Ошто шаар күнүнө карата масштабдуу эл аралык бокс турнири өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 август

Ошто шаар күнүнө карата масштабдуу эл аралык бокс турнири өтөт

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бүгүн, 12-августта Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазовду кабыл алды.

Мэриядан кабарлашкандай, тараптар Ош шаарында өтө турган TURKSEN 3 эл аралык профессионалдык бокс турнирин уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Шаар күнүнө карата уюштурулуп жаткан масштабдуу спорттук иш-чара ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосу менен өткөрүлөт. Турнирге түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден белгилүү профессионал мушкерлердин катышуусу күтүлүүдө.

Мелдешке спорттун бокс түрүнө зор салым кошкон, дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров дагы катышат.

Жолугушууда мэр Жанарбек Акаев мындай ири эл аралык спорттук мелдештин Ош шаарында өткөрүлүшү шаардын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууга жана аны спорттук борбор катары таанытууга чоң өбөлгө түзөрүн билдирди.

Шайлообек Атазов алдыдагы мелдеш профессионалдык бокс сүйүүчүлөрү үчүн өзгөчө спорттук майрам болорун белгилеп, турнирдин программасында көрүүчүлөрдү кызыктырган бир катар курч беттештер орун аларын айтты.

Алдыда өтө турган турнирде күйөрмандар профессионалдык бокстун кызыктуу беттештерине күбө болушат. Мелдеш Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулуп, шаарда өтө турган ири спорттук иш-чаралардын бири болмокчу.