«Биз эң башкы нерсени сактап калдык» - Рахманкул хандын уулу Мухаммед Экбер Кутлу менен ачык маек
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун жана Элдик дипломатиянын эл аралык шериктештигинин вице-президенти Ассоль Молдокматованын «Дүйнө лидерлери» автордук рубрикасы.
Улуупамир. Бул сапарым мен үчүн өзгөчө болду. Мен бул жакка өзүмдүн мекендештеримди – памирлик кыргыздардын урпактарын көрүү, алардын экинчи Ата Мекенине айланган жерди басып өтүү жана ондогон жылдар бою өз элинин тилин, салттарын жана тарыхый эс-тутумун сактап келген адамдар менен жолугушуу үчүн келдим.
Эң маанилүү жолугушуулардын бири – памирлик кыргыздардын акыркы ханы, улуу Рахманкул хандын уулу Мухаммед Экбер Кутлу менен болгон маек болду. Рахманкул хан эң оор жылдарда өз элинин тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган. Мажбурлап көчүрүүлөрдүн учурунда ал кыргыздардын биримдигин, алардын ар-намысын, ишенимин, эне тилин жана улуттук өзгөчөлүгүн сактап кала алган.
Бүгүнкү күндө атасынын ишин уулу улантып жатат. Мухаммед Экбер Кутлу – белгилүү түрк скульптор жана сүрөтчү, Ван университетинин көп жылдан берки окутуучусу, үй-бүлөнүн тарыхый эс тутумун жана памирлик кыргыздардын маданий мурастарын сактоого өмүрүн арнаган адам.
Бул сүйлөшүү мен үчүн жөн гана маек эмес, тирүү тарых менен жолугушуу болду. Уулунун эскерүүлөрү аркылуу кыргыздар гана эмес, Борбор Азиянын жана түрк дүйнөсүнүн тарыхына кызыккандар да билиши керек болгон окуялар тирилип келгендей сезилди.
Кыргыздардын Түркияга жолу Памир тоолуу аймагынан башталган. Рахманкул хандын жетекчилиги астында эл оор сыноолордон өтүп, эң негизгисин – үй-бүлөсүн, ишенимин, эне тилин жана маданиятын сактап калган. Ушул үчүн узак жана татаал жол басып өтүлүп, Улуупамирдин негизделиши менен аяктаган.
Рахманкул хандын: «Диниңерди, тилиңерди жана маданиятыңарды сактагыла» деген керээзин аткарып, Улуупамирдин тургундары бул сөздөргө бекем бойдон калышты. Ошол эле учурда, алар кабыл алып, экинчи мекени болуп калган Түркия Республикасынын ишенимдүү жарандары болушту.
Бүгүнкү күндө Улуупамир – бул жөн гана Ван провинциясындагы калктуу конуш эмес. Бул жашап жаткан мамлекетти сыйлап, улуттук өзгөчөлүктү да сактап калууга болоорунун уникалдуу үлгүсү. Анын аркасында Улуупамирдин тургундары Түркияда терең урмат-сыйга ээ болуп, кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн татыктуу өкүлдөрүнө айланышты.
Улуупамир Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достуктун тирүү көпүрөсү болуп саналат, эки боордош элди жалпы тарых, маданият жана руханий баалуулуктар бириктирет.
Бүгүнкү күндө жамаатта 3 100гө жакын адам катталган, алардын болжол менен 1 700ү Улуупамирде туруктуу жашайт. Көптөгөн үй-бүлөлөр Түркиянын башка аймактарына — Анкара, Йозгат, Малатья жана Стамбулга көчүп кетишкен, бирок кичи мекени менен байланышын үзбөй келишет.
Билимдин жогорку деңгээли өзгөчө сыймык жаратат. Жаштар жогорку билим алышып, Түркиянын ар кандай мамлекеттик түзүмдөрүндө ийгиликтүү эмгектенип жатышат. Улуупамирдиктердин арасында полиция кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер, прокурорлор, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана башка көптөгөн кесип ээлери бар.
