Ринат Советканов: Өспүрүмдөрдүн жеке маалыматтарды коргой билүүсү абдан маанилүү
IT-адис Ринат Сответбеков өспүрүмдөр үчүн кооптуу делген интернет бирикмелер, алардан коргонуу жолдору тууралуу айтып берди.
– Кайсы интернет бирикмелерин өспүрүмдөр үчүн кооптуу деп эсептөөгө болот?
– Өспүрүмдөр үчүн кооптуу деп эсептелген интернет бирикмелерин 5 негизги категорияга бөлүп карасак болот.
Биринчиси -– бул зомбулук, ырайымсыздык жана экстремизмге үндөгөн чаттар. Экинчиси – суицидке жана кооптуу жүрүм-турумга чакырган бирикмелер. Үчүнчүсү – ар кандай секталар жана динге жамынган бирикмелер. Төртүнчүсү – баңгизат, алкоголдук ичимдиктер жана кумар оюндары. Бешинчиси – буллинг, киберкылмыштуулук жана интимдик контентти тараткан бирикмелер. Булардын бардыгы өспүрүмдөр үчүн абдан кооптуу интернет бирикмелер болуп саналат.
– Өспүрүм же ата-эне тигил же бул интернет бирикменин коопсуз эмес экенин кантип биле алат, белгилери барбы?
– Албетте, аны билүүнүн бир канча жолдору бар. Балаңыз колдонуп жаткан интернет бирикмеде акрессия же депрессияга чакырык жасаган билдирүүлөр жазылса, демек бул кооптуу дегенден белги берет. Анан сөздүн ордуна да ар кандай коддорду, символдорду колдонуу, бирикменин катышуучуларына басым жасоо, жеке маалыматтарды, сүрөт, байланыш номерлерин ачыкка чыгаруу өңдүрүү билдирүүлөр балаңыз колдонуп жаткан бирикме кооптуу экенин ачык айтып турат.
– Эмне үчүн социалдык тармактагы кооптуу колдонмолор өспүрүмдөрдү өзгөчө кызыктырат?
– Анткени, алар өздөрү сыяктуу ой жүгүрткөн, көз караштары бир топту издей баштайт. Аларга тыюу салынган нерселердин бардыгы кызыктуу. Көбүнчө мындай бирикме же топтордо катышуучулардын өздөрүнө гана белгилүү болгон сыр сөздөр, белгилер колдонулат. Алар өздөрүн башкалардан өзгөчө сезип калышат. Ошондуктан да интернеттеги кооптуу колдонмолор өспүрүмдөрдү өзүнө кызыктырат десек болот.
– Катышуучуларды тартуу үчүн администраторлор кандай ыкмаларды колдонушат?
– Көбүнчө бул психологиялык жана техникалык ыкмалар. Психологиялык дегенибиз бул - коркуучулары жана кызыгуулары аркылуу манипуляция жасоо. Ар кардай миссия жана тапшырмаларды аткартуу. Катышуусу үчүн алкыш сөздөрүн айтуу жолдору аркылуу психилогиялык жактан басым жасоо. Көп учурда аны катышуучу өзү да байкабай калышы мүмкүн.
Ал эми техникалык жактан дегеним бул – ар кандай жабык тайпалар, шектүү жана жашыруун шилтемелер.
– Мындай топторго катышуу кандай коркунучтарды жаратат (мисалы, жеке маалыматтын жайылышы, басым, манипуляция ж.б.)?
– Кооптуу, шектүү жана жашыруун топторго кошулуу, аларга активдүү катышуу абдан эле коркунучтуу. Айрыкча өспүрүмдөр үчүн. Себеби, алардын көбү жакшы менен жаманды, чын менен жалганды жана кооптуу менен коопсуздукту айырмалар албашы мүмкүн. Айрымдары ошондуктан да жеке маалыматтары менен бөлүшүп алат. Бул өз кезегинде өспүрүмгө психологиялык жактан терс таасирин тийгизет. Анын өзүнө болгон ишеними, критикалык ой жүгүртүүсү төмөндөйт. Албетте ден соолугуна да таасирин тийгизбейт койбойт.
– Эгер өспүрүмдү шектүү интернет-коомго чакырышса, ал эмне кылышы керек?
– Биринчи кезекте бир да күмөндүү шилтемелерди ачпоо керек. Эч качан таанып-билбеген адамдарга жеке маалыматтарды жөнөтпөңүз. Эгерде шектүү тайпалардан билдирүүлөр келсе, андан дароо чыгып, бөгөттөп салган оң. Анан албетте улууларга ачык айтыш керек.
– Ата-эне жана мугалимдер бала күмөндүү топко кошулуп калганын өз убагында кантип байкай алат?
– Мындай топко билип-билбей кошулуп калган баланын жүрүм-турумунан эле дароо байкоого болот. Анын маанайы суз болуп, өзү менен өзү болуп калат. Кыймыл аракеттерин жашырып, бир түрлүү музыкаларды уга баштайт. Анан да интернетте издеген маалыматтардын тарыхчасын өчүрөт. Виртуалдык дүйнө аркылуу кимдер менен баарлашып жатканын да жашырат. Мындай учурда балага көңүл бөлүп, аны менен ачык отуруп сүйлөшүү абдан маанилүү болуп саналат. Ага күмөндүү топторго кошулуп калгандыгы туура сөздөр аркылуу түшүндүрүү керек.
