Салык кызматында 35 жыл иштеген ардагер: Жумуртка, койдун жүнү менен салык төлөгөн учурду жашап өттүк
Ороз Байгашкаев өмүрүнүн 35 жылын салык тармагына арнаган. 1990-жылдын 1-июлунда Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер боюнча улук башкармалыгынын базасында Салык инспекциясы уюшулгандан тартып бул тармакта иштеп, жетекчилик кызматтарга чейин жетип, акырында Нарын райондук салык башкармалыгында башкы инспектор болуп эмгектенип жүрүп пенсияга чыккан. Караван-Инфо менен болгон маегинде салык тармагынын тарыхы жана учурдагы ишмердүүлүгүнө болгон көз карашын бөлүштү.
Горбачевдун жарлыгы менен 1990-жылдын 1-июлунда Салык инспекциясы түзүлөөрү менен, ал убакта Нарын шаардык финансы бөлүмүндө иштеп жүргөн кезим болчу, салыкка которулдум. Башында штат аз болчу, жетекчибизди кошкондо жети киши эмгектенип жаттык. Ошону менен бул тармактан эч кайда кеткен жокмун, 35 жылга бир аз ай жетпей иштеп, ардактуу эс алууга кеттим.
– Салык кызматы жаңы уюшулган кез тууралуу айтып берсеңиз, ал убакта элдин түшүнүгүндө салык төлөө деген нерсе жок болгон да, сиздердин ишмердүүлүктү кандай кабыл алышкан?
– Ал кезде рыноктук заман жаңы гана башталып, бирок менчик мамлекеттен ажыратыла элек болчу. Жер, суу дыйкандарга тарай элек, баары колхоз-совхоздун карамагында. Ошондуктан биз бир гана үйдүн жанындагы короо жай үчүн гана салык алчубуз. Андан башка азыркы КНС сыяктуу жүгүртүүдөн алынчу салык бар эле, аны мекеме, ишканалар төлөчү. 1994-жылга чейин курулуштан алынчу салык да болгон. Чогулта турган салыгыбыз аз болгонго жараша азыркыдай план тапшырма деген болчу. Мүмкүнчүлүккө жараша гана чогултчубуз. Анан 1995-жылы жер дыйкандарга бөлүнүп берилди, а биздин ишибиз көбөйдү. Үймө үй кыдырып жер салыгын чогултабыз. Эл төлөбөйбүз дешет. Талаш-тартыш болот. Айтор, ал кезди да жашап өттүк.
– Элде акча жок мезгил эмес беле, ошон үчүн төлөөдөн баш тартышкан чыгаар...
– Ооба, салык чогултуу абдан кыйын эле. Дыйкандарда акча жок, ким эмнени тапса, ошону менен салыкка чегерип алган учурлар болду. Мисалы, жумуртка, буудай, арпа, ал турмак койдун жүнүн кыркып жатышканда барып, жүн менен эсептеп алып, аны Токмокко жеткирип төкчүбүз. Эгиндин түшүмү жыйналып жатканда ар бир комбайндын жанында бирден инспектор турчу. Айтор, бир бутубуз талаада, бир бутубуз кабинетте болчу. Анын үстүнө ал убакта бардык иштерибиз кол менен жазылчу. Мисалы, 7800 дыйкан болсо, ар бирине 7800 журнал болчу, ар бирине өзүнчө кол менен салык төгүмдөрүн жазып, жылдын соңунда эсептеп, анан аларды жапчубуз дагы, келерки жаңы жылда кайра аччубуз. 26 форма, 26 журнал реестри бар болчу, бардыгын кол менен жүргүзчүбүз. Азыр баары электрондошту, салык кызматкерлерине бир топ жеңилдик жаралды. Ага кошумча элдин турмушу жакшырып, салыкты өз каалоолору менен төлөп калышты. Мурдагыдай артынан кубалап, «төлө» демей дээрлик жок, мисалы, мурда транспорт салыгы жоюла электе 1-сентябрга жакын «автоунаамдын салыгын төлөйм» дегендердин узун кезеги жаралчу.
– Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген адам катары айтсаңыз, мамлекеттик кызматкер кандай болушу керек?
– Биринчи кезекте мамлекетчил болушу керек. Бизде бир гана өлкө жетекчилиги мамлекетчил болушу керек деген түшүнүк калыптанып калган. Жок. Ар бир кызматкер мамлекетчил болууга тийиш. Азыр жаш муундун учуру келди. Менин замандаштарымдын дээрлик баары пенсияга кеттик. Мен жаштарга айтат элем: ким болсо да, өзүнүн ишин күйүп-сүйүп иштеши керек. Эч убакта бул меники, бул башканыкы деп бөлүүгө болбойт. Эгерде мен өзүмдүн милдетимди гана аткарам деп отура берсең, тар адистешкен болуп каласың. Бардык нерсени билүүгө умтулсаң, кеңири мүмкүнчүлүктөгү адиске айланасың. Биздин убакта өзүбүздүн ишти да аткарчубуз, анан ага алымсынбай, башка кызматкер тейлеп жаткан ишти да билгибиз келип, ага жардамдашып жиберчүбүз. Көптү билгибиз келчү эле. Жумушта илең-салаң, тийди-качты болгонго болбойт, иштейсиңби майын чыгара иште, андай кылгың келбесе, иштебе. Анан түз жүрүп, туура иштөө керек.
– Биздин убакта деп калдыңыз, сиздердин убак менен азыркы убактын дагы кандай айырмачылыгын көрөсүз?
– СССР убагында мечит деген жокко эсе болчу. Кээ бир жерлерде гана жупуну мечиттер бар эле. А бирок тарбиябыз азыркыдан миң эсе өйдө болгон. Азыр мечит көп салынып жатат, бирок тарбиядан аксап баштагандайбыз. Мектепте мугалимдерди кандай урматтачу элек, алар кандай кадыр-барктуу эле, ошого жараша берген билими да сиңимдүү болчу. Коомдук транспорттордо улуу кишилер турмак, өзүбүздөн кичүү кыздар кирип калса, орун бошотуп берүүгө шашылчубуз.
– Дээрлик жарым кылым тынымсыз эмгектендиңиз, күнүгө эртең менен жумушка, кечинде үйгө деген тартипке көнүп калган адам пенсияга чыкканын кандай кабыл алып жатат?
– Союз убагында пенсия курак 60 жаш болчу, азыр 63 жаш. Бул курак жөндөн жөн белгиленген эмес да, окумуштуулар изилдеп көрүп, адам 60ка чыкканда өндүрүмү начарлап калаарын аныкташкан. Чындыгында, чарчайт экенсиң. Мурдагыдай демилге, энергия, жигердүүлүк басаңдап, жай тартып каласың. Илең-салаң болуп жүрө бербей, пенсияга чыгыш керек, эс алуу керек. Жаштар да иштесин. Ошондуктан, мен пенсияга чыгуумду жеңил кабыл алдым жана бат эле көнүп кетчүдөймүн. Азыр айыл чарбабыз бар, жер айдайбыз, чөп чабабыз, ошол иштер менен алектенип жатам. Бирок иштеп жүргөн кездин жакшы жагы көп. Эртең менен эрте туруп, дайынданып, сакал-мурутуңду алып, чыкыйып аскер адамындай болуп жүрөсүң да. А үйдө элемин го деп сакал-мурутту да убагында албай калдым (күлүп). Илгери Ишенбек Алжанбаев деген жетекчибиз бар эле, ал киши «эртең менен жумушка келип жатканыңарга сүйүнгүлө», – деп калчу. Азыр ойлоп туура айтыптыр деп калам.
