Апиза Насиридиновна, Family Planet маркетплейсинин негиздөөчүсү: “Соода кылган акчаңызды бонус аркылуу кайтарып беребиз”
22 июнь

Апиза Насиридиновна, Family Planet маркетплейсинин негиздөөчүсү: “Соода кылган акчаңызды бонус аркылуу кайтарып беребиз”

Баткендин кызы Апиза айым бүгүнкү күндө Family Planet маркетплейсин өнүктүрүүдө. Компания жакында эле бир жылдык мааракесин белгиледи. Анын айтымында, бул жөн гана соода аянтчасы эмес, сатып алуучуга короткон акчасын акырындап кайтарып берген уникалдуу соода платформасы. Сегиз айдын ичинде жүз миллиондогон сомдук товар жүгүртүүгө жетишкен платформанын негиздөөчүсү менен биз бизнеске болгон кызыгуусу, жаңы долбоордун өзгөчөлүгү жана келечек пландары тууралуу маектештик.

–  Өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз. Ишкерликке кантип келип калдыңыз?

– Мен, Апиза Насиридиновна, Баткендин кызы болом. Эгер жалпы ишкерлик тууралуу сөз кыла турган болсок, мен аны бала кезимден баштагам. Ошондон эле бизнеске кызыкчумун. Андан бери ишкерликтин түрүн кылдым, мен кылбаган иш калбады десем болот. Канча жолу банкрот болдум, жыгылдым, кайра турдум...Акыркы эле кылган иштерим тууралуу айтсам, тигүү фабрикасын иштеттим, андан кийин “Майкук” деген тамак жасоочу аппарат тууралуу уксаңыз керек, ошол долбоор менен ийгиликтүү иштедик. Андан кийин Family Planet маркетплейсин негиздеп, бир жылдан бери ушул багытта иш алып баруудамын. 

– Бул кандай маркетплейс? 

– Family Planet – “Дордой” базарын баш кылып Кыргызстандагы бардык базарларды бириктирип туруп бир тиркемеге киргизип койгон соода аянты. «Wildberries», «Озон» сыяктуу эле инернет дүкөн. Бирок биздики башкачараак, мындай система менен иштеген бир дагы маркетплейс жок деп ишенимдүү айта алам.  

– Силердики эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

– Өзгөчөлүгү – короткон акчаңызды кайра бир нече убакытта кайтарып беребиз.

– Кандайча?

–  Ооба, көптөр таң калат, бирок ушундай. Мисалы, базардан же дүкөндөн соода кыласыз, болду, ошо менен төлөгөн акчаңызды унутасыз да, туурабы? Биздин маркетплейсте деле ошол эле товарлар, бирок аларды алсаңыз, канча суммага соода кылсаңыз, ошол акчаңыз  күн сайын сизге тамчылап түшүп турат. Чогулган бонуска кайра эле соода кыла бересиз. 

– Сонун го! “Анда силердин кызыкчылыгыңар эмне?” деген суроо ар бир окурманда жаралса керек...

– Болгону биздин товарлар бир аз кымбатыраак. Башка жерлерден 20-30 пайызга кымбатыраак болушу мүмкүн, кээ бир учурда бирдей деле болуп калат. Ошонун эсебинен эле пайда көрөбүз биз.

– Чындыгында өзгөчө экен. Мындай идея сизде качан жана кантип пайда болду эле?

– Жылдан-жылга заман өнүгүп, жаңы технологиялар келген сайын иш орундар кыскарып жатпайбы. Фабрика иштетип жүргөн маалда Кыргызстанга биринчилерден болуп робот машинкаларды мен алып келгем. Ал машинкам кийимге чөнтөк салган тигүүчүлөрүмдүн ишин алып, алар жумушсуз калышты. Албетте, робот абдан ынгайлуу, бирок жакшы маяна алып үй-бүлөсүн багып аткан жумушчулардын ырыскысын тыйып койдум деген санааркоо жүрөгүмдү өйкөчү. Ошондо уктап жатканда да акча түшө бере тургандай бир жумуш болсо дечүмүн. Кытайда жашаган бир тааныш кызым аркылуу бул бизнес менен таанышканымда ушул суроомо жооп тапкандай болдум. Азыр бизде ушундай, кадимкидей эле тамак-аш, кийим-кече, керектүү буюм-тайымыңызды сатып алып күнүмдүк жашооңузда жашай бересиз, бирок сизге уктап жатсаңыз да күн сайын дивиденд түшүп турат. 

– Бул системаны ойлоп табууга сизге ким жардам берди?