Бүгүн Улуупамир Ван аймагынын маданий туризмдин маанилүү борборлорунун бири болуп калды. Райондук администрациянын жана Памир маданият, билим берүү жана тилектештик ассоциациясынын биргелешкен ишинин аркасында бул жерде памирлик кыргыздардын бай мурасы менен тааныштырган фестивалдар, маданий иш-чаралар жана долбоорлор дайыма өткөрүлүп турат.
Мына ошондуктан Мухаммед Эскер Кутлу менен жолугушуу Улуупамирга болгон сапарымдагы эң терең жана баалуу учурлардын бири болуп калды.
Рахманкул хан
– Мухаммед байке, кыргыздардын Түркия аймагына көчкөнүнө көп жылдар өттү. Атаңыз Рахманкул хан кандай адам эле?
– Биз үчүн ал жөн гана ата эмес эле. Ал өз элинин тагдырына жоопкерчиликти алган адам болчу. Эң оор жылдары өзүн ойлобостон, адамдардын өмүрүн, алардын кадыр-баркын жана келечегин сактап калууну ойлогон. Ал ар дайым “чыныгы жетекчи өз элинин алдында басып, алар менен бирге бардык сыноолорду өткөрүшү керек” деп айтчу.
– Жер которуу учурунда эң оор нерсе катары эмне эсиңизде калды?
— Эң оор нерсе – алдыда белгисиздик экенин билип туруп, мекениңди таштап кетүү болгон. Адамдар тоолордон, сууктан, ачарчылыктан өтүп, жакындарын жоготушту. Бирок эч ким эң негизгисин – улуттук өздүгүн жоготкусу келген эмес. Ошондуктан атабыз ар бир чечимди кыргыз элинин келечегин ойлоп кабыл алган.
– Атаңыз үчүн кыргыз маданиятын сактап калуу эмне үчүн мынчалык маанилүү болгон?
– Ал эгерде тил, салттар жана эс тутум жоголсо, анда эл акырындык менен жоголорун түшүнгөн. Ошондуктан балдарга да, чоңдорго да дайыма: “Кыргыз тилин унутпагыла, улууларды сыйлагыла, ата-бабалардын каада-салттарын сактагыла”, - деп айтып жүрүп өттү. Так ушул нерсе бизди эл кылат.
– Бүгүнкү күндө Улуу-Памирди Түркиядагы кичинекей Кыргызстан деп аташат. Бул атмосфераны сактап калууга эмне жардам берди?
– Улуу муундун аркасы менен. Алар салттардын жоголушуна жол берген жок. Бул жерде дагы деле улуттук майрамдар белгиленип, кыргыз ырлары ырдалып, комуз ойнолуп, көк-бөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, үй-бүлөлүк каада-салттар сакталууда. Мунун баары балдарга эң баалуу мурас катары өткөрүлүп жатат.
– Азыркы жаш муун канчалык деңгээлде кыргыз тилинде сүйлөйт?
– Албетте, түрк тили жашообуздун бир бөлүгү болуп калды, бирок биз үйдө кыргыз тилинин жаңырышына аракет кылабыз. Эне тили – бул жөн гана баарлашуу каражаты эмес. Бул элдин эс тутуму. Эгер тил жоголсо, тарыхтын бир бөлүгү жоголот.
– Жер которгон учурлар эсиңизде барбы? Эмнелер эсиңизде калды?
– Ооба, мен ал күндөрдү жакшы эстейм. Бул баарыбыз үчүн оор сыноо болду. Мекенибизди таштап кетүүнү каалап эмес, элибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн кеткенбиз. Эсимде түбөлүккө узак жолдор, суук, белгисиздик, чоңдордун тынчсыздануусу жана балдардын көз жашы калды. Бирок баарынан да атамдын жайбаракаттыгын эстейм. Ал эч качан корккондугун көрсөткөн эмес. Адамдар ага карап, түшүнүшкөн: Рахманкул хан жаныбызда турганда, алдыга жылышыбыз керек.
Рахманкул хандын уулу Абдумалик Кетлунун сүрөтү
– Адамдардын үмүтүн жоготпоого эмне жардам берген?
