13 август

Гүлнина Нургазиева: «Мен оронуп-чулганууга каршымын, кыргыз – кыргыз бойдон калышы керек»

Гүлнина Нургазиева ар кандай иш-чараларда улуттук каада-салтты чагылдырып келет. Баланы бешикке бөлөө, тушоо кесүү, келинди тосуп алуу сыяктуу жөрөлгөлөр эзелтен кыргыздарда кандай өткөрүлүп келгенин көрсөтөт. Арча түтөтүп тилек айтат, кошок кошуп кыздарды турмушка узатат.

Ал бизге бүгүнкү күндө кыргыздын кайсы салттары унутта калып баратканын, колдонулуп жаткан кайсы салттар бизге чоочун экенин жана каада-салтты сактоонун маңызы эмнеде экенин айтып берди.

– Ар бир нерсенин башталышы болот эмеспи. Улуттук каада-салтты тааныштыруу, улантуу милдетин кантип аркалап калдыңыз?

– Мен өзүм Бишкектин четиндеги Пригород айылында жашайм. Кварталдык комитеттин төрайымы болуп иштеп турганымда, айылда Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдандык. 500дөй адам келчү иш-чараны уюштуруу да, көпчүлүккө кызыктуу кылып өткөрүү да кыйын экен.

Нооруз – улуттук майрам болгондуктан, анда сөзсүз улуттук көрүнүштөр камтылышы керек. Өзүм негизи эле салтты катуу карманам. Ата-энемден, чоң ата-чоң энелерден көргөн, уккан нерселерди балдарыма да карманып келдим.

Ошолордун негизинде тушоо той жасадык. Тушоо той – там-туң баскан балага жолу шыдыр, кадамы ишенимдүү, келечеги кең болсун деген изги тилек менен жасалат эмеспи. Биз бардык жөрөлгөнү карманууга аракет кылдык.

Ал иш-чарадан кийин мага башка да иш-чараларды уюштуруп берүүгө чакырыктар түшө баштады. Ошентип, өзүм да байкабаган тейде каада-салтты улантуучу болуп калдым.

– Биз азыр карманып жаткан салт-санаанын кайсынысы биздики эмес жана кайсы салтты унутуп баратабыз?

– Биздики эмес деп мен улуттук кийимибиздин өзгөрүп баратканын айтат элем. Кыргыздар байыртадан кызды абдан урматтаган. «Кыздын кырк чачы улуу» деген төрт сөз менен кызга болгон урмат-сыйды, барк-бааны, терең мамилени так жеткиришкен.

Эгерде кыздар узун кийинип, өзүнүн тамырына кайтууну каалашса, ошого ылайык өзүбүздүн кийимибиз бар. Тилекке каршы, жамынып, башка элдин кийимин маданиятыбызга киргизип жатабыз. Кыргыз эч убакта кыздарынын бетин чүмкөгөн эмес.

Эң бир кооз кийимибиз бар, ошону деле заманбап көрүнүшкө айкалыштырып, жакшынакай кылып кийип алышса болот. Оронууну кыргыздын салты деп эсептебейм. Буга коомчулукта каршылар да көп, ошол эле учурда колдогондор да толтура.

Кийим, сырткы көрүнүш – бул улуттун өзгөчөлүгүн көрсөтүүчү белгилердин бири. Ал аркылуу сырттан карагандар ошол элдин маданиятын байкашат. Оронуп-чулгануу менен биз өзүбүзгө таандык өзгөчөлүгүбүздү жоготуп бараткандайбыз.

Ал эми унутта калып бараткан салттардын бири – кызды узатуудагы кошок айтуу. Бул азыр дээрлик кездешпей калды. Биз кошок айтууну терс кабыл алып, аны өлүмгө, жоготууга байланыштырып койдук. А бирок ата-бабаларыбыз кызды турмушка кошок айтып узатышкан.

Бул терең философия. Кыз барган жеринен баар табат, таштай катып, суудай сиңет, ошолордун бүлөсү болот, ошолордун салт-санаасын карманат деген бекем ишеним менен түбөлүк конушуна аттантышкан.

«Эти биздики, сөөгү силердики», – дешкен кудаларына. Бул демек, төркүнгө кайра жашоо үчүн кайтып келбейт, кайын журтун эл кылат, ичер суусу түгөнсө, сөөгү ошол жакта калат деген сөз.

Ошол эле учурда кошок аркылуу кызды кайын журтуна табыштаган: «Кор кылбагыла, ыйлатпагыла, бөпөлөп баккан кызыбыз силерге аманат», – дешкен.

А азыр кызды кафе-ресторандан узатышып, баары жаңыланды. Ар бир нерсе заманга жараша өзгөрөт турбайбы деп ойлогон менен, баары бир жүрөк тереңинде ата-бабалар сактаган салт бизден ары да уланса го деген көксөө турат.

