Ширин Абдрахманова, Нурак Абдрахмановдун кызы: «Атам мени «жаман кыз» деп эркелетчү»
Элибизде «аккан арыктан суу агат» деген кеп бар эмеспи. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, кыргыз элинин залкар инсаны Нурак Абдрахмановдун кызы Ширин Абдрахманова ата жолун улап ыр жазып, обон чыгарып элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет. Ширин айым редакциябыздын коногу болуп атасы жөнүндө кеп кылып берди.
– Ширин айым, айтсаңыз, Нурак Абдрахмановдун канчанчы кызысыз?
– Жамы журт билгендей атамдын эки бүлөсү болгон. Биринчи жубайынан жети баласы, экинчи никесинен жети баласы бар. Он төрт бир туугандын ортончусу болом. Тагыраагы, мен атамдын биринчи үй-бүлөсүнүн эң кенжеси – жетинчисимин.
– Башка бир туугандарыңыздын ысымын чыгармачылыктан уга элекпиз. Ата жолун улап, ысымын чыгарып келе жаткан сиз эле болсоңуз керек...
– «Талант» деген касиет адамдын каны аркылуу өтөт деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай атамдын он төрт баласы тең таланттуу. Эгер чыгармачылыкка аралашса алардан деле төбөсү көрүнгөн инсандар чыкмак болуш керек. Комуз кармаганды атамдан үйрөнүп, эл алдында чыгып күүлөрүн чертип жүргөн иним, сиңдим бар. Көптөгөн кароо-сынактарга катышып байгелүү орундарга ээ болуп жүргөн Нураков Адилмырза деген небереси да жолун улап келе жатат. Башка бир туугандарым ыр жазып, комуз чаап, андан сырткары «устат» болуп жүрүшөт. Дээрлик бир туугандарымдын баары комуз чертишет, ырдашат. Ал эми чыгармачылыкты кесип кылып, музыкалык окуу жайларда окуп, консерваторияда билим алып башка бир да кесип менен алек болбой атамдын изи менен келе жаткан кызы менмин. Учурда «Арка сыры» элдик фольклордук ансамблинин көркөм жетекчисимин. Андан сырткары Жамиля Муратованын «Гүл санат» студиясында комуз ойноо жана элдик ырларды ырдоо боюнча устат болуп көп жылдан бери эмгектенип келе жатам.
– Кыргыздын залкары сиз үчүн кандай ата болгон?
– Мен үчүн калдайган аска зоо болчу. Атамдан айрылганымда мен 31 жашта болчумун. Эмнегедир жоготуп алам деп эч ойлочу эмес экемин. Өмүр бою менин жанымда жүрчүдөй сезим боло берчү. Ооруса да, айыгат деген үмүтүм бар эле. Эгер ошол учур кайрылып келсе мен атамдын жанынан чыкпай көп жакшы сөздөрүмдү айтып, чыгармачылыктан, турмуш сабактарынан көптөгөн кеңешин алмакмын. Бирок дале өкүнбөйм, жазган автордук ырларымды, чыгарган обондорумду атам угуп кеп-кеңешин айтып калды. Эң алгач чоң сахнага атам себепчи болуп, 50 жылдык мааракесинде автордук күүсүн чертип 14 жашымда чыккам.
– Атаңыз менен бирге өткөргөн эң бактылуу күндөрүңүздү көп эстейсизби?
– Нота менен эмес, угуп үйрөнгөн бир нече күүлөрүн өзүнө угузуп кемчилигин түздөтүп, ыкмаларын үйрөнүп калдым. Көзү өткөндө атадан айрылдым деп кабыргам кайышса, экинчи кайгым кыргыздын маданиятынын залкары кетти деп өксүгөн элем. Атам санжырачы болгон үчүн тарыхта Адил хан бабабыз болгон экен деп «Атилла хан» күүсүн жараткан эле. Ошондо экөөбүз ээрчишип алып телевидениеге барып күү черткенбиз. Мен «Ала-Тоо» деген автордук ырымды ырдагам. Эфирден чыкканда менин чыгармаларыма сын-пикирин айтып, «сен мүнөзүң шайыр да, өзүңдүн кулк-мүнөзүңө ылайыктуу чыгарма жаз» деп ата-бала болуп кобурашып кайтканбыз. Көрсө, ошол күндөрүм эң бактылуу көз ирмемдерим экен. Андан кийин атам менен ээрчишип антип телеге бара алган жокмун. Атамдын үнү сахнада жаңырбай калды. Ал күн атам менен телеге бирге тартылган эң алгачкы да, эң акыркы да эфир болуп калды.
– Атаңыз башка үй-бүлө куруп кеткенине капа болгон жоксузбу?