– Биримдик. Биз чоң үй-бүлө эле. Адамдар бири-бирине жардам берип, акыркы кесим нанды бөлүшүп, кары-картаңдарга жана балдарга колдоо көрсөтүшкөн. Атам дайыма: «Биз бирге турганда – биз элбиз», – деп айтчу. Ушул ишеним бардык сыноолордон өтүүгө жардам берген.
– Рахманкул хандын канча баласы болгон?
– Атамдын чоң үй-бүлөсү болгон: үч аялынан он бир баласы бар эле. Ал балдарын бүт элге мамиле кылгандай эле тарбиялаган: талапты катуу коюп, адилеттүү жана чоң сүйүү менен. Ал үчүн бөтөн балдар болгон эмес. Ал ар бир бала өз тарыхын билиши, улууларды сыйлашы жана эч качан тууган тилин унутпашы керек деп эсептеген.
– Рахманкул хан үйдө кандай ата болгон?
– Эл алдындагы чоң жоопкерчилигине карабастан, үйдө камкор жана абдан даанышман болчу. Катуу үн сейрек чыгарган. Аны корккондон эмес, абдан чынчыл болгондуктан сыйлашчу. Биз үчүн эң башкы сабак – абийирдүү жашоо, сөзгө туруу жана дайыма адамдын кадыр-баркы байлыктан жогору тураарын эстен чыгарбоо.
– Атаңыз жөнүндө көп эстеген окуяңыз барбы?
– Ооба, мындай окуялар көп. Бирок бирөөсү өзгөчө эсимде калды. Көчүп келаткан оор учурда бир бала катуу ооруп калды. Адамдар жолду улантууну сунушташты, анткени жол абдан кооптуу болчу. Бирок атабыз: «Эл канча ылдамдыкта жүргөнү менен эмес, эң алсыздарды кантип коргогону менен өлчөнөт», — деди. Көч токтоду. Бала жакшы болгончо баары күтүштү. Атам үчүн адам өмүрү ар дайым бардык жагдайлардан жогору турган.
– Рахманкул хан карапайым эл менен кандай мамиледе болгон?
– Атам үчүн «хан» менен «эл» деген бөлүнүү болгон эмес. Ал эч качан өзүн башкалардан жогору койгон жок. Баары жеген тамакты жеп, баары көргөн кыйынчылыкты көрүп, баары баскан жолдорду басып, баары жаткан асман астында жаткан. Адамдар ага наам тагып алганы үчүн эмес, ар бир сыноону алар менен бирге өткөргөндүгү үчүн ишенишкен. Ал өзү көрсөтпөгөн эрдикти эч качан башкалардан талап кылган эмес. Эң оор учурларда адамдардын артында эмес, ар дайым алдыңкы сапта, жанында болгон. Балким, ошондуктан аны корккондуктан эмес, абийирге таянып сыйлашкан. Көпчүлүк үчүн ал жөн гана хан эмес, эң кымбат нерсени – элинин тагдырын ишенип тапшыра турган адам болду. Мындай ишенимди күч же бийлик менен алуу мүмкүн эмес – ал үчүн татыктуу жашай билиш керек.
– Атаңыз эң оор мезгилдерде да кыргыз салттарын унуттурбаганы чынбы?
– Ооба. Жолдо жүргөндө да ал биз ким экенибизди унутпашыбыз керектигин айтчу. Бала төрөлсө, салттарды сакташчу. Той болсо – кыргыз каада-салты боюнча өткөрүшчү. Бирөө каза болсо – дуба жана сый менен узатышчу. Атам: «Биздин салттар жашап турса – эл жашайт», – дечү.
Рахманкул хан
– Түркияга келгенден кийин эмне болду?
