Нуржамал Торобекова, Жогорку Кеңештин депутаты: “Мигрант болуп жүрүп баламдан айрылып калгам”
6 апрель

Нуржамал Торобекова, Жогорку Кеңештин депутаты: “Мигрант болуп жүрүп баламдан айрылып калгам”

Бул жолу Жогорку Кеңештин депутаттары мурдагыдан өзгөчөлөнүп калк арасындагы кадыры, иши, эмгеги, жөндөмү бар адамдарды эл өзү танда алганында болду.  Анын бири Нуржамал Турсуналиевна айым биздин редакциянын төрүндө. Элге жаккан кызматынын арты менен эл колдоп шайланып келген депутат айым өмүрүндөгү басып өткөн жолу, кантип эл өкүлү болуп келип калганы, жеке жашоосу боюнча кеп кылып берди.

– Саламатсызбы Нуржамал айым,  талапкер кезиңизде, депутат болооруңузга канча пайыз ишенгенсиз? Жыйынтыкты  укканда кандай абалда болдуңуз?

– Бул шайлоо бизге окшогон карапайым элдин арасынан чыккандарга чоң мүмкүнчүлүк болду. Ал күнү үй-бүлөм менен үйдө элем. Жыйынтыгы чыгып, элдин добушу эсептелип жатканда сарсанаа болдум. Кечкурун тааныштар куттуктап чала башташты. Бир чети толкундандым, бир туруп ишенген жокмун. Ошол эле учурда элдин жүгү оор болот деп коркунуч да болду. Бирок, буга чейин чечилбей келген көптөгөн маселелерди  жогорку трибунадан көтөрөм деген тилегим ишке ашаарына кубанып да жаттым. Ошентип буйрук экен депутаттык мандат алдык. Мени колдоп, ишеним артып шайлаган элиме чоң рахмат.

– Негизи буга чейин кандай иштерди аркалагансыз?

– Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин  аяктагандан кийин, айылыма барып чет тилден сабак берип иштеп калдым. Ал жакта иштеп жүргөндө Алайга алакачып кетип тагдырды буйруганы экен жолдошум экөөбүз нике буйруп баш кошуп калдык.

– Кандай жерге келин болдуңуз?

– Жолдошум бир үйдүн ортончу баласы болгон үчүн өз алдынча бутубузга турушубуз керек болду. Ал кезде жумушсуздук да күч эле. Ээрчишип казакстанга барып иштеп калдык. Миграциянын кыйынчылыгын ошол жактан көрдүм. Мен үчүн оор болгону, өмүр боюу жүрөгүмдө так болуп, айыкпай турган жагдай ошол жакта болду. Туң уулубуз төрөлүп, күлүп кылыгы чыгып калган кезде ажалга алдырып жибердик. Эстесем азыр да жүрөгүмдүн жарааты сыйрылып, көзүмө жаш айланат. Шарты жок, чет жакта, бөтөн эл, бөтөн жерде балабызды оорутуп алдык. Ооруканалар кабыл албай кыйналган учурларыбыз болду. Ошентип алгачкы кубанычыбыздан айрылып азапка батып кала бердик. Азыр ал теңдүү балдарды көргөндө, “Менин да балам ушундай болуп бойго жетмек экен. Уулум тирүү болгондо үйлөнүп калмак” деген ой келе берет. Энемин да, эстебей калган күнүм болбойт. Кийин бир кыз бир уулду болуп калганда орусияга кетели деп чечим кабыл алып, Россияда мигрант болуп иштедик.

– Ал жакта кандай иштерде иштедиңиз?

– Чет жакта жүргөнүмдө тил билүүм абдан жакшы жардам берип, корей элинин соода борборуна кичи кызматкер болуп ишке орноштум. Азыркы жаштарга да тил үйрөнгүлө деп кеңеш берер элем. Ошентип иштеп жүргөн кезде Ооганстандын элчилигинде иштеген кыргыз эже өзү Кыргызстанга кетип жатканын, ордуна чет тилин билген  “референд” керек экенин айтып мага сунуштады. Ал эже себепкер болуп доллар менен айлык төлөп берген, орусия менен ооганстандын ортосундагы элчиликке кызматка орношуп калдым. Жолдошум банктардын биринде курьер болуп иштечү. Бул жакта калган балдарыбызды жаныбызга алганга да мүмкүнчүлүк болуп кубанып эле калдык.

– Миграциянын кыйынчылыгын жон териңиздер менен сезген экенсиздер?

