Бакыт Дарманкул уулу: Россиядагы мигранттардын тизмеге киришинин себептери жана андан чыгуу жолдору
Россия Федерациясында миграциялык мыйзамдардын катаалданышына байланыштуу, ушул жылдын 30-апрелине чейин чет өлкөлүктөр өлкөдөгү жүрүүсүн мыйзамдаштыруусу керек эле. Ал үчүн бир нече этаптардан өтүүгө туура келет. Бирок кийинчерээк орус бийлиги бул мөөнөттү 10-сентябрга чейин узартты. Алдыда 3 айдан ашуун убакыт бар, Россия иштеген кыргыз жарандары эмнелерди эске алуусу керектигин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу түшүндүрдү.
– Азыркы учурда Россияда иштеп жүргөн канча кыргызстандык өзүнүн жүрүүсүн мыйзамдаштыра алды?
– Жакшы шарттарды издеп, жер которуп ар кайсы жерде иштеп жүргөн жарандарыбыз көп, миграциянын табияты ушундай экен. Россияда жаңы миграциялык мыйзамдар ишке кирип жаткандыктан, биз ТИМ, Элчилик менен тыгыз иштерди алып баруудабыз. Башкы аракетибиз жарандарга маалыматтарды убагында туура, так жеткирүү.
Ал эми тизме тууралуу айтсам, ал тез-тез өзгөрүп турат. Мисалы, бир убакта 8 миң болсо, анан 85 миң, андан соң 74 миңге түшкөн. Азыр 70 миң жаран калды, 4 миң жаран тизмеден чыкты.
Тизмеден чыгуу үчүн кайрылган жаран эң биринчи өзүнүн эмне себептен ошол тизмеге түшүп калганын так билүүсү керек. Балким, милицияга түшкөн, банктарда карыздары төлөмдөрү бар же эмгек келишими базага киргизилген эмес.
Тизмеден чыгууда жарандар кабылган дагы бир кыйынчылык болуп жатат – ал жумуш берүүчүлөр кол алдындагы чет өлкөлүк жумушчу тизмеге кирип калганда, өздөрүнүн коопсуздугунан коркуп, кандайдыр бир көйгөй жаралы деген ойдо эмгек келишимин түзүүдөн кетенчиктешет. Бирок аларга түшүндүрүү керек – мында жумуш берүүчүлөргө эч кандай көйгөй жаралбайт.
Мен жарандарды акыркы мөөнөттү күтпөй, эрте аракет кылууга чакырам. Убакыт аз калганда баары агылып барат, анын негизинде кезек күткөндөрдүн саны көбөйөт. Биринчи мөөнөт 30-апрелге чейин эмес беле, апрелдин соңунда айрым жерлерде киши абдан көп болгондуктан, кызматкерлер кабыл алууга үлгүрбөй калышканын көрдүк.
– Тизмеде 70 миң кыргызстандык бар деп жатабыз, бул кайсы убакка алынган маалымат? Андан бери Кыргызстанга келе берген же башка өлкөгө кетип калгандар деле болушу мүмкүн да?
– Апрель айынын аягында алынган маалыматка караганда, учурда Россия Федерациясында жалпысынан 593 миң чет өлкөлүк жарандар тизмеге катталган. Анын ичинен 74 миңи кыргызстандыктар болчу, анын 4 миңи тизмеден чыгып, 70 миңи калды. Андан бери жарым айдай убакыт өттү, анчалык чоң өзгөрүү болушу мүмкүн эмес.
– Жарандар тизмеден өздөрүн кантип текшере алышат?
– Биздин министрликтин Москва шаарында өкүлчүлүгү бар, ошол жерге барышса болот. Же Элчиликке кайрыла алышат. Бирок текшерүүнүн эң оңой жолу – migrant.kg сайты. Аталган сайтта тизмеге арналган атайын терезече бар.
Башында, тизмеге түшкөн жаран эмнеге түшкөнүнүн себебин так билип алышы керек дебедимби. Бирок ошол эле маалда бир убакта бир нече эреже бузууларга кириптер болуп калышы мүмкүн. Мисалы, февраль-март айларында Россиянын ИИМине караштуу Миграция боюнча башкы башкармалык дактилоскопиядан 36 миң жаран өткөнүн кабарлаган. Эгерде ошол 36 миң кишинин башка эреже бузуулары болбосо, анда тизмеден чыгарылат. Анткен менен дактилоскопиядан өтүп, бирок медициналык кароодон өтпөй калгандар же банктан карыздары барлар болуп калышы мүмкүн. Бир адамда 3-4 эреже бузуу болсо, анын баары жоюлмайынча тизмеден чыгарылбайт.
– Сиздердин министрлик бул жаатта жарандар менен кандай иштешүүдө?
– Биз мигранттарга керектүү болгон маалыматтардын баарын Кыргызстандын бардык айылдарына чейин жеткирүүдөбүз. Анткени, дээрлик бардык айылда Россияда жүргөн мигранттардын жакындары жашашат же алдыда миграцияга кетүүгө камынган жарандар бар. Ошондуктан, министрликтин аймактык соцкызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте үйлөрдү кыдырып, маалыматтарды жеткирип жатышат. Балдары Россияда иштеп жүргөн ата-энелер ыраазы болушуп, «балдарыбызга башка ишиңди кое туруп, биринчи өзүңдүн жүрүүңдү мыйзамдаштырып ал деп айтабыз», – дешүүдө.
