Абсеитов Азамат: «Тагдыр менден баарын алды, жок дегенде баламдан ажыратпаса дейм»
17 март

Абсеитов Азамат: «Тагдыр менден баарын алды, жок дегенде баламдан ажыратпаса дейм»

Алыскы элет жеринде жалгыз баласын медер тутуп, көзү азиз болсо да өзү тарбиялап жашап келген жалгыз бой атанын тагдыры жөнүндө айтып берели. Жалгыз бой ата мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан, квартирада турса да жакшы жашоодон үмүт үзбөй жашап келет.

«Уулум – медерим, көрөргө – көзүм, угаарга – кулагым»

– Кыйынчылык башка түшсө көтөрөт экенсиң. Жалгыз балам азыр жети жашта. Өзүм 37 жаштамын. Учурда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 3000 сомдон төлөп ижарада жашайбыз.  Уулум менин медерим, көрөргө көзүм, угаарга кулагым. Себеби 2019-жылга чейин жашоом жакшы эле. Өзүм Россияга чейин барып ар кандай оор иштерде иштеп жүрсөм да саламаттыгым сонун, телегейим тегиз,  үйлөнүп эл катары жашап келгенбиз. Ошол аты жаман ковиддин алдында өпкөдөн катуу ооругандан тарта жашоом түп тамыры менен өзгөрдү.

«Күнү-түнү караңгылыкта жашайм»

– Сыркоолоп калган кезде катардагы оорудай кабыл алып бейтапканага барган элем. "Өпкөңдөн жабыркаптырсың" дешип жергиликтүү дарыгерлер дары-дармегин жазып беришкен. Дарыланып жүрдүм. Бир күнү көрүүм кескин начарлап, кулагым жакшы укпай баштады. Эмнеден экенин өзүм деле түшүнбөй калдым. Борборго көз догдурларга көрүнө баштадым. Жеке менчик клиникалардын биринен Турциядан келген врачтардын колунан операция да болдум. Ошо менен таптакыр көзүм көрбөй калды. Азыр көрүүм нөл пайыз. Күнү-түнү караңгылыкта жашайм.

«Ден соолуктан ажырагандан кийин келинчегим таштап кетти»

– Биротоло көзүм көрбөй, бул жарыкчылыктын нуру менен коштошконумда келинчегим таштап кетти. Ошол күндөн баштап баламды жалгыз тарбиялай баштадым. Азыр көзүм көрбөй, кулагым жакшы укпаса да тамак жасап, кир жууган өңдүү үйдөгү аял затынын ишин, бала багуу, ага кам көрүү жалгыз менин мойнумда. Балам экөөбүз бири-бирибизге тирекпиз. Эртең менен саат жетиде ойгонуп ошо менен уулумду мектепке даярдап жеткирем. Түштө сабактан чыкканга чейин мектеп короосунда күтүп турам. Экөөбүз ээрчишип алып үйгө келебиз дагы күнүмдүк тиричилигибиз башталат. Эмне кылам? Кудайым ушул жашоону маңдайыма жазыптыр, айла жок көтөрөм да.

«Шарты бар батирге чыксам мамлекет баламды талашпайт эле»

– Жашоодо көп нерсеге өкүнүп, көп адамдарга таарынат экенсиң. Кыйын кезде колдобогон бир туугандарыма таарындым. Учурда шарты жок квартирада жашаганымды көрүп мамлекет баламды талашып жатат. Мүмкүнчүлүгүң чектелген, жашы жете элек уулуңду карай албайсың дешип балдарды коргоо борборунан күн сайын келишет. Мен баламды бергим келбейт. Энесиз өскөнү аз келгенсип атасыз жетим болуп калышын каалабайм. Кайрымдуу элдин жардамы менен жок дегенде шарттуу батирге көчүп чыгып алсак балким мамлекет тийишпейт беле деген ойдомун. Баламсыз жашоомду элестете албайм. Тагдыр мендеги бар байлыгымды алды, жок дегенде уулумдан ажыратпаса дейм.

Жардам берем дегендер үчүн: Мбанк 707803357 Азамат А.