– Мен атама ыраазымын. Эч качан капа болгон эмесмин. Атам балдарын таштаган жок. Баарыбыз каалагандай жолугуп, кездешип үйүбүзгө келип катышып турдук. Мен өзүм кыз бала болгон үчүнбү, апам Күмүшайга жакын болдум. Алгачкы ырымды апама арнап чыгарып, эл алдына ырдап чыкканымда атам, «Ай жаман кыз, качан мага арнап ыр чыгарасың? Мага деле арнап ыр жазсаң боло!» деп тамашалап калар эле. Кийин Ж.Кадыркуловдун обонуна «Атама» деген сөз жазып атама арнаган элем. Ошол ырды Султан Садыралиев ырдап жүрдү.
– «Ата» деген сөздү укканда сахнадагы кези элестейби же үйдөгү атаңызды элестетесизби?
– «Ата» дегенде үйдө, дасторкон үстүндө чоң ата, чоң энелеримди айтып берген атамды эстейм. Балалык чагын көркөмдүү окуяларын сонун баяндаган, ар бирибизге батасын берип, эркелеткен, тамашакөй кептерин менен баарыбыздын көңүлүбүздү көтөргөн, тарбиялаган жөнөкөй атамды элестетем. Ал эми Нурак Абдрахманов дегенде залкар комузчуну, сый урматка татыган чебер устатты, улуу санжырачы кыргыздын залкар инсаны көз алдыма тартылат.
– Эл арасында көп айтылбаганы менен сиз деле көптөгөн обондуу ырлардын сөзүнүн автору экенсиз. Обон да чыгарат турбайсызбы? Убагында атаңыз жардам берип калдыбы?
– «Билесиңби?» деген сөзү, обону өзүмө таандык ырымды атам, кенже апам экөө бир жакка баратып машинада угуп калган экен. Ошондо атайын апам экөө мен жашап жаткан үйгө келишиптир. Атам мени «жаман кыз» деп эркелетип коёр эле. Атам эшиктен кирип: «Ай жаман кыз, сен сонун ыр жазган турбайсыңбы. Сөзү да жакшы экен, обону да таасирдүү мыкты чыгарма болуптур. Башкалардын ырдаганын угуп атайын келдим. Азаматсың кызым» деп менин жаратмандыгыма бир чети сыймыктанып, сүйүнүп комуздун коштоосунда мени ырдатып укту эле. «Ушул ырың чыгармачылыгыңдын башаты, ак жолтой чыгарма болсун. Муну менен токтобо кызым, дагы чыгармачылыгыңды өркүндөт» деп адатында алаканын жайып батасын берип, ыраазычылыгын билдирип кеткен болчу.
– Бул чыгарманы эл алдында аткардыңызбы?
– Ооба, атамдын берген батасынан, ыраазычылыгынан соң ырым кылдым. Бир чети атамдын арбагы ыраазы болсун, берген батасы тийсин деп ушул чыгармамды өзүм аткарып, эң алгачкы клибимди тартып телевидение, радиого берип, интернетке салып жайылттым. Өмүр деген өтө берет экен. Атамдын көзү өткөнүнө он бир жол болсо, апамдан айрылганыма бир жылдын жүзү болду. Мен аларды ар дайым сагынам, ар дайым жүрөгүмдө.
– Ата-энеңиздин ишенимин актай алдым деп ойлойсузбу?
– Ата-энемдин менден күткөн нерсесин ишке ашырганга күч аракетимди жумшаганга далалат кылып, учурда өзүмдү- өзүм сооротуп жашап келем. Азыр деле ыр жазсам же обон чыгарсам атам укса эмне дейт эле? Атама жакмак беле? Кандай сын пикир айтмак болду экен? деп ойлонуп толгоно берем. Ушундай ата-эненин кызы болуп калганыма Жаратканга миң ирет ыраазы болом. Алардын насааты, көрсөткөн жолу, багыты менен, баскан изи, чыйыр жолу менен мен да кыбырап келе жатам. Куранымды окуп, кызыңар силерди уят кылбай, татыктуу эмгек кылат деп өз оюмда алар менен сүйлөшүп алам.
– Атаңыздын экинчи жубайы менен мамилеңиз жакшы турбайбы?
– Ооба, жети бир тууганымдын апасы менин да апам болот. Ысымы Аманбүбү. Бирок биз кичүү болгон үчүн кенже апам деп айтып калганбыз. Катышып, сүйлөшүп турам. Өзүмдүн апам менен кенже апамдын мамилеси убагында жакшы болгон. Атам барда эле баарыбыз катташып турчубуз. Азыр да ошол мамилебиз уланып келе жатат.
– Өзүңүз үй-бүлөлүүсүзбү?
– Эки кыздын апасымын. Улуу кызым Дидаржан 18 жашта. Көркөм сүрөт академиясында 11-классты аяктоодо. Экинчи кызым Акмаржан 14 жашта. Учурда мектепте окуйт. Эмнегедир кыздарым музыкага ыктаган жок. Ал эми кыздарымдын атасы менен 12 жыл мурда эки башка жолго түшкөнбүз. Азыр анын өзүнүн үй-бүлөсү бар. Атасы менен кыздарымдын мамилесине кийлигишпейм. Кудайым нике буйруган болсо экинчи турмуш жаңыртууга каршы эмесмин. Жараткандын башка салганын көрөрбүз...
