
Мухтарбек Баймурзаев: «Социалдык контракт» 3 жылдын ичинде 35 226 үй-бүлөнү камтыды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич менен “Социалдык контракт” долбоорунун жыйынтыктары тууралуу чакан маек курдук.
– Мухтарбек Арапбаевич , “Социалдык контракт” долбоорунун иштеп жатканына 3 жыл болду. Жыйынтыктарын кандай баалар элеңиз?
– Ооба бат эле убакыт өтүп, ийгиликтүү ишке ашып жаткан долбоорлорубуздун бирине үч жыл убакыт болуптур.
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 2022-жылдан тартып, мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыты болгон жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу үчүн жигердүү кадамдарды жасоого, турмуш-шартын жакшыртууга, ошондой эле алардын өз алдынча иш менен камсыз болушу үчүн шарттарды түзүү максатында “Социалдык контракттын” негизинде социалдык жардам көрсөтүү долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатат.
2024-жылы каралган 23 000 үй-бүлөдөн 22 426 үй-бүлө социалдык контрактка камтылды жана анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандар 18 542 (83%), жакыр үй-бүлөлөрдүн саны - 3 884 (17%) түздү, калган 574 үй-бүлө социалдык контракт алгандан ар кандай себептер менен баш тартышты.
– Социалдык контрактар кайсы тармактарга көп берилди?
– Социалдык контракт жобосуна ылайык, 3 жылга түзүлөт. Үч жылдын ичинде социалдык контракт 35 226 үй-бүлөнү камтып, алардын бизнес-программалары төмөнкү багыттарда ишке ашырылган: 73,3% - айыл чарба, 13,8% - өндүрүш, 6,7% - соода-сатык жана 6,2% - кызмат көрсөтүү тармактарында.
“Социалдык контракт” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 94,2%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түздү, 43,0 миңге жакын кошумча жумуш орундары түзүлүп, республика боюнча 190,0 миңден ашык адамдын жашоо-шарты жакшырууда.
– “Социалдык контракт” долбоору натыйжалуу болду деп айтууга негиз болгон экен да же убагында ишке ашыра албай калган учурлар да кездештиби?
– Албетте, мониторингдин жыйынтыгы менен үч жылдын ичинде 35 226 үй-бүлөдөн 138 үй-бүлө ар кандай себептерден улам социалдык контрактты ишке ашыра алышкан жок. Башкача айтканда, ар кандай форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында активдер жоголгон, социалдык контракттан өз ыктыяры менен баш тартып, каражатты кайтарып беришкен.
– Социалдык контракт боюнча былтыркы, 2024-жылдын жыйынтыгы кандай болду?
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги тескемесине ылайык, 2024-жылы 20 000 үй-бүлөгө социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды берүүгө 2 070 300 000 (эки миллиард жетимиш миллион үч жүз миң) сом бөлүнгөн. Бул буйрукка ылайык, 20 000 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын санын аймактык башкармалыктарга бөлүштүрүү тизмеси бекитилген.
Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен социалдык контракт кошумча 3 000 үй-бүлөгө берилди. Жалпысынан 2024-жылы 23 000 үй-бүлөгө социалдык контракт берүү пландалган.
Тактап айтсам, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 22 426 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. Бул 97,5 пайызга барабар.
– Сиз айткан мына ушул 22 426 үй-бүлө социалдык контрактын негизинде кандай багытта иштешти?
– Бул боюнча биз такай анализ жасап турабыз. Ал мындай:
- 16 696 долбоор же 74,4% – айыл чарба тармагында, булар мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, балчылык, күнөскана, канаттуулар чарбасы.
- 2 807 долбоор же 12,5% – өндүрүш тармагындагыларга берилди, анын ичинде тигүүчүлүк, темир-бетон жыгач эмерек буюмдарын жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, кичи тегирмен, биологиялык жер семирткичтер, тамак-аш тармагы боюнча- навайкана, кондитердик, жемиштерди кургатуу цехтерине берилди.
- 1361 долбоор же 6,1% – кызматтарды көрсөтүү тармагында, анын ичинде коомдук тамактануу жана такси кызматтары, курулуш, монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, курулуш шаймандарын ижарага берүү, сулуулук салондорун иштеткендер алышты. Ошондой эле, автодиагностикалык борборлор, унаа оңдоо, унаа жуучу, вулканизация, мончо, массаж, бала бакча, авиакасса иштетүү үчүн алгандар болду.
- 1562 долбоор же 7,0% – соода-сатык тармагында, азык-түлүк дүкөндөрү, майда соода кийим, кеңсе товарларын сатуу, онлайн сатуу боюнча алышкандар.
Ал эми, 574 квотаны (2,5%) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн каалоосу жок болгондугуна байланыштуу аткаруу мүмкүн болгон жок.
Айталык, Сузак району боюнча 522 квота, Ош шаары боюнча 33 квота жана Таш-Көмүр шаары 19 квота аткарылбай калды.
Социалдык контракт менен камтылган 22 426 үй-бүлөнүн ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алгандар 18 542 (83%), жакыр үй-бүлөлөрдүн саны - 3 884 (17%) түздү.
– Социалдык контрак алгандардын басымдуусу аялдар болсо керек?..
– Чындыгында айымдар дайым активдүү болот эмеспи. Бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 20 904 (92,6%) негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түздү, 23,0 миңден ашык кошумча жумуш орундары түзүлүп, республика боюнча 93,0 миңден ашык адамдын жашоо шарты жакшырууда.
– Бул жылы да социалдык контракты ишке ашыра албай калгандар болдубу?
– Мониторингдин жыйынтыгы менен 22 426 үй-бүлөдөн 11 үй-бүлө ар кандай себептерден улам социалдык контрактты ишке ашыра алышкан жок. Бул эми анча көп эмес, 0,05% түзөт. Албетте, форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында активдер жоголгон, социалдык контракттан өз ыктыяры менен баш тартып, каражатты кайтарып беришкен.