Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы менен үч макулдашууга кол коюлду
12 август

Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы менен үч макулдашууга кол коюлду

Бүгүн, 2026-жылдын 12-августунда, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов маалымат жыйынында 6–7-августта Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Жыйындын күн тартибине 15 маселе киргизилип, алардын 13ү кеңейтилген форматта каралды. Жыйындын жыйынтыгы менен электрондук сооданы өнүктүрүүгө, биржа рынокторун интеграциялоого, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган үч макулдашууга кол коюлду.

ЕАЭБде товарлардын электрондук соодасы жөнүндө макулдашуу Бирликтин ички рыногунда өз ара электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүүгө, анын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле бирдиктүү иштөө эрежелерин белгилөөгө багытталган.

Документ ЕАЭБдин ички рыногунда товарларды керектөөчүлөргө аралыктан сунуштоо жана сатуу боюнча электрондук сооданын кесипкөй катышуучуларынын ишин жөнгө салат. Анда басмырлабоо, товарлардын эркин жүрүшү жана соодага катышуучулардын укуктарын коргоо принциптери бекитилген. Ошондой эле электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү, маалыматтарды коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча мамилелер каралган.

Макулдашууну ишке ашыруу ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда товарлардын электрондук соодасын өнүктүрүү үчүн кыйла бирдиктүү, ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзөт.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин брокерлерин жана дилерлерин биржалык соодага өз ара киргизүү жөнүндө макулдашуу алардын лицензияларын өз ара таанууну жана башка мүчө мамлекеттердин уюштурулган биржалык соодасына бирдей шарттарда түздөн-түз катышуусун камсыз кылууну карайт.

Макулдашууну ишке ашыруу биржа рынокторунун ликвиддүүлүгүн жогорулатууга, эмитенттерди каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин соода жана инвестициялык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Илимий наамдар жөнүндө документтерди өз ара таануу тууралуу макулдашуу ЕАЭБ мамлекеттеринде илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин жумушка орношуусун жеңилдетүүгө багытталган.

Илимий наамдар жөнүндө документтер эмгек ишмердүүлүгүнүн алкагында кошумча таануу жол-жоболорунан өтпөстөн таанылат. Бул жобо Макулдашуу күчүнө киргенге чейин берилген документтерге да жайылтылат. Документтин ишке ашырылышы адистерди жумушка орноштуруудагы административдик тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк берет.

Жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы мамилелерди ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө доклад да каралды.

Докладда 2021–2025-жылдардагы биргелешкен иштин жыйынтыктары чыгарылып, жалпы агрардык рыноктун өнүгүшү талданып, мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Мамлекеттердин азык-түлүк көз карандысыздыгын чыңдоого, айыл чарба продукциясы жана азык-түлүк менен өз ара сооданы өнүктүрүүгө, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн материалдык-техникалык ресурстарды импорттоого болгон көз карандылыкты азайтууга өзгөчө көңүл бурулду.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгелерине шайкеш келет. Мамлекет башчысы калкты сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири экенин бир нече жолу белгилеген.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын 2026-жылдын 1–2-октябрында Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөрүү пландалууда.