Айбек Мукашов, багбан: “Адал эмгек менен үй-бүлөмдү багып келем…”
18 август

Айбек Мукашов, багбан: “Адал эмгек менен үй-бүлөмдү багып келем…”

Жашоосу жакшы, телегейи тегиз адамдар турмушуна, тагдырына эмнегедир нааразы болгонун айланабызда көп эле көрүп жүрөбүз. Ошол эле учурда ден соолугу начар болсо да Жаратканга шүгүр айтып жашап келген замандаштарыбыз бар. Бүгүнкү каарманыбыз экинчи топтогу тубаса майып экенине карабай багбанчылык, чарбачылык иштерди аркалап, IT тармагынан билим  алып эмгектенип келет. Айбек мырза оор тагдырга туш болсо да позитивдүү ой жүгүртөт. Биздин каарман балким  окурмандарга шык берер деген максатта маектештик...

“Төрөлгөндө эле экинчи топтогу майып болгон экемин”

 Мен 1989-жылы 15-апрелде Ысык-Көл районунда төрөлгөм. Ошондон бери өзүмдүн туулуп-өскөн айылым Өрнөктө жашап келем. Мен бир үй-бүлөнүн көзгө басар жалгыз уулумун. Жарык дүйнөгө келгенде эле майып болуп төрөлүптүрмүн. Мага догдурлар ДЦП деген диагноз коюшуптур. Баспай калышымдын себеби, тарамыштар өспөй калган деп айтышат. Ооруну ар кандай божомолдогондо эмне, баары Жараткандан эмеспи.  Чоңоюп акыл-эс киргенде аракет кылып бир аз кадам таштап көрдүм. Ошо аракетимден уламбы, же Кудайымдын  каалоосу мененби, айтор, түз баса албасам да кадам таштадым. 

“Бала кезде башка балдардай чуркап ойногум келчү”    

Мектепти өзүмдүн айылымдан окуп бүтүрдүм. Бала кезде жаным кейип ыйлап, баспаганыма ызаланчумун. Башка балдардай  чуркап ойногум келчү. Өзгөчө өткөөл мезгилди катуу кабыл алгам. Башка балдар отуруштарга, дискотекага, көлгө  эс алууга кетишсе же кыздарды жандап басышса мен анте алчу  эмесмин. Дайыма ден соолугумдун айынан үйдө отурчумун. Ал кездерде мен да классташтарым менен көңүл ачкым келчү. Ошентсе да досторума, классташтарыма рахмат. Убакыт таап дайыма жалгызсыратпай келип сүйлөшүп отуруп кетишчү. Ошол балалыктагы өткөөл мезгилди көл жээгинде отуруп ыр жазуу менен алаксып өткөрүп жибердим. Чыгармачылык менен алек болгонум жашоомо чоң шык берчү. Кийин № 93 кесиптик лицейде IT тармагында окуп билим алдым. Эмнегедир хакерлердин үстүнөн караган жакчу. Сайттарды ачып иштетким келген. Бул жаатында изденип колумдан келишинче  жакшы билим алдым. 

"Карындашымдан, атамдан айрылуу оор болду”

Кудайым күчтүү инсанына чоң сыноо берет деп коёт эмеспи. Мен үч бир тууганмын. Эжем, мен анан карындашым бар болчу. 9-классты аяктагандан кийин карындашым орто окуу жайга тапшырып Бишкекте  окуп калды. Саламаттыгы начарлаганын айтып догдурга көрүнгөн эле. Туура эмес дарылагандан кеттиби же башка себептер болдубу, айтор, бир боорумдан айрылып калдым. Борборго окуйм деп дегдеп кеткен карындашымдын сөөгү келди.  Он гүлүнүн бир гүлү ачылбай кеткен карындашымдын кайтыш болушу баарыбызды күйүткө салды. Бул кайгы атамды кошо алып тынды. Ошентип көп узабай аска зоом атамдан айрылдым.  Баласынын жамандыгын эч бир жанга бербесин дээр элем. Атам бул күйүттү көтөрө алган жок. Эки жакынымдан бирдей  айрылуу мага да чоң сокку болду. Ошол 2013-2014-жылдар менин жашоомдогу эң оор жылдар болуп калды.  

