Кыргызстан менен Швейцария эл аралык ташуулар боюнча келишимге кол койду
видеодон алынган кадр
12 август

Кыргызстан менен Швейцария эл аралык ташуулар боюнча келишимге кол койду

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли менен жолугушту.

Ведомстводон кабарлашкандай, жолугушуу бүгүн, 12-августта министрликте өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуулар жөнүндө Өкмөттөр аралык келишимге кол коюуга байланышкан маселелер каралды.

Анда министр Талантбек Солтобаев келишимге кол коюу эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи.

Документ Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда эл аралык автомобиль ташууларды жүргүзүүгө, ошондой эле тараптардын аймактары аркылуу транзиттик ташууларды уюштурууга зарыл болгон укуктук негизди түзөт.

Бул өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук кызматташтыкты кеңейтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды, бизнести жана туризмди өнүктүрүүгө, жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга багытталат.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын аталган келишимди даярдоо жана макулдашуу боюнча жүргүзгөн биргелешкен иштерине ыраазычылык билдирилди.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуулар жөнүндө Өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Жаңы келишимдин алкагында автомобиль транспортун өнүктүрүү жана тараптардын транспорттук өз ара кызматташтыгын пайдалуу негизде кеңейтүү күтүлүүдө.