– «Аш көп болсо, каада көп» деген сөздү кандай чечмелейсиз? Салтты өтө эле кармануу ашыкча чыгымдарды жаратарын айткандар бар.

– Салт менен ысырапкорчулук такыр башка нерселер. Салт – бул ишеним, жөрөлгө. Алардын ар биринин өзүнө таандык философиясы бар. Ал эми ысырапкорчулукту кийин гана, заманыбызга жараша жаратып алдык.

Мисалы, келин алып, кыз берүүдө. Келин алгандан кийин келген кудаларды тосууда «түштөндүрүү», «кол чайкамай» жана башка салттар чыкты. Буларды биз өзүбүз «аш көп» болуп кеткендиктен ойлоп таптык.

Буларга кеткен чыгымды жаштарга сарптасак болбойт беле деп ойлойм. Көбүбүз ушуну каалап турганыбыз менен, аны жасагандан тартынабыз. «Салтты» бузгубуз келбей эле, ысырапкорчулукка жол берип жатабыз.

– Эгер каада-салт туура эмес жасалып жатканына күбө болуп калсаңыз, аны ачык айтасызбы? Же ичиңизден гана ойлоп кала бересизби?

– Албетте, кээде кайсы бир салт кандай кармалышы керектиги боюнча талаш-тартыш болот. Кээ бир учурда каада-салтты бузбай сактайлы деп айтып калам.

Эгерде биз азыр жаштарга туура көрсөтүп, туура түшүнүктү сиңирбесек, улам бирибиз өзгөртө берсек, бара-бара такыр эле башка маданиятка ээ болуп калабыз. Анда наркыбызды жоготобуз.

– Балдарыңызга карата кайсы салтты кармандыңыз?

– Биздин муун балдарды бешикке бөлөп чоңойтконбуз. Ага ылайык, энелерибиз бизге бешик алып келип, баланы бардык жөрөлгөлөр менен бөлөчү. Мен да неберелериме бешик алып барып, салт-санаанын негизинде бөлөдүм.

Илгери баланы айылдын эң кутман байбичелери бешикке салып, дени сак, акыл-эси жетик, өмүрү узун болсун деп бата беришчү. «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» дейт. Бешикке алгачкы бөлөөдөгү ар бир кыймыл өзгөчө маанини камтыйт.

Бир гана кичүү кызым баласын бешикке бөлөтпөй койду. Ага да алып барайын деп умтулдум, бирок: «Дарыгерлер баланы катуу таңуу зыян деп айтышат, мен баламды эркин чоңойтом», – деп койду.

Ар замандын өзүнүн ээлери болот. Алардын да пикирине кулак салыш керек. Бирок бешиктин бала үчүн пайдасы көп деп эсептейм. Таңуу – эненин ичинде, тар жерде жетилип, жарык дүйнөгө келген балага бул жашоого адаптацияланууга жардам берет. Анын үстүнө кургак жатат, бул гигиеналык жактан туура.

Мен бешикти такыр унутуп кетишибизди каалабайт элем.

– Бала кезиңизде көргөн кайсы каада-салттар эсиңизде?

– Биздин бала кезибиз кыргыздын өзөгү өзгөрүүгө дуушар боло элек мезгилде өттү. Союз маалында дагы салт-санаабызга чоочун көрүнүштөрдү аралаштырбай, таза бойдон сактаган элек.

Келин алып келе жатканда аркан менен тосуу бар болчу, азыр ал канчалык кармалат, билбейм. Бала төрөлүп, 40 күн болгондо карын чачы алынчу, бул да өзүнчө бир жөрөлгө эле. Жогоруда айтканымдай, бешикке бөлөө да өзгөчө болчу.

Жаңы төрөгөн келин жылуу кийинип, белин бекем таңып, керек кезде өзүнүн ата-энеси тарабынан белгилүү бир убакытка чейин каралчу. Бул дагы энелердин ден соолугун сактоого багытталган жөрөлгө болчу.

Ал убакта тойлор үйлөрдө жасалчу. «Канча бут кирсе, ошончо кут кирет» деген сөздүн түз мааниси сакталчу. Берилген бата, айтылган каалоо-тилектер үйдө калчу.

А азыр баары кафе-ресторанда. Балким, бул ыңгайлуулук жагынан жакшыдыр, бирок мага заманбапташуу менен кайсы бир жактан аксап жатканыбыздай сезилет.

Бул нерсеге биз, энелер, өтө катуу көңүл бурушубуз керек. Жалпы энелерге кайрылат элем: кыргыздын салтын андан ары улантууда биздин жоопкерчилигибиз чоң.

Балдарыбызга үйрөтөлү, көрсөтөлү, убагы келгенде алар да андан ары өткөрүп бергидей болсун. Бүгүн биз көрсөтпөсөк, үйрөтпөсөк, эртең аларда кийинки муунга өткөрүп берүүгө эч нерсе калбай калышы мүмкүн.