– Элибиз үчүн жашоонун таптакыр жаңы барагы ачылды. Көп жылдар бою тентип жүргөндөн кийин, балдарыбыздын келечеги бар экенин биринчи жолу сездик. Түрк мамлекети биздин үй-бүлөлөргө үйлөрдү, жерлерди берип, тынч жашоону баштоого жардамдашты. Акырындык менен жайгашып, жаңы шарттарга көнүп, чарба куруп, балдарды чоңойтуп жаттык, бирок эң баалуу нерсе башка болду. Бизге кыргыз бойдон калуу укугун беришти. Өз тилибизде сүйлөп, ата-бабаларыбыздын салттарын сактап, комуз чертип, улуттук майрамдарды өткөрүп, балдарыбызды өз тамырын сыйлоого тарбиялап жаттык. Ошондуктан ондогон жылдардан кийин да Улуупамир кыргыз маданиятынын тирүү бурчу бойдон калууда.
Түрк Республикасы тарыхыбыздын эң оор учурунда биз үчүн эшигин ачканын эч качан унутпайбыз. Түрк мамлекетине жана түрк элине боорукердиги, камкордугу жана улуттук өзгөчөлүгүбүзгө урмат көрсөткөндүгү үчүн чын дилибизден ыраазыбыз.
Бүгүн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Улуупамирга көңүл бурганын да ыраазычылык менен белгилейбиз. Мамлекеттин колдоосу менен айыл өнүгүп, жолдор салынып, инфраструктура жаңыланып, адамдардын жашоосу үчүн шарттар түзүлүүдө. Жамаатыбыздын унутулбаганын сезүү биз үчүн абдан маанилүү. Түркияны экинчи мекенибиздей сүйөбүз. Бирок Кыргызстан ата-бабаларыбыздын жери, тарыхый эс тутумубуз жана жүрөгүбүздүн бир бөлүгү бойдон калат. Ошондуктан тилди, салттарды сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүүгө умтулабыз.
– Рахманкул хан балдарына кандай эң башкы насаат калтырды? Эмнени эч качан унутпоону суранган?
– Атам бизге ар дайым: «Ишенимиңерди, тилиңерди жана элиңерди сактагыла. Тамырыңарды сактап турсаңар, кайда болбогула, өзүңөрдү жоготпойсуңар», – деп айтчу. Бирок ал өзгөчө бир нерсеге басым жасаган — окуу жана билим алуу. Атам билим берүү адамга келечекти ачарына жана бир гана үй-бүлөнү эмес, бүтүндөй элди күчтүү кылаарына бекем ишенген. “Байлыкты жоготсо болот, ал эми билим адам менен түбөлүккө калат”, - деп көп кайталачу. Ал бизге улууларды сыйлоону, чынчыл жашоону, сөзгө турууну жана биз ким экенибизди жана кайдан келгенибизди эч качан унутпоону үйрөткөн. Анын көз карашында эң чоң байлык – бул бийлик да, дөөлөт да эмес, билим, элдин биримдиги, үй-бүлөнүн ар-намысы жана салттарыбызды сактоо болчу. Ушул насааттарды азыр балдарыбызга жана неберелерибизге өткөрүп берүүгө аракет кылуудабыз. Бул айтылгандар бүгүнкү күндө да биз үчүн жашоо багыты.
Рахманкул хандын балдары: уулу Мухаммед Экбер Кутлу жана кызы Атынбүвү Сечильмиш
– Атаңыз Памирди сагынган учурлар болгонбу?
– Албетте. Кээде ал көпкө чейин унчукпай, тоолорду карап, алар өз мекенин эске саларын айтчу. Өз жерин абдан сүйгөн, бирок адамдарды сактап калуу эң башкы нерсе экенин түшүнгөн. Ошондуктан, кабыл алган чечимине эч качан өкүнгөн эмес.
– Элиңиздер өзү менен чогуу алып келген эң баалуу нерсе эмне?
– Эң чоң байлык тилибиз, ишенимибиз, салттарыбыз жана эс тутумубуз. Материалдык нерселердин баарын жоготуп коюшуң мүмкүн, бирок эл өз жан дүйнөсүн сактап калса, жашоону жаңыдан баштай алат.
– Бүгүн Улуупамирге Кыргызстандан коноктор келди, кандай сезимде болуп жатасыз?
