Таласбек Акылбеков: Кыргызстандагы криптовалюта менен төлөм. Кыргызстандыктарды эмне күтөт
Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү киргизүү пландаштырылууда. Бул жөнөкөй адам үчүн эмнени билдирет жана ал кантип иштейт? Аны криптовалюта боюнча эксперт Таласбек Акылбеков айтып берди.
Айтымында, азыр криптокарта пайдаланууга болот, ал заматта криптовалютаны сомго айланат, анысы менен төлөмдү жөнөкөйлөштүрөт жана ыңгайлаштырат. Эксперт ошондой эле чет өлкөлүк тажрыйбаларды бөлүшүп, стейблкоиндин артыкчылыгы, санарип сомду киргизүү экономиканы көмүскөдөн кантип алып чыгаарын жана мамлекеттин каржы көзөмөлүн кантип күчөтөөрүн түшүндүрдү.
– Кыргызстанда криптовалюта менен төлөмдү киргизүү пландалып жатат. Бул жөнөкөй адамга эмне берет? Ал кантип иштейт?
– Кыргызстанда чындап эле криптовалюта менен төлөмдү киргизүү пландалып жатат. Жөнөкөй адам үчүн бул кандайдыр бир татаал нерсеге айланбайт. Мисалы, менде криптокарта бар, аны менен дүкөндөрдө кеңири төлөм жүргүзө алам, мейли ал USDT, Биткоин, Эфир же башка монеталар болсун. Карта заматта криптовалютаны сомго айлантат, ошону менен колдонуучуга эч кандай кыйынчылык жаратпайт.
Азырынча криптокарта менен тааныш болбогондор бул M-Bank же Optima карталарына окшогон эле банк картасы экенин түшүнүшү керек. Аны менен төлөм эч нерсеси менен айырмаланбайт, баары оңой жана ыңгайлуу.
– Сальвадордо криптовалютаны төлөм каражаты катары киргизүүгө аракеттеништи, бирок эл ага ишенбей коюп, бул экономикага терс таасирин берди. Ийгиликтүү мисалдар барбы?
– Ооба, 2021-жылы Сальвадордун президенти Найиб Букеле биткоинди расмий төлөм каражаты катары легалдаштырууну сунуштаган. Конгресс тийиштүү мыйзамды 2021-жылдын июнунда кабыл алган. Бирок ал убакта криптовалюта толук кандуу түшүнүктүү боло элек болчу жана көп өлкөлөрдө легалдаштырылбаган – бири кабыл алып, бири тыюу салып жаткан. Бизде, Кыргызстанда 2021-жылы биткоинге такыр эле тыюу салынган, санарип активдер тууралуу мыйзамдар 2022-жылы гана пайда болду.
Андан тышкары Эл аралык валюта фонду жана Бүткүл дүйнөлүк банк Сальвадорду колдоодон баш тарткан, ошону менен киргизүү ыңгайсыз мезгилге туш келип калды. Азыр биткоин санарип алтыны катары каралат, аны күнүмдүк төлөмдөргө сейрек колдонушат, анткени, эч ким дүкөндөрдө алтын менен соода кылбайт да.
Реалдуу эсептер үчүн стейблкоиндер көбүрөөк туура келет – USDT, USDC жана башка которуулар жана төлөмдөргө колдонуу ыңгайлуу болгон монеталар.
Ийгиликтүү мисал – Япония, ал жакта криптовалюта боюнча мыйзам 2014-жылы кабыл алынган. Азыр криптовалюта менен төлөм кеңири колдонулат. Ошондой эле, башка дагы көптөгөн өлкөлөр бул тажрыйбаны киргизүүнү бүгүнкү күндө талкуулоодо.
Баса, Кыргызстанга жакында Чап Манжао келди, ал Адыр Жапаров менен биздин федералдык резервдик фондду биткоин жана BNB сыяктуу криптовалюталардан түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
– МинКаб стейблкоиндерди киргизүүнү пландоодо. Бул эмне жана экономикага эмнеси менен керек?
– Стейблкоин – бул «катуу валюта». Мисалы, USDT – бул доллар менен 1-1 эсебиндеги стейблкоин. МинКаб санариптик сом – улуттук валютага, сомго тең келчү санарип стейблкоин тууралуу мыйзам кабыл алды.
Эгерде уюм же жеке тарап санарип сом кабыл алуудан баш тартса, жеке тараптарга 3000 сом, юридикалык тараптарга 13 000 сом айыппул каралган.
Ошентип, өлкөдө акчанын үч түрү болот: накталай (фиат), эсептердеги санарип акча, ошондой эле төлөмдөр жана которуулар үчүн толук кандуу колдонууга мүмкүн болгон санарип сом (стейблкоин).
Бул мамлекетке каржы агымдарын толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлү берет, ал өз кезегинде экономиканы көмүскөдөн чыгарат, эсептерди ачык-айкын кылып, салык чогултууларын көбөйтөт. Азыр көп келишимдер «көмүскөдө» калууда – баңгизат, сойкулук үчүн накталай төлөшөт, аны аныктоо кыйын. Санарип валютаны киргизүү кырдаалды өзгөртөт – мамлекет бардык транзакцияны көрүп турат.
Баса, бизде мамлекеттик криптобиржа ачылган, «Бакай Банк» карта ээлерине криптовалюталарды Кыргызстандын расмий платформасы аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу жарнама чыгарды. Башкача айтканда, азыр криптовалюталарды сатып алуу банктар тарабынан активдүү пропагандаланып жатат.
