Токой кызматы
12 август
Токой кызматы JAK Т9 үлгүсүндөгү үч автоунаа сатып алды
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы үч даана JAK Т9 үлгүсүндөгү автоунааны сатып алды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.
Жаңы автоунаалардын ачкычын Токой кызматынын директору Нургазы Чодоев Токойлорду коргоо жана сактоо станциясына, Токой долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнө жана Токой жайгаштыруу жана аңчылык регионалдык башкармалыгына тапшырды.
Бул унаалар аталган түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн мобилдүүлүк жана техникалык жактан камсыздап, токойлордун абалын изилдөө, коргоо, мониторинг жүргүзүү, токой чарбасын өнүктүрүү жана токой фондун жакшыртуу боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзмөкчү.