– Менин өнөктөшүм - Кытай жараны мистер Жанг. Ал кытай миллиардери   Джек Манын кеңешчиси болгон. Анын Alibaba маркетплейсинин бүт системасын ушул киши түзүп чыккан. Электрондук бизнес боюнча Кытайдагы жападан жалгыз мугалим экен. Мистер Жанг менен таанышканда системасы мага абдан жакты да, чогуу иш жүргүзүү боюнча келишим түздүк. 

– Бул система аркылуу товарын сатууга да, товар сатып алууга да мүмкүн экен да?

– Ооба, өндүрүүчүлөр биз менен келишим түзүп, товарларын сайтыбызга жайгаштырат. Аны каалаган адам тиркемебизге кирип сатып ала берет. Жакшы жагы – бул жакта эч ким банкрот болбойт. 

– Кандай товарлар бар? 

– Башында 30-40тай эле өзүбүздөн чыккан товарлар менен баштаганбыз. Азыр 4 миңден ашык товардын түрү бар. Азык-түлүктөн баштап курулуш материалдарына чейин. Жакында эле бир авто салон менен келишим түздүк, эми унааны да бизден сатып алууга болот. Кредитке машина алам дегендер үчүн бул жакшы шарт. Банктан насыя алып бизден машинаны сатып алышат, күнүмдүк түшкөн дивидендин чогултуп банкка төлөй берет. Жакында үй ремонттоо, кыймылсыз мүлккө да өтөбүз. Бизге азыр “кантип эле ушундай болсун?” деп көптөр ишенбей жатышат, бирок келечекте элдин баары ушундай соода жүргүзүүгө өтөт, буюрса.

– Логистика жагы кандай болуп атат?

– Азыр 15-20  күндө колго тиет. Бирок учурда ушул маселенин үстүнөн иштеп атабыз, жакын-арада эртең менен буйрутма берген товарды түштө ала тургандай шарт түзүлөт. 

– Компанияңыздардын ачылганына бир жыл болуптур, бул убакыт аралыгында кандай ийгиликтерди жараттыңыздар?

– Ооба, компаниянын ачылганына бир жыл болду, бирок платформанын иштеп баштаганына октябрда бир жыл болот. Сегиз ай аралыгында биз 320 миллион сомго товар айлантуу жасаптырбыз. Биздеги Кыргызстандагы иштеп жаткан маркет плейстердин тарыхына көз чаптырсак, 2-3 эсе көп деген сөз. 

– Дүйнөлүк ири платформаларды да озуп өтүптүрсүз да?

– Ооба, мен башынан эле Кыргызстандын ичинде ачылган маркет плейстерди атаандаш катары эсептеген жокмун. Вайлдберриз, Озон, Алибаба, Пиндодо сыяктуу ири интернет дүкөндөр менен ат салышкам. Бир жылдык тарыхтарыбызды салыштырганда биздики эмитен эле булардын баарынан алдыда кетип атат. 

– Канча колдонуучу бар?

– Бүгүнкү күндө 32 миңдей колдонуучу бар. Алардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Биздин сайтка кирген адамдардын эч кимиси кайра чыкпайт. Себеби бул жерде күн сайын бонус түшүп турат да. Ал электрондук  акчага кайра эле товар сатып ала беришет.

– Кыргызстанда маркетплейстердин келечегин кандай көрөсүз?

– Биз бул системага эми-эми өтүп жатпайлыбы. Мисалы, Кытайда бир дагы соода борборун таппайсыз. Болсо да алар онлайн соода жүргүзүшөт. Каалаган нерсесин телефон аркылуу эле буйрутма беришет, 15 мүнөттөн кийин эшигиңдин босогосунда турган болот. Биз да ошого баратабыз. Бара-бара эч ким базарга же дүкөнго барбай калат.

– Эл аралык рынокко чыгуу пландарыңыз барбы? Компанияңызды беш жылдан кийин кандай деңгээлде көргүңүз келет?

– Биз Орто Азия мамлекеттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Жакынкы аралыктарда ал өлкөлөргө чыгабыз деген пландарыбыз бар. Андан кийин Европа өлкөлөрүнө чыгуу ниетибиз бар. Буга биздин күчүбүз жетет. Серверибиз абдан кубатту, ал мурун Дубайда жайгашкан эле, азыр Кыргызстанга көчүрүп келгенбиз. Программисттерибиз жогорку профессионалдык деңгээлде иштейт. А келечекте мен бул маркет плейсти дүйнодөн көргүм келет. Мына ушундай чоң амбициялар менен иштеп атабыз.