Легендарлуу “Отко таазим” же “Уркуя” тасмасындагы улуу таланттар: Кадр артында эмне болгон
4 февраль

Легендарлуу “Отко таазим” же “Уркуя” тасмасындагы улуу таланттар: Кадр артында эмне болгон

Тартылган жылы – Насирдин Байтемировдун “Тарых эстелиги” чыгармасынын негизинде 1971-жылы тартылган

Режиссёру – Төлөмүш Океев 
Оператору – Кадыржан Кадыралиев
Ролдордо: Таттыбүбү Турсунбаева, Искендер Рыскулов, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Сүймөнкул Чокморов, Жамал Сейдакматова, Бакирдин Алиев,  Кеңеш Курманалиева ж. б.

Тасма “Кыргызфильм” кино студия тарабынан тартылган.

Кыргыз кино тарыхын байыткан кыргыз кереметтеринин бири эл арасында “Уркуя” деп аталып калган “Отко таазим” тасмасы. Тасма ошол кезде чыныгы тарыхты чагылдырып бергени менен баалуу болсо, бүгүнкү күндө ага кошумча кыргыздын улуу таланттарынын элесин сактап калгандыгы менен аздектелип келет. Тасманын өз аты унутулуп “Уркуя” деп аталып кетиши кыргыздын азамат айымдарынын баасы десек жарашат. Ар дайым асылдыгы арта берчү бул тасмада калган тагдыр ээлери тууралуу кенен кеп төмөндө. 

Кеңеш Курманалиева, аялдын ролунда: “Кино эмес эле кыйноо болгон”

- Анда абышкам экөөбүз Нарын драма театрында иштечү элек. Төлөмүш Океевдин чакыруусу менен барып абышкам Бакирдин Алиев устанын жардамчысы, мен анын байбичесинин ролун аткарып калдык. Башында Төлөмүшкө “кичинекей балам бар эле” десем  “бала болсо абдан жакшы болот. Аны да ала кел” деген. Кичинекей кызымды көтөрүп жүрүп тартылгам. Бир күнү эртең менен эрте тасмага тартылуу үчүн талаага баратсак режиссёр “кызыңа суу алып ал, башка эч нерсе алба” деди. Макул болуп эки литр суу алдым. Жайдын ысыгында көлөкө таппай түш болгончо акактап ээн талаада отурдук. Бир учурда Төкөгө: “э айланайын, тартсаң кыйнабай тартпайсыңбы, суусап, курсагыбыз ачып өлөлү деп калдык” десем, “дагы бир аз күнгө какталып күйө түшкүлө. 30-жылдары силердей апакай, жүздөрү жылмакай адамдар болгон эмес. Алыңар кетип, сууга чаңкап, ачкалыгыңар жүзүңөрдөн көрүнүп баарыңар шалпая түшкөнүңөрдө тартып баштайбыз” деп койду. Көрсө, кайран режиссёр артисттердин образы жакшы ачылсын деген тура. Ошентип тасма тартылып бүткөнчө күнүгө какыраган талаада 4-5 саат күнгө күйүп отуруп аттык. Бул кыйноо жок эле дегенде он беш күнгө созулган. Андан кийин бетибиздин карасы кетпей канча жүрдүк...

Канат Эшимбеков, Уркуянын баласынын ролунда: “Тасманы көргөн сайын апамды эстеп көзүмө жаш алам”

- Канча жылдар өтсө да ушул тасманы көргөндө апамдын сулуулугун, анын элесин көрүп сөзсүз көзүмө жаш алам. Андагы апам менен жүргөн кезим көз алдыма тартылат. Апам баш каарман Уркуянын ролунда болгон үчүн дайыма мага көңүл бурганга убактысы жок болчу. Ошол жактан кулагым катуу ооруганы азыркыга чейин эсимден кетпейт. Апамды өлтүрүшүп үйдү өрттөп, андан кийин чоң апабыз Сабира Күмүшалиеваны ээрчип ыйлап кетип бараткан жерибиз бар го. Ошондо мен кулагым катуу ооруп апамды издеп жатсам ары жактан бирөө “апаң кетип калды, жок ал!” деп жатпайбы. Мен ошого ыза болуп “апам кана?” деп ыйлап бараткам. Качан сьёмка бүткөндөн кийин Сабира Күмүшалиева “болду ыйлаба, апаң тигинде тоонун этегинде отурат” деп ары жактагы бизди карап турган топ элдин арасынан апамды көргөзгөндө басылгам. 

Деңизбек Чалапидинов, басмачынын башчысынын ролунда: “Сүймөнкул Чокморов менен Бакирдин Алиевди чын эле сабаганбыз” (Эскерүүлөрдөн)

- Сценарий боюнча басмачылар Үтүр устаны отко кактап көзүн тазаламакчы болгон жеринде чын эле Сүймөнкулдун бетин күйүп жаткан жалынга кактап, кайра сууга салып чындап сабаганбыз. Сүймөнкул да баарына чыдап кинону көркүнө чыгарган. Ал эми Бакирдин Алиевди басмачылар түн жамынып келип сабашкан жеринде жасалма үйгө кирип барышыбыз керек эле. Анан Бакирдин жанталашып жашынса аны үй басып калып араң сүйрөп чыкканбыз. Бакирдин менин кайнагам эле. Ага карабай топураган басмачылардын башчысы болуп аны ур-тепкиге алып сабаган элем. Ыраматылык киши анын эртеси денеси көгала болуп, эти ооруксунуп онтоп калыптыр болчу.