Акбөкөн Таштанбеков: Мамлекеттик тил боюнча сынак киргизүү – кайсы бир талапкерге бут тосуунун эң сонун куралына айланышы ыктымал
5 июнь

Акбөкөн Таштанбеков: Мамлекеттик тил боюнча сынак киргизүү – кайсы бир талапкерге бут тосуунун эң сонун куралына айланышы ыктымал

Акыркы убактарда коомдук катуу талкууга алынган маселелер – аскер жана мамлекеттик тил болду. Депутат Надира Нарматова кыздарга «аскерге барбаган жигиттерге турмушка чыкпагыла» деген чакырыгы менен коомдук талкууга жем таштагандай болду. Ошол эле маалда Жогорку Кеңешке сунушталган мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору бир катар депутаттарды ызы-чуу кылды. Анткени, бул мыйзам долбоорунда «мамлекеттик тилди билбеген адам депутаттыкка талапкер боло албайт» деген берене бар. Эмне үчүн бул берене эл өкүлдөрүнүн каршылыгын жаратты жана армиянын баркын көтөрүү керек – бул боюнча Караван-Инфого ЖК депутаты Акбөкөн Таштанбеков айтып берди.

– Акбөкөн Дукенович, өткөн жумада парламентте армия боюнча маселе көтөрүлдү. Бири «армияга башка улуттар дагы барышы керек» десе, бири «армияга барбаган жигиттерге кыздар турмушка чыкпашы керек» деди. Армиянын кадырын өстүрүү үчүн эмне кылышыбыз керек?

– Армиябыз жөнүндө айта турган болсок, биздин армиянын саны анчалык деле көп эмес. Армияда аскерге муктаж болгондорго караганда, чакыруу курагындагы жаштар көп. Бул кызматтан өтөшү керек болгон көп жигиттерде «биз альтернативдик кызматты өтөшүбүз керек» дегенди билдирет. Албетте, азыркы жоокер мурдагыдай эки жыл аскерде кызмат өтөгөндөй эмес. Чыныгы жоокерди тарбиялоо үчүн бир жыл аздык кылат. Бир жыл жоокерге бир нерсени үйрөнүү үчүн гана сарпталат, аскердик ишти үйрөнөрү менен дароо демобилизацияга кетет.

Анан совет доорунда жаштарды мектепте даярдашчу, мектепте жакшы аскердик даярдык бар болчу, бизге аскер иштерин, куралды кармаганды үйрөтүшчү. ДОСАФта армияга чейин жаштар адистикке ээ болуп, шофер, ширетүүчү, куруучу жана башка кесиптерди үйрөнүп чыгышчу. Башкача айтканда, алар аскерге кандайдыр бир адистик менен барышкан, машыккан. Демек, армия бүгүнкү күндө контракттык жоокерлерге муктаж, анткени азыркы күндө аскер техникасы заманбап, белгилүү бир шык-жөндөмдүүлүктү талап кылат. Трактористтин күбөлүгү жок армияга келген 18 жаштагы жигитти айтсак, танк айдатууга мүмкүн эмес. Биринчиден, чоң армияны кармап туруу үчүн көп акча керек, заманбап техника абдан чоң каражатты талап кылат. Кыргызстан биринчи жолу заманбап аскердик техникаларды сатып ала баштады, биринчи жолу Армиябызга сиз деп кайрыла баштадык, жоокерди сыйлай баштадык. Бул нерсе албетте, кубандырат. Эң негизгиси биздин бюджетти жогорулатып, күчтүү армиябызга туруштук бере ала тургандай кылып,  жаштар армияга барууга умтула тургандай шарттарды түзүп беришибиз керек.

– Баса, парламентарийлердин бири кыргыз тилинин кадырын көтөрүү тууралуу айтса, бири расмий тилди чануу болбостугун, мындай демилгелер мамлекет аралык  мамилелерди бузууга себеп болоорун айтышууда.  Бул боюнча кандай пикирдесиз?

– Менин оюмча негизги талаш депутаттыкка талапкерлер мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшырышы керек дегенден келип чыккандай сезилди.

Парламентаризмдин башатына кайрыла турган болсок, эсиңизде болсо, депутатты, мурда эл депутаты деп аташчу, көп референдумдардан кийин «элдик» деген сөз алынып салынган.

Депутаттар калктын бардык катмарларынын, бардык улуттардын өкүлдөрү болууга тийиш. Адегенде депутат болуш үчүн 10-класстын билими деле шарт эмес болчу, каалаган карапайым адам депутат боло алмак, бирок кийин жогорку билим стандартын киргизишти, башкача айтканда, азыр депутаттыкка талапкер жогорку билимдүү болушу керек. Ошондуктан, айрым карапайым адамдар депутаттыкка талапкер боло албайт.

Азыр дагы бир стандарт киргизип жатабыз, мамлекеттик тилди билүү. Анткени, көп талапкердин мамлекеттик тилди билиши керек экендигинде эмес, экзамен коркунучтуу. Жергиликтүү кеңешке барган жаштар мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтө алабы? Алар диктант же сочинениени катасыз жаза алышабы? Депутаттыкка талапкер мамлекеттик тилди кандай деңгээлде билиши керек? Кандай талаптар коюлат? Бул белгилүү бир талапкерди каттабай коюунун дагы бир куралы болуп калбайбы!

Ошол проблеманы эмне кылабыз, мисалы Кыргызстандын түштүгүндөгү кээ бир айыл аймактарда 90% өзбек улутундагы  жарандарыбыз жашайт. Экзаменден эч ким өтпөй калса, жергиликтүү кеңешке талапкерлерди кайдан алышат? Мисалы, менин районумдун  кээ бир айылдарында 3 депутаттык мандат үчүн төрт-беш талапкер бар катталды, экзамен өткөрсөк, талапкерлердин саны эки эсе аз болуп, анан депутаттарды дайындашыбыз керек болуп калабы? Мына ушундай жагдайлар бар.

Биринчиден, ошол эле студенттер биздин ЖОЖдорда мамлекеттик тилде билим алышына мамлекет өзү шарт түзүп бериши керек. Мыйзамды кабыл алабыз, бирок биздин ЖОЖдордо мамлекеттик тилде сабак бере турган мугалимдерди камсыз кыла алабызбы? Жүздөгөн мугалимдерди таба алабызбы? Жалаң кыргызча сүйлөгөн кыргыздар көп, бирок алардын сынактан өтүшү күмөн деген жагдайлар бар.

Жергиликтүү диалектиде баарлашкандарды айтпаганда да, көп адамдар өз сөзүндө 200-300 гана сөздү колдонушат. Экзамеден өтүш үчүн жок дегенде 1000 сөз билиш керек го дейм.

Биз азыр Россия менен урушпашыбыз керек, өтө көп жарандарыбыз Россия Федерациясында иштеп жатышат.

Ал эми биз, саясатчылар тигил же бул өлкө жөнүндө айткандарыбызда этият болушубуз керек.