Иван Гречаный: Чоң атам өзүнүн дирижаблиси менен Польшага жетип, Жеңишти ошол жактан тоскон
9 май

Иван Гречаный: Чоң атам өзүнүн дирижаблиси менен Польшага жетип, Жеңишти ошол жактан тоскон

Үч жашка толгонумда чоң атам өмүрдөн өттү. Ошондуктан анын согуш тууралуу аңгемелерин укпай калдым. Эсимде калгандар – күн сайын жумуштан кийин алып келчү “Манас” конфети, шахмат жана ал пенсияга чыккандан кийин эмгектенген Орус драмтеатры. Театрдын фонтандарын чоң атам көзөмөлдөчү жана бул кооздук менен абдан сыймыктанчу. 

Андан сырткары бизге – неберелери менен чеберелерине анын китептерде жазылган эрдиктери калды. 

Чоң атам Москванын алдындагы согушка катышкан, ал аба сүзүүчү болгон. Асманга калдайган дирижаблди (аба кемеси) учурган. Башкы милдети – чалгындоо жана биздин аскерлер үчүн маалыматтарды чогултуу, ошондой эле бомбалоо жана жүк жеткирүү. Алар ошондой эле жоокерлерди жеткиришип, заманбап Аба-десанттык күчтөрүнүн пайдубалын түптөшкөн. 

Чоң атам өзүнүн дирижаблисинин себетинде Польшага барган, ошол жактан Жеңиш күнүн тоскон. Баса, Польшага баратканда дирижаблисинде Советтер Союзунун маршалы Константин Рокоссовский да болгон.  

Согуштан кийин Иван Гречаный бир нече жылдар бою Австриядагы шаарлардын биринде комендант болуп иштеген. Кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин согуштун алдында Украинадан көчүп келип, аз убак жашоого үлгүргөн Киргизияга кайтууну чечет. Бул өлкөнү абдан жактырып калгандыктан Европадагы кызматтан баш тарткан. 

Үй-бүлөлүк легендабызда айтылгандай, улук лейтенант Иван Гречаныйдын эрдиктеринин бири “Крепкий орешек” советтик тасмасынын негизин түзгөн. Болгону анда сценаристтер дирижаблди учакка алмаштырышкан... 

Аба сүзүүчү (китептен)

...Великая дарыясынын жанындагы линияда Кириковдун отрядынын улук лейтенанты Гречаныйдын алдында трассаны түнү чалгындоо жана душмандын күчтөрүнүн кайра топтолушу тууралуу маалыматтарды чогултуу тапшырмасы турду. 

Кантсе да жаз мезгили эмеспи, күндүз март айынын күнү чыгып, бир аз жылуурак болгону менен түнү февралдын ызгаар аязы кете элек болчу. Түндө кайсы бир нерсени байкоо да кыйын. Бирок ошонусу менен чалгындоо эмеспи. 

Алдыдагы милдетине өзүн даярдаган Гречаный парашюттун кайыштарын шашпай тартты. Ефрейтор Лариса Дашко күтүүсүз жерден келип, Кириковдон себетке түшүүгө уруксат берүүсүн суранды. Көрсө, ал эчактан бери аба сүзүүчүлүктү эч кимге билгизбей өздөштүрүп, карта окуганды, чалгындоо жүргүзүүнү үйрөнүптүр. А азыр абага көтөрүлүүгө убакыт келди деп чечиптир. 

– Болбойт! – деп тынчсыздануу менен моторист Николай Забура сөзгө аралашты. – Аял себетте – бул кемедегидей эле нерсе: бизге жүк болгондон башка кылаары жок...

– Аны укпагыла, – кабагын чытыган Николайды кыз токтотууга аракеттенди. – Жолдош капитан, суранам, мен бардык ишти аткара алам. 

– Макул! – деп кең пейилдик менен Кириков колун шилтеди. – Коркпосоң эле бара бер... 

– Ооба, абага! – Дашко кубанычтуу кыйкырды. Нааразыланган Забура бирдемелерди күбүрөнүп жатты, бирок бул убакта аэростат бийиктикке багыт алган эле...

