Майрамды утурлай. Менин апам...
18 май

Майрамды утурлай. Менин апам...

«Эне» деген ыйык сөздү ар бирибиз айтабыз. Ошол энелерибиздин майрамын утурлай элибизге аттын кашкасындай таанымал инсандар апалары жөнүндө айтып беришти.

Карганбек Самаков, экс депутат: «Кыйналган кезимде апам түшүмө кирип чекемден сылап кетет»

Менин адам болушума апамдын салымы абдан чоң. Апам абдан токтоо, катуу сүйлөбөгөн, нарк-насилдүү адам эле. Бала кезимде апам мени менен чоң киши менен сүйлөшкөндөй сүйлөшчү. Чоң окуу жайга өткөнүмдө: «Уядан учуп кыяга конгучакты билим, тарбияңды алдың, кырк күнү орозо кармап, бир күнү ыплас менен ооз ачпа» деп айтканы эсимде. Кичинемде тентек болгонума карабай «Алдыңа кетейин берекем» деп жалынып турчу. Бир да жолу урушканын укпадым.  Эсимде, ал кезде Москвада 2-курс окуп жүргөн кезим эле. Сабактан сырткары курулушта эки ай иштеп алган маянама Москванын ГУМуна апама белек алам деп бардым. Кирсем япон жоолуктарын талап атышыптыр. Баягы жерден апама, эже-жеңелериме деп жети жоолук алдым. Андан нары бассам «индийский чай» сатып жатыптыр. Андан бир топ алдым да почтага келип айылыма апама деп жөнөттүм. Ошол кезде чет элдик буюм-тайымдар таңсык кези эле да. Ал белегимди кошуналарга көрсөтүп, чай-чамектерди аларга да берип, «Карганбегим Москвадан салып жибериптир» деп абдан кубанган экен. Апам өзү гүлдү жакшы көрөр эле. Үйдүн ичине да, айланага да гүлдү көп отургузчу. Азыр көзү тирүү болгондо кучак толо гүл берип куттуктамакмын. Меккеге алып бармакмын. Менин ийгилигимди көрбөй 1987-жылы кайтыш болуп кетти. Апамды дайыма сагынам.  Кыйналган кезимде түшүмө кирип чекемден сылап кетет. Ошол түштөн кийин жеңилдеп калам.

Аскар Салымбеков, «Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү: «Менин апам биринчи китепканачы болгон»

Кыргызда эркек бала энесинин генетикасын алат деп айтылат эмеспи. Анын сыңары мен апамдын касиеттерин көбүрөөк  алган окшойм. Көп мүнөзүм, сапатым апама окшош. Апам кичине кезинен эле тың, идиректүү болгон экен. Өзү 1922-жылкы. Ошол кездерде «кулактын кыздары» деп билим бербей, куугунтуктаганына карабастан Эки-Нарын тарапка келип 4-класска чейин окуптур. Кийин Ат-Башыга кайра барып 1937-жылдары сабатсыздыкты жоюу боюнча талап күчөй баштаганда 7-класска чейин билим алып мектепти аяктаган экен. «Кыдыктын билимдүү кызы» дешип эл арасында аты айтыла баштайт. Кийин апам ошол эле сабатсыздыкты жоюу боюнча Кызылбурчта иштеп калып, 1939-жылы 17 жашында атама турмушка  чыккан экен. Ал жылдары биринчи китептер келип, апам жолчуларга китепканачы болуп иштеп калат. Кийин китептерин эшек арабага жүктөнүп барып Миң-Кушта уран казылып баштаганда  геологдорго, жолчуларга китепканачы болуп иштеп калат. Төрт бала төрөп, согушка кетип келбей калган атамдын бир тууганынын баласын кошо асырап, ошо менен беш баланы чоңойтуп өстүрдү. Балдарынын баарын китепти көп окугула деп билимге ыктап чоңойтту. «Билимдүү миңди жыгат» деп көп айтар эле. Ат-Башыда жергиликтүү элдин демилгеси менен райондук китепкананын атына апамдын ысымын ыйгарышкан.  Апамдын атынан заманбап китепкананын ачылышы болуп, жакында Ат-Башыга барып келдик. Бизнеске келип ишим болуп турган чакта апамды колумдан келишинче сыйлап, белектеримди берип, каалаган жерине алып бардым. Апам “ыраазымын” деген сөзүн көп айтып, алкап батасын берер эле. Тагдыр ушундай экен, апамды 2015-жылы жайына узаттык. Азыр дайыма куран окуп, эстеп турам.   