– Мекенден алыстоо, эл жерге болгон сагыныч кандай экенин абдан жакшы билебиз. Биз үй бүлө болуп бардык. Ал эми бөлөк эл, бөтөн жерде жалгыз кыйналган канча замандаштарыбызды көрдүк. Колубуздан келишинче жардамдаштык. Өз жериңден өтөөрү жок.  Жолдошум экөөбүз кетип жатканда “үй алып, өзүбүздүн жашоо шартыбызды оңдогонго чейин гана чет жакта болобуз, калган жашообуз Кыргызстанда болот” деген элек. Балдарыбызды ээрчитип алып мигрант болуп бутубузга турдук. Өз жерибизге 2016-жылы кайтып келип үй жай алдык. Кудайым бизге 2017-жылы кыз белек кылды. Азыр жаратканыма шүгүр баары жакшы.

– Негизи депутаттыка бар деп ким сунуштады? Эл өкүлү болушуңузга эмне түрткү берди?

– Кызым бир жаш сегиз ай болгонунда атамдын сунушу менен өзүм туулуп өскөн 37 миң калкы бар Мады айыл өкмөтүнө соц адиси болуп  ишке кирдим. Башкы адистикке чейин көтөрүлүп акыры карапайым элимдин социалдык маселесин жеринен биле баштадым. Ошондой күндөрдүн биринде атам катуу ооруп калды. Бир тууган инилерим болуп кеңешип атамды Оштон Бишкектеги ооруканаларга алып келип дарылаттык. Таңдан кечке маселесин, көйгөйүн айтып телефон чалгандар көп болду. Кээде, “баланча маселе канчадан бери чечилбей келет. Жогорку өкмөткө айтып жеткирген бирөө болсо” деп кейип калам. Аны байкаган иним, “Эже келээрки шайлоого катышпайсызбы. Элдин маселесин жеринен билген сиздей билимдүү айым ал жакка деле керек ” деп калды. Ошентип инимдин сунушу, жолдошумдун, жакындарымдын колдоосу, Кудайдын буйругу менен депутат болуп калдым.

– Шайлоого катышам дегениңизге жолдошуңуз дароо макул болдубу?

– Соц кызматкердин иши абдан оор. Ар кандай зордук зомбулук, балдарды таштап кеткен, үйүнөн качып кеткен же кордук көргөндөр, айтып отурса абдан көп түрдүү маселе  менен иштедик. Айрым учурда түндөп жүргөн кездер болду. Аял киши болгонум үчүн түнкү иштерде жаныма жолдошумду ээрчитип алаар элем. Башында кызганып жүргөн адамым, кийин өзү кошо жардамдашып, маселени бирге чечкенге көмөктөшүп, жоголгон балдарды издешип жүрдү. Ал эми талапкерлигимди коеюн дегенимде, жарым ай ойлонуп көрүп, чечим кабыл алып, “сенин колуңдан келет” деп макулдук берген эле.

– Жогорку Кеңеште хиджап кийген айымдардын катарына киресиз. Жоолукка кандайча болуп келип калдыңыз?

– Буга чейин мамлекеттик кызматтын этикасын сактап эле кийинип жүрчүмүн. Мусулман болгондон кийин парзыбызды аткарып Умра сапарына барып келген элек. Ал жакка баратканда салындым жана келгенден кийин кырк күндөн кийин чечиш керек дегени бар. Биз келгенден кийин эле сыркоолоп жаткан атамдан айрылып калдык. Биз жакта жакын адамы бул дүйнөдөн өтүп кеткенде кара ашына чейин  “кара, көк” салынып аза күтөбүз. Ошол себептен жоолугумду чечкен жокмун. Жакында атамдын ашы болгон соң, кыргыз наркы, салты менен, кыргызча эле жоолугумду артыма салынам. Бул чечимди жолдошум, жакындарым да айтып колдоп келет. Кыргыз элим да туура түшүнөт деген ойдомун.  

– Эл жүгү оор. Үй бүлө менен ишти бирге алып кетүү оорбу?

– Ийлиликтүү айым болуш үчүн жаныңда көтөрмөлөгөн, колдогон, түшүнгөн жолдошуң болуш керек. Жолдошума, кайын журтума ыраазымын. Жашоодо өкүнгөнүм атам жалгыз кызынын мандат алганын көрбөй кетти. Көрсө кубанмак болуш керек. Бирок жанымда атамдын ордун жоктотпогон,  жөлөп таяган инилерим бар. Кыйынчылык күндөрдү бирге жеңдик. Жакшы күндөрдө да биргебиз. Элдин түйшүгү чоң жоопкерчилик. Ишенимди актап эл үчүн эмгек кыла бермекчибиз. “Элдин кызысың” деп, үй бүлөлүк түйшүктү жеңилдетип, эл менен иштөөмө шарт түзгөн жакын адамдарыма рахмат айтам. Биз иштейбиз деп шайланып келдик. Кызматыбызды калк үчүн кылууга баардык күчүбүздү жумшамакчымын.