакай көйнөк кийип, ак бант тагынган кыз алардын бырыш баса баштаган, бирде жылмайган, бирде көздөрү жашылданып, кайгы баскан жүздөрүнө карап отурдум. 

Атам абдан кең пейил жана кадырлуу киши болчу, баары – туугандар, коңшулар жана достору аны жакшы көрүшчү. Согуштан кийин аскердик жолду басып өтүп, көп жерлерде иштеп, аскердик карьерасын түптөдү. Таластан Фрунзеге көчүп келгенге чейин военкоматтын начальниги болуп иштеди. Бирок апам балдардын келечеги үчүн борбор калаага кетиш керек деп жатып, Фрунзеге көчтүк. Бул жакта ЖЭБдин кайтаруу кызматынын башчысы болуп эмгектенди. Андан соң пенсияга чыкты. 

Агаларымдын эскерүүсүнөн... 

Менин үч агам бар, жаратылышка чыгууну жактырган атам көбүнчө аларды ээрчитип алчу. Ал жакта оттун боюнда тунарган каректерин алыска кадап, аскердик окуяларынан айтып берчү экен. Бирок балдарынын балалыгы бактылуу өтүшүн каалагандыктан согушту айтып коркуткусу келчү эмес, ошондуктан көп окуяларын ичинде калтырды. 

Антсе да агаларымдын эсинде анын Волокомалск шоссесиндеги салгылаш тууралуу айтып бергени калыптыр. Согушка жаңы гана барган кези экен, түз эле Москваны коргоого жөнөтүлүптүр. Салгылашта атам душмандын снайперинен башына ок жеген, бирок каскасы сактап тирүү калган. Кийин дагы согуш учурунда эки жолу – колунан жана бутунан жарадар болгон. Бирок ар бир жолу сакайып, кайрадан согушка жөнөгөн. 

Атам танкага каршы жөө аскерлердин катарында болгон, арык, кичинекей бала оордугу 20 кг болгон танкага каршы куралды көтөрүп жүргөн. Советтик тасмаларда мындай куралды эки адам көтөрөөрү көрсөтүлөт эмеспи. А атамдын жанындагы аскер бир топ улгайып калган куракта болгону үчүн оор көтөрө алган эмес, ошондуктан атама куралды жалгыз көтөрүүгө туура келген. Анан да муздак жерде сааттап жатышкан, жөтөлүп, чүчкүрүүгө да болбойт эле. Бир ирет атам бир нече аскерлер менен токойдо адашып кетишип, ачкадан баса албай калышканда немецтердин жоокердик тамагын таап алышкан, ошонун шарапаты менен гана тирүү калышкан. Ушунчалык кандуу кармашуулар болгон, андан үч гана аскер тирүү чыккан, алардын бири атам болчу... 

Согуш бүткөндөн кийин да атамдын аскердик жолу токтогон эмес, Маньчжурияга, совет-япон согушуна жөнөтүлүп, ага акыр аягына чейин катышкан. 

Азыр атамдын жашоосун талдасам, ал ким болгон – тажрыйбалуу жоокерби же жөн гана “көйнөкчөн” төрөлгөн жолдуу адамбы деген суроо аргасыздан жаралат. Кыязы, Кудайдын сүйүктүү пендеси болсо керек! Өмүрүндө 2 инфарктты башынан өткөрдү. 1995-жылдын күзүндө пневмониядан каза тапты. Өмүрү кыл учуна илинген учурлар көп болду, бирок ар бир жолу жашоого кайтып келген. Демек, ал Кудайдан берилген улуу милдетин аткарды: канча адамдын өмүрүн сактады, өлкөбүзгө канча деген пайда келтирди! 

Сыйлыктар тууралуу

Самаркул Акылбеков Ата Мекендик жана совет-япондук согушта башынан аягына чейин болду. Жаштыгына  карабай кайратуу аскерге айланды, ал үчүн “Аскердик кызматы үчүн”, “Эрдик үчүн” медалдары, Кызыл Жылдыз, 1-, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж.б. көптөгөн аскердик сыйлыктар менен сыйланды. 

Корутунду

Эсимде, ар бир жылы 9-майды тосууда атамдын кесиптештери жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары азайгандан азайып жүрүп отурушту. Эсимде, атам кимдир бирөөдөн аркылуу кезектеги аскердик жолдошун жоготкону тууралуу кабар уккан. Анан телефондун трубкасын акырын ордуна илип, бөлмөсүнө кирип, терезени тиктеп көпкө ойго баткан. Азыр ал артта калган оор күндөрүн эскерип, досун акыркы сапарга узаткан турбайбы деп түшүнөм. 

Канча деген азаптуу күндөр жана маңдай жарып кубанткан жеңиштер болгонун бир гана атам жана анын жакындары билген. Тилекке каршы, баарынын көзү өтүп кетти. Эгерде ошол маалда чоңураак болгонумда анын жана башка көптөгөн жоокерлердин эрдигин чагылдырган окуяларды кийинки муун үчүн сактап калмакмын. Бирок сактап кала албаганым аларын каармандыгын азайтпай турганын түшүнөм. Алар эскерүүлөрүн өздөрү менен чогуу алып кетишти, бирок эрдиктери түбөлүк калды... 

Атам Самаркул Акылбековдун жаркын элесине арналат...