Сабырбек Жумабеков: «Апамды мактабайм, апам менен мактанам»
Бир үйдө чоңоюп, бири-биринен өтүп элге кызмат кылган уул-кыздарды тарбиялоо ар бир энеге эле насип боло бербейт. Кыргыз медицинасынын белгилүү өкүлү, ортопед Сабырбек Жумабеков үчүн мындай ийгиликтин артында апасынын ак эмгеги, акылмандыгы жана мээрими турат. «Апамды мактабайм, апам менен мактанам» деген дарыгер бул маекте бала кездеги тарбиясы, апасынын үй-бүлөнү бириктирген касиети жана энеге болгон өмүрлүк карызы тууралуу жүрөк түпкүрүндөгү ойлору менен бөлүштү.
– Бир үйдө көп баланы тарбиялап, баарын эл сыйлаган адам кылып өстүрүү – бул апаңыздын күчтүүлүгүбү?
– Медик катары айтсам, ар бир адам төрөлгөндө анын акыл-эси, кулк-мүнөзү, аң-сезими, сезимталдыгы ата-энеден берилет. Бул тукум куучулук касиет. Сырткы келбет гана эмес, адамдагы көзгө көрүнбөгөн көптөгөн сапаттар дагы ата-энеден өтөт. Биздеги жакшы нерселердин баары ошолордон калган мурас.
Албетте, бул жерде апамдын ролу чоң. Илимде дагы ата-эненин таасири тууралуу көп айтылат. Менимче, биздин үй-бүлөдөгү тарбиянын бекем пайдубалы да ошол ата-энеден алган жакшы касиеттерден башталган.
– Үйдө тарбия катуу беле же мээрим күчтүү беле?
– Экөө тең болгон. Тарбия катуу эле, бирок мээрим андан кем эмес болчу. Атам эртең менен жумушка кетип, кечинде келчү. Бизди негизинен апам тарбиялады. «Атаң айтты» деп койчу. Чынында атам айтпаса деле, апам «атаң айтты» деген сөз менен эле бизди тартипке чакырчу. Үйдө кандайдыр бир жумуш болсо, «атаң айтты, жасап койгула» дечү. Биз болсо атам келгенче шашып бүтүргөнгө аракет кылчубуз.
Инилерим тентектик кылып калса, «атаңа айтам» деп эскертер эле. Бирок атам бир да жолу баласын чаап, катуу урушкан эмес. Апам бизге атамды сүрдүү, күчтүү адам кылып көрсөтүп койгон экен. Атамдын бир караганы эле чоң тарбия болчу. Көзүн чоңураак ачып карап койсо, кирерге жер таппай калчубуз. Тескерисинче, жылмайып койсо, жакшы иш кылыптырбыз деп сүйүнүп калчубуз.
Мен үйдүн улуусу болгондуктан жети жашка чейин эркелеп чоңойдум. Андан кийин артымдагы ини-карындаштарымды көрүп, жашоого башкача карай баштадым. Апама жардам берип, алардын сабагын текшерип, тамагын берип, кам көрчүмүн. Бүгүн ойлосом, бул дагы ата-энем берген тарбиянын жемиши экен.
– Апаңыздын кайсы тарбиясы бүгүн бир туугандарыңызды бириктирип турат?
– Апамдын бир сөзү бар эле: «Балам акылдуу болгончо, келиним акылдуу болсун» деген. Бул сөздүн мааниси өтө терең. Келиндер акылдуу, сабырдуу болсо үйдүн ынтымагы бузулбайт. Бир туугандар бири-биринен алыстабайт. Биздин үй-бүлөнү бүгүнкү күнгө чейин бириктирип турган нерсе ушул десем болот.
Апам келиндерине өз кыздарындай мамиле кылат. Бирин дагы жамандап же катуу урушканын көргөн эмесмин. Баарын өзүнө тартып, сыйлап, түшүнүп жашайт. Кээде бизди урушат, бирок келиндерине келгенде дайыма жумшак мамиле жасайт.