“Сыноонун артында жакшылык бар деген чын...”

Оор күндөр башынан өтсө да апам дайыма кайраттуу. Эжем экөөбүзгө карааны менен тирек. Жалгыз бир боорум турмушка чыгып, үй-бүлөлүү. Өз ордун таап, төрт балага татыктуу тарбия берип келет. Апам болсо Түркияда мигрант болуп иштеп жүрөт.  Кудайым сыноолордун артынан жакшылык берет деп коёт эмеспи. Баарына шүгүр, Жаратканым мага ак никелүү бүлө берди. Келинчегим Акинай 1997-жылкы. Экөөбүз сүйлөшүп кудайдын буйругу менен баш кошуп калдык.  Турмуштан тапкан чоң олжом - мен ойлогондой түгөй берди десем болот. Ар дайым колдоп, жардамдашып, оорумду колдон, жеңилимди жерден алып турган келинчегим бар. Ортобуздагы Айлин, Адеми аттуу эки кызыбызды, Амирхан аттуу бир уулубузду чоңойтуп жатабыз. Келинчегим экөөбүз тең учурда мектепте кичи кызматта эмгек кылабыз. Ал мектептин ички тазалыгын карайт, мен сырткы тазалыгын, анан кышкысын от жагып жылуулугун карайм.

“Жемиш шактарын бири-бирине кыйыштыруу жагат”

Көбүнчө мени тааныгандар жана айыл эли  “багбан” деп билишет. Айрымдар Мичурин деп тамашалап калышат. Себеби мүмкүнчүлүгүм чектелген деп отуруп калбастан көп жылдан бери бактарды кыйыштыруу менен алек болуп жүрөм. Эмнегедир алма-өрүк, кара өрүк сыяктуу жемиш шактарын бири- бирине кыйыштырып ортодон жаңы сорт чыгаруу мага жагат. Бул аракетим менен жаңы изилдөө кылып китеп жазсам деле болмок болуш керек. Бирок мен антип жазып, элге жар салганды, ал турсун сүрөткө тартып мактанганды  жактыра бербейм. Жөн гана мага жаккан кесипти аркалап жүрөм.  Көп адамдар көчөттөрдү кантип тааныйсың деп сурай беришет. Мен изилдеп жүрүп таанып калгандыктанбы же тубаса ушундай шык берип койгонбу, айтор, бир көрүп эле кайсы көчөт кандай экенин билем. Тамырлары, жалбырактары, бүчүрлөрү же кабыгы аркылуу билип койсо болот. Жапайы дээлген өсүмдүктөрдү алып келип отургузуп,  бир жыл чоңойтуп, анан кадимки тандалган мыкты сортторго кыйыштырып өстүрөм.  

“Кара өрүк менен сары өрүктү кыйыштырып жемишин алдым”

Башка элдердей баскан болсом тээ алыскы тоолорго барып ал жактагы жаңы көчөттөрдү алып келсем дечүмүн. Кээде эшек менен тоого барып алып келээр элем. Ошентип жүргөн кезимде айыл тургундары, айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары электро мотоцикл белек кылып аябай кубандырышты. Азыр бирөөнүн көмөгүсүз тоого барып келе алам. Ишке каттап, чарбалык ишим менен алектенем.  Менин эмгегимдин өзгөчө үзүрү өткөн жылы болду. Кара өрүк менен кадимки сары өрүктү кыйыштырып жемишин алдым. Кычкыл бир башкача сонун даамы бар өрүк болду. Азырынча жаш болуп кичирээк байлады. Кийинки жылдары чоң-чоң болуп байласа керек. Мындай өзгөчө ишимдин артында  аракет кылгандан тажабайм. Эң башкысы адал эмгек менен үй-бүлөмдү багып келем. Мен жашоодо эч нерсеге өкүнбөй жашаганга аракет кылам. Кудайыма шүгүр, эркектен бир тууганым болбосо да элим бар, журтум бар. Бутумдан аксасам да акылымдан аксаган жокмун. Үй-бүлөм маңдайымда, жашоом жакшы. Баарына  шүгүр...