Шаарга биринчи жолу келгенде...
Өз жолубузду издеп алгачкы ирет айылдан шаарга келген күнүбүздү эстесек, баарыбыз эле бир жылмайып алсак керек. Мындай кызыктуу жагдайларга туш болгон атактуулар өз окуяларын айтып беришти.
Динара АКУЛОВА: “Үйдөн эки карыш турган жерге айланып барган экенмин“
Мектепти бүтүп, 1980-жылдары биринчи жолу Бишкекке, ал кездеги Фрунзеге келген элем. Келип эле өзүм каалаган Искусство институтуна тапшырсам, Кудай жалгап өтүп кеттим. Ал кезде аталган окуу жай Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан эле. Ал эми мен жашаган агамдын үйү Ахунбаев менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде эле. Үйдөн эки аялдама ары бассам эле окуума жетмекмин. Мен болсо биринчи күнү Манас көчөсү менен ылдый Чүй проспектисине түшүп, кайра Совет көчөсү менен Ахунбаевге чейин барып институтка айланып барганым эсимден кетпейт. Үйгө келип жеңеме алыс экенин айтсам, жеңем “жакын эле го”, - дегенинен кантип барганымды айтып берсем боору эзилгиче күлгөн.
Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ: “Аялдаманы көрүп аябай сүйүнгөм“
1991-жылы жогорку окуу жайга окуу максатында Токтогулдан борборго келген кезим. Шаарды буга чейин документ тапшырууга келгенде көргөнүм болбосо, эч жерин билбейм. Туугандарымдын дайындаганы боюнча Токтогулдан келген автобустан түшүп эле келген жолумдун карама-каршы бетине өтүп, 7-автобуска түшүп төрт аялдамадан соң түшүшүм керек болчу. А мен ошол эле тараптагы аялдамага сары түстөгү автобус келип токтосо, шашкалактап барып түшүп эң арткы орундукка олтуруп алдым. Азыр эстесем, Аламүдүн-1 кичирайонуна жеткенде адашып кетип бара жатканымды сезип, көзүмө жаш тегеренип кетти. Эмне кыларымды билбей кетип баратсам айдоочу микрофон аркылуу качан түшөрүмдү сурады. Же “адашып кеттим” деген сөздүн орусчасын билбейм. Айланамды карасам жүргүнчүлөрдүн бардыгы орустар. Ошондо айдоочу адашып кеткенимди билип бир аялдамадан түшүрдү да, эмки келген автобуска отурарымды түшүндүрүп берди. Кийинки келген автобуска түшүп алып автобуска кирген ар бир кыргыз жүргүнчүдөн: “Автобекетке барабы? Жеттикпи?” деп улам-улам сурай бердим. Акыры алыстан мурдагы тааныш аялдама көрүнгөндө Американы багындыргандай сүйүнгөнүмдү эстеп азыр күлөм. Ошентип үйдөгүлөргө адашканымды айткандан уялып, эч нерсе болбогондой кирип баргам.
Алина ЖЕТИГЕНОВА: “Менин айымдан студенттерге лифтке түшүүгө тыюу салынган”
1980-жылдары Фрунзеге келип, филармониянын бешинчи кабатында жайгашкан студияда окуп баштагам. Ал учурда азыркыдай бийик имараттар дээрлик жок болгондуктан, лифтти көп пайдаланчу эмеспиз да. Бир күнү бешинчи кабаттан лифтке түшсөм, ал төртүнчү кабатка келгенде токтоп калды. Көрсө, директорубуз төртүнчү кабатта лифт күтүп турган экен. Мен эшик ачылса чочуп кетип, директор эшикке кыпчылып калат деген ой менен анын жакасынан кармап, болгон күчүм менен лифттин ичине карай тартып алыптырмын. Чыкыя кийинген директорумдун бир заматта галстугу кыйшайып, көйнөктөрү уйпаланып калды. Агай да түшүнбөй калды, бир маалда өзүнө келип: “Чыгып кет!”-деп кыйкырганда лифттен кандайча атып чыкканымды билбей калдым. Ошол окуядан кийин директор көп убакытка чейин студенттерге лифтке түшүүгө тыюу салган.
Абдылда ИМАНКУЛОВ: “Заводдун оозунда кечке жатып туугандарымды тапкам”
1980-жылы биринчи жолу айылдан шаарга келип, таажездемдин үйүнө түшмөкмүн. Шаар көчөлөрүн билбегендиктен, жакын эле турган жердеги таежемдин үйүнө 25 сом төлөп барсам, алар үйүндө жок экен. Таежем менен жездем иштеген заводдун дарегин сурап алып аларды издеп жөнөдүм. Миң адам иштеген завод экенин билбейм да. Барып алып жездем менен таежемдин атын айтып, кирип-чыккан кишиден сурай бердим. Эч ким билбейт. Ошентип отуруп чарчаганымда көлөкөдөгү скамейкага жатып уктап калыптырмын. Туруп эле чөнтөгүмдөгү капчыгымдын жок экенин билдим. Акчам жок, эми ал жерден жыла албайт элем. Андыктан кечке чейин ошол заводдун оозунда көгөрүп күтүп олтуруп издеген туугандарымды таап алгам.
