Кыргызстандыктардын айлык акысынын 2%ы жеке пенсиялык топтомдоруна түшөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август

Кыргызстандыктардын айлык акысынын 2%ы жеке пенсиялык топтомдоруна түшөт

Иштеп жаткан кыргызстандыктардын пенсиялык төгүмдөрүнүн бир бөлүгү алардын жеке эсептеринде топтолот. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Социалдык фонддун өкүлү Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Анын айтымында, кеп пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө багытталган 2 пайыздык төгүм тууралуу болуп жатат.

Бул каражаттар жөн гана эсепте сакталбастан, инвестицияланат. Натыйжада топтолгон каражаттарга инвестициялык киреше чегерилет.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, пенсиялык камсыздандырууга кармалуучу эмгек акынын 10 пайызынын ичинен 2 пайызы Мамлекеттик топтоо пенсиялык фондуна которулат.

1964-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн эркектерден жана 1969-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн аялдардан бул 2 пайыз кармалбайт.

Мукамбетовдун белгилешинче, топтолгон каражаттар камсыздандырылган жарандын өзүнө таандык. Мыйзамда каралган шарттарда бул каражаттар жаранга төлөнүп берилиши мүмкүн.