
Анара Сыдыгалиева, КР эл артисти: Азиз курсактан чыгып эле сахнага чыкты
Кээде маданияттын алтын чөйчөгүн бир кичинекей үй-бүлө чайпалтпай, төкпөй-чачпай кармап тургандай сезилет. Таланттууларды да кудай эмнегедир жол түшүрүп, тез эле табыштырат. Кыязы, дүйнөгө бир зор талантты алып келгиси келген учурда ушундай кереметттерди буюрат окшобойбу. Дегеним, кыргыздын Алымбек Даткасынын образын жаратып, Датка ойго келгенде көз алдыңа Азиз деген ысым тартылгандай сезим берген зор талант Азиз Мурадилаевди жарык дүйнөгө алып келген эне, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анара Сыдыгалиева менен маек курдук.
– Анара эже, өнөр дүйнөсүнө кантип аралашып калгансыз?
– Менин өнөргө келип калганымдын себеби, кичинемде ырдачу экемин. Атам эрте кайтыш болуп калды. Апам бизди жалгыз тарбиялады. Мектепти бүткөндөн кийин Орусиянын университеттеринин бирине тапшырып өтүп кеттим. «Окууга өттүңөр, баланчасында 400 сом таап келесиңер» дешти. Ошондо байкуш апам 400 сом таба албай койгон. Туугандардын баары чогултуп, апам бар тыйынын топтосо да араң 200 сом болуп, апам айласы кетип ыйлады. Элдер чөнтөгүнө тутамдап акча салып алып окууга өткөрөм деп жүрсө, менин кызым өз күчү менен өтүп кетсе да жөнөтө албай жатам деп букулдап ыйлаган. Ошо менен 400 сом таппай окууга барбай калдым.
Бир күнү эле апам «Кыргызстан маданияты» деген гезитти көтөрүп келиптир. Артында «Театралдык студия ачылып жатат» деген кулактандыруу бар экен. 100 сомду колума карматып, «барып оку, атаң сени сахнадан көргүсү келчү» деп жөнөттү. Борборго келип күн кур койбой окуу жайга барып экзамен тапшырам, бирок өттү дегендердин арасынан эч эле чыкпайм. Бир таякемдин үйүндө туруп жаткам, 10 күндөн көп өтүп кетти. Ансыз деле өзүмдү аябай ыңгайсыз сезип жүргөм. Бир күнү жеңем ачык эле тоскоол болуп жатканымды айтты. Аны укканда студияга келип документтеримди бергиле десем беришпейт. Жаштыгым менен директоруна кирип барып эле: «Агай, менин документимди бербей жатышат, айтып коюңузчу, апам берген 100 сомум түгөнүп бара жатат» дептирмин (күлүп). Ошондо Ашыраалы Боталиев: «Мага жакыныраак келчи, көзүмдү тиктеп туруп айтып берчи» деди. Агайды тиктеп алып монолог айтып бердим. Ошондо агай: «Мен өз жоопкерчилигиме алам, ушул кыз окушу керек. Мен тандаган кишилер оңой болбойт» деп окууга алган.
– Жолдошуңуз менен ушул окуу жайдан таанышкансызбы?
– Үсөн менден бир курс кийин окуган. Башында мени «эже» дечү да. Кийин тамашалап: «Мени эже дебейсиңби?» – десем чычалап калчу (күлүп). Мен Үсөндөрдөн бир курс өйдө бүтүп, театрда иштеп калгам. Гастролго чыгып кеткенбиз, келсем булардын курсу баары Ташкенттеги театралдык жогорку окуу жайга тапшырып өтүп кетишиптир. Аны угуп «эми мен жогорку билим албай каламбы?» деп ызаланып ыйлай баштадым. Негизи окууга тапшырарда бизди да чакырабыз деп жөнөтүшкөн, чакырбай коюшуптур. Анан ошол күнү кечкиге билет таап, өз алдымча Ташкентке учуп кеттим. Экзаменди жакшы тапшырып окууга өтүп кеттим, бирок кечигип барганым үчүн өзбек тобуна кабыл алынып калдым. Ошентип Үсөн экөөбүз Ташкентте да бир окуу жайда окуп калдык.
– Кантип үйлөндүңүздөр эле?
– Экөөбүз жакын достой эле болчубуз. Мени алдап алып кетүү Ашыр Чокубаевдин идеясы экен. Үсөн экөө үйгө барып: «Аялым Ошто жалгыз калды эле, биз Үч-Коргондун базарына бармакпыз. Анара аялымдын жанында болуп турсун», – десе апам дароо эле жөнөттү. Мени Нарын суусунун жээгине коюп коюшуп өздөрү жоголуп кеткен. Бир маалда келишип, Ашыр байке: «Эми Ошко жеткенче качан, жүрү, Үсөндүн үйү мобу эле жерде экен. Ошол жерге барып жатып алып, эртең менен эрте кетебиз» деп жатпайбы. Үсөн эгиздин түгөйү болчу да. Үйдө көшөгө тагылып туруптур. Кирип эле чочуп кеттим. Үсөн сыр бербей: «Асан аял алганын айткан жок белем?» деп коёт. (күлүп) Ары жагына кирип эле отуруп калдым. Ашыр Чокубаев бир аз отуруп эле: «Үч-Коргонго барып келбесем болбой калды» деп кетип калды. Мен болсо калдым, эми Үсөн бар да деп коём. Бир убакта молдосу келди. Ошондо билип жатпаймынбы, мени ала качышып келгенин.
– Азиз Мурадилаевдин сахнага келиши турган эле иш болуптур да...
– Ананчы, Азиз курсакта жүргөндө да сахнада жүрдү да. Курсактан чыгып эле сахнага чыкты. Анан каякка барат байкуш... Сиңдимди алып келип каратчумун. Мен сахнада жүргөндө көтөрүп келип эмизип кетчү да. Ошого көтөрүп келе жатса Бакен эже шашкалактап келип эле колунан жулуп алып сахнага чыгып кетиптир. Көрсө, сахнага бала көтөрүп чыкмак экен, куурчакты таппай калыптыр да. Сиңдим түшүнбөй эле калып калыптыр. Бакен эже ошол окуяны дайым айтып жүрчү. Жети айында апама бердим. Тили чыгып калган маалда телевизордон биз чыксак «менин атам, менин апам» деп телевизорду өөп калат экен. Спектаклден үзүндү бат эле бүтөт да, анда бакырып-өкүрүп ыйлаптыр. Ошондо апам таң атпай туруп алып, биринчи рейс менен учуп келиптир.
– Атасы да, өзү да тилекке каршы эрте кетишпедиби...
– Атасы 42 жашында өткөн да. Азиз өзү 42 жашка толгон күнү: «Өх, өттүм ээ» дебедиби... Тилекке каршы, эрте сүйүнгөн экен. Өзү да көпкө узаган жок. Балам ушунчалык шашылып жашады. Окууну бүтүп келери менен телетеатр ачылды, анда иштейт, биздин театрда иштейт, шаардык театрда иштейт, киного түшөт, орус драма театрында иштейт... Ойногон ролдорун чогултса жарым кылым иштеген меникинен өтүп кетет... Эрте кетерин билгендей эле жашаптыр. Азиз жөнүндө эскерүү мага абдан оор. Дагы деле өзүмө келе элекмин. Ал өткөндөн берки ар бир күнүм кайгы менен өтүүдө. Неберелеримди гана эш туруп жашап келем...
– Эже, сизге узак өмүр каалайм, кайрат кылыңыз... Кыргыз жашап турганда Азиз Мурадилаев эсибизде жашай берет...