Калмира Билимбек кызы, спортчу: “Балалыкта ойной турган убактымды спортко арнадым"
Мурда айрым дүйнө элдери Кыргызстан кайсы жерде, кандай мамлекет экенин билишпесе, бүгүнкү күнү көптөгөн спортчулардын арты менен биздин мамлекетти билип, желегибизди таанып турган учуру. Өзгөчө айым спортчуларыбыз алдыңкы мыктылардын тизмесинде келе жатат. Жакында дагы бир кызыбыз Калмира Билимбек кызы Азия чемпионаттыгында аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча коло медаль утту. Спортчу кыз өзү алыста болсо да байланышка чыгып, биздин гезитке маек курду.
– Саламатсыңбы Калмира? Кыргыздын кыйын кыздары дүйнөдө алдыңкы орундарды камсыздап, көп мамлекеттин көңүл чордонунда болуп жаткан чагы. Спортту кандайча болуп тандап калдың?
– Саламатсызбы? Учурда мамлекетибиз спортчуларга жакшы көңүл буруп жаткан чагы. Сиздердин редакция менен Кытай республикасынан байланышка чыгып жатам. Себеби курама команданын 9 кызы жана 2 машыктыруучусу Хух-Хото шаарында машыгып жаткан чагыбыз. Ал эми мен спортко 6 жашымда атамдын арты менен келип калгам.
– Атаң да спортчубу?
– Ооба, атам менин машыктыруучум. Биз мурун үй-бүлөбүз менен Бишкекте турчубуз. Мен алтыга келгенде атамдын туулуп-өскөн жери Ак-Талаага көчүп келип, биротоло жашап калдык. Атам Билимбек Капарбеков өз жерине келгенде “Тайлак баатыр" спорт клубун түптөгөн. Себеби тарыхта аты айтылып жүргөн кадимки Тайлак баатырдын түздөн- түз урпагы болгонубуз үчүн клубду ушундай атаган. Ошентип биздин райондун жаштары атамдын залына күрөшкө келе башташты. Мен болсо машыккан балдар-кыздар менен ойноп, алардын көнүгүүсүн кошо жасап жүрүп биротоло күрөштү тандап калдым. Кийин эжелер кетип район боюнча жалгыз күрөшкө катышкан кыз мен болдум. Ошого карабай балдар менен кошо жарышып машыга берчүмүн.

– Машыктыруучуңду ошол бойдон алмаштырган жоксуңбу?
– Ошондон ушул кезге чейин менин агайым, жеке машыктыруучум атам болуп келе жатат. Спортто жеңиш да, жеңилүү да болот эмеспи. Жеңилип калган кездерде интернет желелеринде "Машыктыруучуңду алмаштыр! Атаңдан башка агайга өтпөйсүңбү?! Сен күрөшө албайсың, атаң үчүн жүрөсүң" деген көңүлгө оор тие турган сындарды айткан замандаштарыбыз болот. Чындыгында атамдай мени түшүнгөн агай жок. Ата катары да, агай, устат, насаатчы, кеңешчи катары мени абдан жакшы түшүнөт жана колдойт. Кези келсе эркекче урушуп да коёт. Атамдын мага айткан насаатынын бири, "Элден чыкпа! Элдин кызы бол" деп көп айтат. Чындыгында кыргыз элибизден айланса болот. Ар бир мелдешимде артымда кыргыз элим сүрөп, биз үчүн күйүп-бышып жатканын сезип турам. Спортто менин ийгилигиме салым кошкон атамдан башка да эже-агайлар бар. "Изабеков" залындагы бардык машыктыруучуларга, өзгөчө жеке машыктыруучум атама ыраазычылык билдирем. Ким мага жардам берген болсо сиздердин гезит аркылуу рахмат айткым келет.
– Атаң кээде сени кызы катары аяп койбойбу?
– Спорт чоң мээнетти, аракетти талап кылат да. Атам мени “кызым” деп аябайт, тескерисинче, кээде ашыкча түйшүк артып коёт. 24 саат бою көзөмөлүндөмүн. Чарчап турганымда, же көңүлүм түшкөн кездерде апамды жардамга чакырам. Апам атамды жайгарып, ашыкча түйшүктөн сактап калат. Башында жалаң мырзалар менен жүрүп апамдан алыс болдум. Бой жеткен үчүнбү, акыркы жылдары тескерисинче апама жакынмын. Мени көп аяйт, ичимдеги бардык сырымды апама айтып сырдашып турам.
– Спортту тандаган үчүн өкүнгөн учуруң болду беле?
– Жеңиштин артында элибиздин, мамлекетибиздин намысы турат. Намыска жарап, дүйнө элдин алдында желегибиз желбиреши үчүн бардык күчүбүздү, ден соолубузду, убактыбызды берип, терибизди төгөбүз. Ошол эмгегибизди түшүнбөй "Аялдын орду очоктун жанында. Күйөөгө тийгиле" деп урушуп кеткендер да болот. Жараат алганыбызда "Болду, бул спорттон кетет" дешет. Ар бир алган жараатым - менин тарыхым. Кийин балдарыма эстеп айтып берип, балким кино тартсамбы деп ойлоп кетем. Бир жолу мелдеш учурунда элдин алдында колум сынган эле. Бирок аны мен өкүнүч деп кабыл албайм. Ийгилик, намыс үчүн бир нерсени садага чабыш керек деген ойдомун. Мен балалыгымдагы ойной турган убакытты спортко арнадым. Чындап айтканда менде балалыгым деле болгон жок. Башка кыздар көчөгө чыгып ойноп, же курбулар менен бирге убакыт өткөрүшсө, мен көбүнчө залда болом. Ал турсун мектепти аяктап жатканда мелдешке даярдык көрүп акыркы коштошуу кечесине барбай калгам. Мындай көрүнүштөр менде көп. Ошонун баарынын акыбети кайтып элдин кызы аталдым. Дагы ийгиликтер алдыда. Ушул күнүмө да шүгүр спортту тандаганыма эч качан өкүнбөйм.
– Күрөштүн артында көптөгөн эсте калган окуялар болсо керек...
– Абдан көп болот. 2017-жылы жаш өспүрүмдөр арасында Эл аралык мелдеш Казакстанда өткөн эле. 46 кг арасында мен 1-орун алдым. Ошондо чоң телевизор белекке беришкен болчу. Поезд менен барып келгенбиз. Келе жатканда ошол белегим поездге батпай жүдөтүп араң алып келгем. Эстеген сайын жылмайып калам. Кийин 2019-жылы жаштар арасында дүйнө биринчилиги болуп 2-орунду алганымда кичи мекенимдеги эли-журтум унаа белекке берип, ат мингизип сонун эмоция менен тосуп алышкан. Өзүм кичинекей кыз болсом, чоң аталар, апалар баары кубанып баталарын беришкени эсимде калган болчу. Мындай кубаныч кыйынчылыктарды унуткарып коёт.
– Жеке турмушуң жөнүндө айтып бербейсиңби?
– Менин жашым 22де. Учурда Баласагын атындагы улуттук университетинде Юридикалык жактан билим алып жатам. Үйдө төрт туугандын улуусу болгондуктан эрке эмесмин. Кадимкидей эле кыздарга тиешелүү иштерди аткарам. Менин иним да күрөштү тандап, ал да машыгып жүрөт. Бош убактыбызды үй-бүлөбүз бирге өткөрөбүз. Бул жашоодо Кудайым мага ушундай ата-эне, бир туугандарды бергенине ыраазымын.