Жылдыз Садырбаева, Жогорку Кеңештин депутаты: «Апам өмүрүн кыргыз медицинасына арнап келет»     

Апам Фатима Мухамедалиева  өмүрүн медицинага арнаган эмчи айым. Медицина институтун аяктагандан кийин акушер-гинеколог болуп иштеп, көптөгөн наристелердин киндик энеси болгон. Бала кезибизде эсимде, «толготуп жатыптыр, төрөтү башталыптыр» дегенди укканда апам күнбү, түнбү эч нерсеге карабай ошол эне-балага чуркачу. Өз ишинин мыкты адиси, ишке ар дайым так. Бизди да ошого үйрөткөн. Кийин Ат-Башыда жашап, ал жакта да эмгектенди. Абдан боорукер жан.   Убагында жетекчилик кызматка чейин иштеп элине ак кызмат кылган апам 50 жылдан ашык өмүрүн кыргыз медицинасына  арнап келет. Үйдө мээримдүү эне, атама жароокер жар болду.  Дале өз кесибин таштабай, чарчадым, чаалыктым дебестен Кочкор жергебизде элине кызматын кылууда. Эс алуу күндөрү да үйгө көрүнүп келген кишинин саны үзүлбөйт. Жардамга муктаж адамдардын үй-бүлөлүк шартын баарын жатка билип, «Кыйналып жатышат, бас, жардам берели» деп мени же башка бир туугандарымды ээрчитип алып муктаждарга жардам бермейи бар. Жыйырма жылдан ашты, биздин үй-бүлө соопчулук иштерди жасап келебиз. Андай иштерибиз көмүскөдө болот. Төрт баланы татыктуу тарбиялап өстүрүп, азыр небере-чөбөрөлүү.  Балдарынын үчөө апамдын жолун уладык, бир баласы юрист болду. Апам башынан эле гүлдү абдан жакшы көрөт. Менин эң алгач белегим гүл болсо, бүгүнкү күнгө чейин баалуу белектериме кошуп майрамдарда сөзсүз гүл берип куттуктап турам.   

Урмат Аманбаева, экс депутат: «Апам кыйын күндө чыдамдуу, жакшы күндө жөнөкөй бол деп көп айтчу»

Мен «эне» деген сөздү укканда апамдын насааттары эсиме түшөт. Өзү абдан мээримдүү, боорукер, эмгекчил болчу. «Кызым, жашоо бул сыноо. Кудайым адам баласына ийгилик менен жакшысын да, сыноосун да берет. Ошону убагында татыктуу көтөрүп кетишиң керек. Кыйын күндө чыдамдуу, жакшы күндө жөнөкөй бол» деп көп насаат айтар эле. Башыма кыйынчылык түшкөндө апамдын насааттары эсиме түшөт, жардам берет. Ийгиликтүү күндөрдө ата-энеме ыраазычылык айтам.  Атам Абдилашим менен апам Паризат 3 уул, 4 кызды тарбиялап өстүрүштү. Кудайыма шүгүр, Исрадин Аманбаев, Бакыт Аманбаев өңдүү журтка кызматын кылган жети уул-кызды тарбиялашты.  Апамдын бул дүйнөдөн өтүп кеткенине 24 жыл болсо да дайыма жүрөгүмдө, оюмда. Эстеп, куранымды окуп турам. Эгер көзү тирүү болгондо энелер күнүндө белегимди берип, тизесине жатып, эркелеп, сүйлөшүп, баарлашып отурмакмын. Энеси бар адам бактылуу деп коет эмеспи. Апасы бар адамдарга апаңар менен көп убакыт өткөргүлө, белегиңерди бергиле  деп айтаар элем. Кийин кеч болуп калат.

Аида Исмаилова, Кыргызстандын Кореадагы ыйгарым укуктуу элчиси: “Саясий ишмер болушума апам себепчи болгон”

«Эне» деген баласынын бул жашоодогу коргоочусу, периштеси болот эмеспи. Анын сыңарындай менин апам биздин сыймыгыбыз, таянычыбыз, кубанычыбыз. Жакшы сөздүн баарын апама айтса жарашат. Саясий ишмер болушума да апам себепчи болгон эле. Бир күнү: «Кызым, акылдуусуң, билимиң жетиштүү, ишке таксың. Тажрыйбаң да бар. Сен элдин жүгүн татыктуу көтөрүп кетериңе ишенем.  Эл өкүлү болууга талапкерлигиңди кой» деген эле.  Көпкө ойлондум. Апам айтып, ишеним көрсөтүп жаткан соң депутаттыкка аттанып көрөйүн дедим. Ошентип элибиздин колдоосу менен Жогорку Кеңешке депутат болгон элем. Апам Кузипа Ургазиева Жети-Өгүздүн кызы. Фрунзедеги Политехникалык окуу жайын аяктаган билимдүү, мээримдүү айым. Жаш кезинде атам Жекшенбай Исмаиловго турмушка чыгып, 46 жыл бирге жашап, беш баласына татыктуу тарбия беришти, окутушту. Атам өмүрүн билим берүүгө арнап «Автодорожный» техникумунда сабак берип, мамлекеттик кызматта көп жыл эмгектенген инсан эле.  2014-жылы атамдан айрылганыбыз баарыбызга оор болду. Азыр караганыбыз – апам. Атабыз көрбөй калган жакшылыктарды апам көрүп, небере-чөбөрөлөрүнүн жакшылыктарында тилек айтып, батасын берип төрүбүздө болсо дейм. Алыста жүрсөм да оюм ар дайым апамда.