– Муну сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Мындай ар бир жолугушуу бизге бир элди аралык бөлө албастыгын эске салат. Кыргызча сөздү укканда, Кыргызстандын мамлекеттик желегин көргөндө, жүрөгүңдүн бир бөлүгү өз үйүнө кайтып келгендей сезилет.
– Кыргызстандын жаштары Рахманкул хан жөнүндө эмнени билишин каалайсыз?
– Аны тарыхый инсан катары гана эмес, өз эли үчүн тынч жашоосун курмандыкка чалган адам катары да билип жүрүшсүн. Ал чыныгы лидер өзү жөнүндө эмес, элинин келечеги жөнүндө ойлоноорун далилдеген. Анын жашоосу – бул жоопкерчиликтин, эрдиктин жана өз элине болгон сүйүүнүн үлгүсү.
– Атаңыздын кайсы сөздөрүн бүгүн эң көп эстейсиз?
– «Үйдү жоготсо болот, мүлктү жоготсо болот, бирок намысты, тилди жана ата-бабалардын эскерүүсүн жоготууга болбойт», - деп айтчу. Бул сөздөр бүтүндөй өмүрүбүздүн мааниси болуп калды. Анын аркасында бүгүн Улуупамирде кыргыз тили жаңырып, салттарыбыз жашап, ата-бабалары ким болгонун билген балдар өсүп жатат.
– Рахманкул хан бүгүнкү Улуупамирди көрсө эмне дейт эле?
– Ойлосом, ондогон жылдардан кийин кыргыздар өз ысымын, маданиятын сактап, бир жамаат болуп жашап жатканын көрүп бактылуу болмок. Албетте, бизге тамырларыбызды дагы да жакшы сактап, ата-бабаларыбыз баскан жолду унутпагыла деп тилек кылат эле.
Рахманкул хандын уулу Абдумалик Кетлунун сүрөтү
– Улуупамир эли үчүн бүгүнкү Рахманкул хан тууралуу эскерүүлөр канчалык маанилүү?
– Биз үчүн бул үй-бүлөбүздүн гана тарыхы эмес. Бул бүтүндөй элдин тарыхы. Анын ысымы миңдеген адамдардын өмүрү кандай баада сакталып калганын ар бирибизге эскертет. Биз атабыздын эс тутумуна жоопкерчиликти сезип, бул тарыхты балдарыбызга жана неберелерибизге жеткирүүгө аракет кылабыз.
– Дүйнө жүзүндө жашаган кыргыздарга эмне дегиңиз келет?
– Кайда жашабагыла, тамырыңарды эч качан унутпагыла. Ар кайсы өлкөлөрдө жашасаңар да, жүрөгүңөр Ата Мекениңизди эстеп турушу керек. Тилиңерди сактагыла, ата-энеңерди сыйлагыла, балдарыңарга элиңердин тарыхын айтып бергиле. Эс тутум жашап турганда, эл да жашайт.
– Кыргызстанга каалооңуз.
– Кыргызстан ар дайым күчтүү, эгемендүү жана биримдүү болсун. Жаш муун өз тарыхын билсин, ата-бабасын сыйласын жана кыргыз элинин ысымын сыймыктануу менен алып жүрсүн. Ошондо келечегибиз бекем болот. Анан да Разманкулдун эрдигин унутпагыла.
– Мухаммед байке, чын дилден маектешкениңиз үчүн рахмат. Улуу атаңыз жөнүндөгү эскерүүлөрдү угуп, памирлик кыргыздардын тирүү тарыхына күбө болгонум чоң сыймык болду. Сизге бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөңүзгө бакубатчылык каалайм.
– Мен да сизге рахмат, Ассоль. Улуупамирге ушунчалык алыс жол басып келгениңизге, биздин тарыхыбызга кызыгып, аны элге айтып бергениңизге рахмат. Рахманкул хандын жана элибиздин тагдыры тууралуу эс-тутумдун жашап, кийинки муундарга өтүшү биз үчүн абдан маанилүү. Жолуңуз жарык болсун, эмгегиңиз элге пайда алып келсин. Каалаган убакта Улуупамирга кош келиңиз.
Картина сына Рахманкул хана - Абдумалика Кетлу
