Сөөктөн кальций жасаган Казыбек ата
Ат-Башы районунун тургуну Казыбек ата жашым өттү деп үйдө отуруп калбай, изденүүнүн үстүндө жүрөт. Алсак, мындан жети жыл мурун кайнатылган сөөктөн жасалган ундун курамындагы кальцийдин пайдасын изилдеп чыккан. Учурда мындай унду малдын сүтүн көбөйтүп, семиртип багууну каалагандар көп алат.
– Казыбек байке, таштанды катары ыргытылчу сөөктөн бизнес жасаганыңызды угуп кызыгып калдым, бул бизнести кантип баштап калдыңыз?
– Адамдын жаңы иш баштоосуна көп учурда жашоосундагы бир нерсе таасир этет экен. Мен да чоң суммадагы акча карыз болуп калып, ойлонуп ушул ишти баштагам. Эгерде көпчүлүк кылган ишти кылсам бизнесимди алдыга жылдыруу кыйынга турмак. Ошондуктан элде жок, жаңылык боло тургандай нерсе ойлонуп табуум керек болду. Уйлардын сөөк чайнаганын көрчүмүн, мындан улам сөөк кандай пайда алып келери тууралуу маалыматтарды окуй баштадым. Көрсө, сөөктөгү кальцийдин малдын өсүүсүнө таасири чоң экен. Мунун Советтер Союзунда деле жасап, мал багууга колдонушчу экен.
– Сиз өндүргөн продукция кандай жыйынтык берип жатат?
– Норма боюнча бир уй күнүнө сексен граммдан кальций жеши керек. Аны жемге аралаштырып берүү жетиштүү. Муну жеген уй денесине толуп, жакшы сүт берет. Эмген торпогунун сөөгү өсөт. Уйлардын желим баштык жегени кальцийдин жетишсиздигинен кабар берет. Чоң акчага карыз болуп калгам дебедимби, ошондо уйларымды да сатууга аргасыз болгом. Бир гана уюмду алып калып тажрыйба иретинде кальций бергем. Ошентип отуруп ал семирип, ошол убакта кырк миң сомго бааланчу уйду токсон миң сомго саткам.
– Сөөктү кантип майдалайсыз?
– Атайын станогу бар, өзүм жасагам. Сатып алайын десем, өтө эле кымбат, Россияда жыйырма миң доллар экен. Айла жок колго жасаганга туура келди. Биринчи станокту үч эле килограмм майдалагандай кылып машинанын дисктеринен, пружинадан, айтор, ар кайсыны кураштырып отуруп жасагам. Бир гана моторун сатып келгем. Ага чейин талкан кууруган аппарат ойлоп таап жасаган элем. Аны кошунам көрүп кетип Табылды Эгембердиевге кат жазып, ал 180 миң сом берип колдоо көрсөткөн эле. Ошол акчанын үстүнө өзүм 200 миң сом кошуп, сөөк майдалаган аппараттын көлөмдүүсүн жасап алгам.
– А сөөктү кайдан чогултасыз?
– Башында үйдөгү, тууган, кошуналардын үйүнөн чыккан сөөктөрдөн эле баштагам. Азыр сатып алам да, аны ун кылып майдалап сатам. Унга буйрутма көп болгону менен сөөк чогулбай калат. Сөөктү көпчүлүк отко жагып салышат экен. Карапайым адамдар эле чогултушат. Ошондуктан Ат-Башыдан чогулбай жатат. Нарында сөөк чогулткан точкаларым бар. Бишкектен да кызым салып турат. Сөөк майдаланганда кургайт, туруп калса салмагын жоготот. Ошондуктан улам чогулган сайын майдалап сатып турам.
– Кандай сөөк болуш керек?
– Бардык эле малдын бышкан сөөгү жарай берет. Эгерде чийки болсо, сөзсүз түрдө кайнатып алабыз. Бир жолу борбордон бир тонна чийки сөөк алдыртып ун жасасак, 300 эле кг болуп калган. Ошондон кийин бышкан эле сөөк чогултуп калдым.
– Сизге ким кол кабыш кылат?
– Менин 3 кыз, бир уулум бар. Баары билимдүү, жакшы жерлерде иштешет. Жубайым медицина кызматкери. Өзүм кесибим боюнча электрикмин. Учурда бизнести жалгыз эле иштетем. Бир нерсе керек болсо балдарым шаардан салып турушат. Эки тонна кальций чыгаруу оңой эле, жалгыз эле иштеп коём. Алдыда элге пайдалуу дагы көптөгөн ойлоп табуулар, ачылыштарым бар.
