“Апамдын чайынын” негиздөөчүсү Ира Чоткараева: “Каттама жасоонун эч кандай деле жашыруун сыры жок”
30 июль

“Апамдын чайынын” негиздөөчүсү Ира Чоткараева: “Каттама жасоонун эч кандай деле жашыруун сыры жок”

Кемин районунун Чолок айылынан өткөн адам сөзсүз бул жайга баш бакпай койбойт. Анткени бул жерде жаңы каттама, үйдүн каймагы жана сомоордун ысык чайы күтүп турат. Мына ушул керемет жайдын ээси Ира апа менен маектештик.

– Ира апа, бул жайды кантип түптөп калдыңыз эле?

– 2005-жылдын башында ушул жерге жолдошум фазендага кароолчу болуп кирген. Мен бош отурбай столдун үстүнө майда-чүйдө жайып соода кылчумун. Кичинекей базар, боз үй бар эле. Ошол боз үйдө Бурулкан деген апа сүт, каймак, сүт чай, каттама жасап сатчу. Ары-бери өткөндөрдүн көбү “Муздак сууга” токтоп, бизге көп деле кардар келчү эмес. Анан кызымдын сунушу менен Бурулкан апага окшоп биз деле каттама жасап саталы деп чечтик. Кичинекей мешти ошол жерге коюп оокат кыла баштадык. 2010-жылдары “Муздак суунун” аты өчүп, элдер бизге тартыла баштады.

– Үй-бүлөңүз менен иштейсизби?

– Мен кокустап колумду илгери сындырып алгам. Ошондон бери камыр жууруп, каттама жасай элекмин. Үч кызым, үч келиним каттама жасашат, күйөө балдарым самоор жагышат. Үй-бүлөлүк ишке айлантып алдык. Күнү-түнү нөөмөт менен калып иштешет. Мени чарчап каласыз деп аяшат, эртең менен тогузда келем, кечинде ошол саатта кетем. Башында абышкам самоор кайнатчу. Отун жарып, суу ташыган да чоң түйшүк. Ал деле күчтөн тайды, күйөө балдарына жумушту өткөрүп берип азыр эс алууда. Бир маал басып келип каттама менен чай ичип алып кетет. Менин бул жактагы негизги жумушум – балдарга баш-көз болом, киши көп болуп баратса чай куюп кыймылдап ийем, кассаны карайм, азык-түлүктү түгөлдөйм, айлык төлөп берем. Менин деле жаным тынбайт. Биздин жумуш июндан августка чейин жакшы болот да. Кардардан тыным жок болгондуктан өзүбүз жетишпей кыздарды жумушка алабыз.

– “Апамдын чайы” деген аталышты ким ойлоп тапкан?

– Мен ушул жайды ачып жатканда шаардан балдар кирип чай ичип калышты. Арасынан бирөөсү: “Апа, чайыңыз тим эле бала кезимдеги апамдын чайындай даамдуу экен”, – деп калды. Кийинки келгенинде ошол эле балдар “Апамдын чайы” деген баннер жасатып келип, илип берип кетишти. Ошол бойдон ушинтип аталып калды. Бирок мындай аталыштагы жайлар көбөйүп кеткендиктен, башкачараак болсун деп “Ира апанын чайы” деген аталышты патенттен өткөрүп алдым.

– Сизден каттама жасоонун сырларын үйрөнүп алып бизнес кылгысы келгендер барбы?

– Үйрөнөт элем деген кыз-келиндер бар. Алар келгенде “бир күн бекер иштеп үйрөнүп кет” деген шарт коём. Бирөөлөргө бир эле күн жетет, айрымдары 2–3 күндө үйрөнүп кетишет. Көл өрөөнүнөн келген келиндер азыр иштеп акча таап жатышса керек. Бирок менин колумдан чыккан каттаманын, чайдын даамын башкага алмаштырбаган туруктуу кардарларым бар. Алар башкага мактайт, ошентип ооздон-оозго алынып кеттик. Чет жактан келген эс алуучулар да көп келишет.

– Арабдар каттамаңызды тамшанып жешип, сизди өздөрүнө чакырганын уктук эле...

– Ооба, бирөөлөр айтканбы, же өздөрү эле бизди тандап кириштиби, бир жолу арабдар кирип каттама менен чай ичип кетишти. Көлгө кетип атышкан экен. 2–3 күндөн кийин кайра кирип дагы каттама жешти. Ошондон көп өтпөй аларды коштоп жүргөн кыргыз бала чалып: “Апа, баягы арабдар сизди каттама жасаганды үйрөтсүнчү деп атышат”, – дейт. “Бул жакка келсин, үйрөтөйүн”, – десем: “Жо-ок, сиз Арабияга барып үйрөтүшүңүз керек экен”, – дейт. “Үй-бүлөм менен кеңешейин” деген бойдон убакыт өтүп кетти. Кайра-кайра чалып сурана бергенинен жалгыз бара албасымды айтсам, үч кишиге билет алып беришти. Абу-Дабиден өздөрү тосуп алышып, 10 күн ошол жакта болуп принцтин коногу болдук.

– Ал жакта жасаган каттамаңыз оюңуздагыдай болдубу?

– Ал жакта кандай болуп калат деп каймак, сары май алып алгам. Ун да алып алсам болмок деп өкүнүп калдым. Жасаган каттамам аларга аябай жакканы менен өзүмдүн көңүлүмө толбой койду. Ошентсе да принцтин ашпозчусуна кыргыз каттамасын жасаганды кызым экөөбүз үйрөтүп келгенбиз.

– Каттама жасоонун өзгөчө сыры барбы?

– Мага көбү бир нерсесин айтпай жашырып жатасыз дешет. Чындыгында эч кандай сыры жок. Камырын орточо жумшактыкта жууруйбуз, аябай жакшы ийлеп тыныктырабыз. Бирдей бөлүктөргө бөлүп дагы тыныктырып туруп кадимкидей эле бышыра беребиз. Биз суу май, каймак, сары май үчөөнүн аралашмасын колдонобуз. Башка жашыра турган сырым деле жок. Үйрөнүп кеткендер “сиздикине окшобой жатат” деп калышат. “Дагы аракет кылсаң окшошот” дейм.

– Каймак, сүттү өзүңүздөр өндүрөсүздөрбү?

– Ооба, өзүбүздүн уйларыбыз бар. Бирок алардын сүтү жетпейт, көп жылдан бери бир ишенимдүү колдон алабыз. Даамы жакшы, каймактын да улам тартылган жаңысын алып келип турат. Кардарларымдын баары бир ооздон мактап, тамшанып жешет.