Бишкек мэриясы жана АӨБ Жолугшууда шаардык транспортту электрлештирүү долбоорун талкуулашты
Бишкек мэриясы
12 август

Бишкек мэриясы жана АӨБ Жолугшууда шаардык транспортту электрлештирүү долбоорун талкуулашты

2026-жылдын 11-августунда Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин орун басары  Рамиз Алиев менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Чжэн Вунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушууда шаардык транспортту электрлештирүү боюнча долбоордун учурдагы абалы жана аны мындан ары ишке ашыруунун келечеги талкууланды.

Тараптар 2027-жылдан тартып ишке ашыруу пландалып жаткан пилоттук «жашыл» мобилдүүлүк коридорун түзүүгө багытталган "Компонент-3", ошондой эле автобус транспортунун туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган "Компонент-4"  карап чыгышты. Эки багыт боюнча тең тиешелүү документтер даярдалып, учурда АӨБ менен биргеликте такталып жатат.

АӨБдүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Чжэн Ву Бишкек менен кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин белгилеп, долбоорду 2029-жылга чейин узартуу пландалып жатканын билдирди. Бул каралган иш-чараларды, анын ичинде жаңы компоненттерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары, АӨБ шаардык мобилдүүлүк тармагында жаңы долбоорду даярдоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы күн энергиясын пайдалануу, анын ичинде шаардык инфраструктура объектилерине күн панелдерин орнотуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар шаардык мобилдүүлүктү, экологиялык таза транспортту жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти улантуу тууралуу макулдашышты.