Кыргызстанда BARS улуттук бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт
Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычы менен иштеген жеңил, коммерциялык жана атайын багыттагы унааларды өндүрүүгө жана чогултууга багытталган автомобиль өнөр жай кластерин түзүү долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен кабарлашты.
Алгачкы этапта өндүрүштү ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен уюштуруу, андан кийин майда түйүндүү чогултууга жана толук өндүрүш циклине өтүү пландалууда. Мындай ыкма өндүрүштү локалдаштыруунун деңгээлин этап-этабы менен жогорулатууга, автомобиль тетиктерин чыгарууну жолго коюуга жана өздүк инженердик-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү калыптандырууга шарт түзөт.
Автоунаалар BARS улуттук бренди менен чыгарылат. Ишкананын продукциясы ички рынокко, ошондой эле Борбордук Азия жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоого багытталат.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миңге чейин автоунааны түзөт. Долбоор 15 гектар жер тилкесинде ишке ашырылып, 100 жумуш ордун түзүү каралган.
Берилген маалыматка ылайык, долбоордун даярдыгы 75 пайызды түзөт. Ишкананы 2026-жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизүү пландалууда. Долбоор толугу менен демилгечинин өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат. Мамлекет тарабынан жер тилкесин берүү боюнча колдоо көрсөтүлгөн.
Долбоордун ишке ашырылышы ата мекендик машина куруу тармагын өнүктүрүүгө, заманбап өндүрүш технологияларын киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын экспорттук дараметин жогорулатууга өбөлгө түзөт.