Гречаный менен Дашконун фронттун линиясынын үстүндө бараткандарына жарым саат болду. Трассадан анда-санда Псковдон батышка бараткан автоунаалардын жарыгы көрүнөт, анан караңгылыкты ракеталардын ар түрдүү учкундары жаркыратып жатты. Ларисага Великая дарыясынын үзүндүлөрү көрүнгөн мындай көз ирмемдер жагууда – ал байыркы орус шаары Псковду кесип өтөт. Бул жерден, сексен метр бийиктиктен дарыя аталышын тамаша иретинде гана алгандай туюлат, анчалык деле улуу эмес экен го. 

Тыңчыларга түндүк-чыгыштан учактын дүрүлдөгөн үнү угулду. Добушуна караганда ал По-2. 

– Биздики... – улук лейтенант Гречаный асманга биринчи жолу чыккан жаш сүзүүчүнү тынчтандырууга шашылды. 
Бирок капысынан аэростат ылдыйды көздөй кулады, Дашко дароо бортту кармады, строптор ошол замат бошой түштү, айлананы болсо таң калаарлык жымжырттык каптады. Прибор гана бийиктикке тез көтөрүлүү башталганын көрсөтүүдө. Ефрейтор Дашконун тынчсыздануусу күчөдү, себеттен башын чыгарып ылдый карап, анан Гречаныйдан сурады: 

– Мени Заруба коркутуп жатабы? Себетти кыймылдатып... 

– Ал эмес, – улук лейтенант Гречаный өзүн мүмкүн болушунча тынч көрсөтүүгө аракеттенди, - учак биздин тросту үзүп салды, түшүнүп жатасың да. Биз эми эркин учуп баратабыз десек болот. Болгондо да фронтко учуп баратабыз. Кыязы, секиргенге туура келет окшойт... 

Кыз жерден караганда сыйкырдуу көрүнгөн түнкү учуу абада ушундай коркуткан нерсеге айланарына дагы деле ишене албады. Бир азга буйдалды. Анан башын чулгуп “эмне болсо да болоор”, - деди дагы борттон чечкиндүү оодарылды. Гречаный аны түндүн мемиреген караңгылыгына акырын түрттү да, кыйкырды: 

– Шакекчени тартканды унутпа! 

Бир канча убакыт ал ылдый тарапты кабатырланып карап турду, анан заматта жүзү таштай катты – купол кайда? Парашюттун куполун такыр көрө албай койду. А жерге эки жарым километрдей гана калды. 

Ошондо аба сүзүүчү аэростатты жардыргыч жабдыктын жардамы менен ачып, карталарды чогултту дагы, борттон боюн таштады. 

Терең кар соккуну жеңилдетет. Гречаный парашюттан бошонуп, аяздуу түнкү абадан кере-кере дем алган соң, кызды чакырып катуу үн салды. Бирок андан кабар жок, айланада бир гана жүрөктү болкулдаткан түн, үндүн жаңырыгы, анан токойдун сырдуу үшкүрүгү. 

Кыз ар кандай кырдаалга кабылышы толук мүмкүн. Парашюттан секирүү тажрыйбасы жок туруп түнү секирбедиби. Эч ким секирүүгө туура келет деп ойлогон эмес да. Гречаный бир ордунда туруп үнү каргылданып калгыча кыйкыргандан кийин шамалдын багыты менен барууну чечти. Кар калың,  өтүгү улам кар күрткүсүнө тыгылат, буту жаныбарлар казган тешиктерге чалынат, дем алуу да оордошту...

Көп бастыбы же аз бастыбы, айтор Гречаныйдын бүт денеси шалдырады, ошондо тапанчасын алып, абага ок чыгарды. Жакын арадан кыздын кубанычтуу үнү угулду: 

– Мен мындамын! 

Мына сага! Ал үн чыккан жакка ашыга басты, акырында караңгылыктан ефрейтор Дашкону көрдү. Ал көрсө, секиргенде өтүгүн жоготуп алып, баскандан чоочулап бир ордунда турган экен. 

– Ме, менин жүн байпагымды кий, – Гречаныйдын шалдыраганы жоголуп, өзүнө келе түштү, алар отрядды издөөгө чогуу жолго чыгышты.

Эмне деш керек  – моторист Заруба туура айтканбы же жокпу, бирок кайсы бир жерден ал жаңылган эмес, бул жаатта тажрыйбасы болгон да. Ал эми бул эпизод аба сүзүүчүлөрүнүн инструкциясында  дагы бир эреже катары орноп калды.