– Апаңыз «балдарым жаман жолго түшпөсүн» деп эмнеден эң көп коркчу?
– Балдарынын жаман адаттарга берилип кетишинен коркчу. Алтынчы класста окуп жүргөндө балдарга кошулуп алып, эч ким жашабаган үйгө кирип тамеки тартып көргөм. Апам билип калыптыр. Үйгө келерим менен «үйлөчү» деди. Үйлөдүм. Ошондо эле тамеки тартканымды сезип койду. «Атаң чекпейт, таякелериң чекпейт, сен кимди туурап жүрөсүң?» деп катуу капа болду. Ошол сөз жүрөгүмө жетти. Ыйлап жибердим. Апа, кечириңиз. Экинчи чекпейм. Бир гана суранычым бар, атама айтпаңыз дедим.
Ошол күндөн кийин өмүрүмдө тамеки кармаган жокмун. Азыр тамекини качан таштадыңыз деп сурашса, алтынчы класста тартып көрүп, ошол күнү эле таштагам деп күлүп жооп берем.
Ошондо эненин жүрөгү кандай сезимтал болорун түшүнгөм. Баланын ар бир кадамын байкап турат экен.
– Бүгүн артка кылчайганда, апаңыздын эмгегинин алдында өзүңүздү карыздар сезесизби?
– Албетте. Кээде артка кылчайып караганда жүрөк сыздайт. Апамдын биз үчүн жасаган эмгегин ойлосом толкунданып кетем.
Азыр апам биздин колубузда, биз менен жашайт. Кудайдан тилегеним – өмүрү узун болсун. Жаш кезинде көп баланы тарбиялап, өзүнө убакыт бөлгөн жок. Эс албай эмгектенди.
Мен апама өмүр бою карызмын. Ал карыздан эч качан кутула албайм. Мени жарык дүйнөгө алып келгенинин өзү эле эң чоң жакшылык. Канча жашасам дагы ошол карыз жүрөгүмдө жашайт.
– Сиздердин ийгилигиңиздерди көргөндө апаңыздын көз карашынан эмнени байкайсыз?
– Ар бир баласынын ийгилигине чын жүрөктөн кубанат. Биз менен сыймыктанат. Ошол эле учурда «балдарыма көз тийбесин, сөз тийбесин» деп Кудайдан тилеп турат.
Биздин ийгиликтерибизди көргөндө көздөрү жайнап кетет. Жүзүнөн бакыт көрүнөт. Ошондой учурларда «бүгүн апамдан өткөн бактылуу адам жок болсо керек» деп биз дагы сүйүнөбүз.
Ошондуктан ар бирибиз анын көңүлүн оорутпоого аракет кылабыз. Апам кейибесин, жакшы сөз уксун деп жакшы иштерди жасаганга умтулабыз.
– Апаңыздын тарбиясын бүгүнкү энелерге үлгү кылып айтса болобу?
– Албетте болот. Апамдын өмүр жолу китепке дагы, киного дагы татыктуу. Анткени анын оозунан жаман сөз чыкканын уккан эмесмин. Ал бирөөнү жамандабайт. Тескерисинче, кимдир бирөө жаңылышып кетсе дагы: «Азыр адашып жүрөт, бирок эртең жакшы жолго түшөт» деп жакшы үмүт менен карайт. Туугандарыбыз, коңшу-колоңдор, куда-сөөктөрдүн баары апамды жакшы көрүшөт. Урматташат. Үлгү катары көрүшөт.
Мен апамды мактабайм. Мен апам менен мактанам. Апам кайгырбасын, капаланбасын деп тилейм. Жалпы эле энелер балдарынын жакшылыгын көрүп, узак жашасын. Анткени энеге болгон карызды эч качан толук өтөп бүтө албайсың. Апалар бар болсун!
