Кыргыз эстрадасынын кышын куйган Чоро Кожомжаров
Кыргыздын ырчы-чоорчулары алгач эстрада деген түшүнүктөн алды канча алыс болушкан. Бул түшүнүктү биринчилерден болуп жандандырып, кыргыз эстрадасынын алгачкы кышын куюп, ырчылардын тушоосун кескен Чоро Кожомжаров деген инсан болгон. Өкүнүчтүүсү, аз өмүрүндө албан иш кылып кеткен бул инсан көп деле эскерилбей келет. Бул нерсени эске алуу менен биз “Эстен кеткис элестер” рубрикабызга аталган инсанды каарман кылып, көмүскөдө калып келе жаткан анын эмгеги тууралуу замандаштарынын эскерүүлөрүн жаздык.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кожомжаров Чоро 1942-жылы Ак-Талаа районунун Учкун айылында жарыкка келген. Туңгуч кыргыз эстрада ансамблин уюштуруучу, көркөм жетекчиси Чоро Кожомжаров 1955-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүн бүткөн.1958-жылдан К. Орозоватындагы эл аспаптароркестринде солист-музыкант болуп, домбра-примида ойногон. Комузда классикалык күүлөрдү черткен. 1968-жылы аспаптык ансамблди уюштурган.Кыргыздын элдик обончуларынын, композиторлорунун ырларын, залкар комузчуларынын күүлөрүн иштеп чыккан.
Чоро Кожомжаров түзгөн ансамбль Канада, Сирия, Алжир, Монголия жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болуп, сынактарда баш байгелерди алышкан. Өзү медалдар менен сыйланган. Эсенаалы Кушчуевдин «Ой, тобо», эл куудулу, обончу-ырчы Шаршен Термечиковдун «Кантың бар», композитор Абдылас Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан», Сардарбек Жумалиевдин «Дзержинский бульварым» жана башка көптөгөн ырларды кооздогон.Чоро Кожомжаров 1981-жылдын 13-апрелинде Фрунзе шаарында белгисиз себептер менен өз ажалынан мурда каза тапкан.
Алтынбек Сапаралиев, КРнын эмгек сиңирген артисти:
Бул кишинин чыгармачылыгындай, ишмердүүлүгүндөй профессионал деңгээлди мен башкалардан көрө элекмин. Ал үчүн эң эле жөнөкөй мисал, ал биздин ансамблде барабандан башка бардык музыкалык аспаптарды ушунчалык жеткире ойночу. Ал эми мүнөзүнө токтолсок кой оозунан чөп албаган адам эле. Өмүрүндө деги эле ачууланып, үнү бийик чыкканын көргөн эмесмин. Башкаларга катуу айта албаганын мындан билсек болот: Ошол кездеги эстрада өкүлдөрүнүн башын кошуп турган адам катары ырдагым келет деген жаш улан-кыздардын баары ага кайрылышчу. Аларды ырдатып көрүп жакшы ырдаса абдан кубанып калчу. А ырчы чыкпай тургандары болуп калса ал адамдын көңүлүнө карап “сен азыр даяр эмессиң же ырдай албайт турбайсыңбы” деген сөздү айта албай өзүнчө эле бушайман боло берчү. Анан бизге келип анын кандай кемчиликтери бар экенин айтып берип туруп “силер эле бир нерсе деп узатып койгулачы” деп бизден суранчу. Мен чыгармарчылык жолумда Чокеме абдан ыраазымын. Айылдын карапайым баласын ушул киши баарына такшалтып, профессионал ырчы болушума чоң сабагын берди.Талап менен жоопкерчиликке ушунчалык так адам эле. Ал кездеги Фрунзе шаарына биздин эстрадалык ансамбль бир жылда эки гана концерт берчүбүз. Эл ушунчалык көп келе турган. Биз “ой, Чоке, эл келип атат. Биз деле көп-көптөн концерт коё бербейлиби” десек “репертуарды жаңылап туруп коёлу. Бир ырды кечке ырдай бергенде уят го” деп койчу. Анын бул сөзүнөн улам баарыбыз кайрадан жаңы ырлардын үстүнөн иштей баштачубуз.
Сардарбек Жумалиев, КРнын эл артисти, дирижер:
Чоро экөөбүз 1957-жылдан баштап тааныш болдук. Экөөбүз тең жатаканада турчубуз. Чоро студент кезинен эле чоң нерселерге умтулган адам эле. Ал училищедеги билими менен эле калды. Бирок, таланты анын билиминен бир кыйла күчтүү болчу. Кыргыз эстрадасынын эң мыкты, эң биринчи аранжировщиги болгон. Эстраданын музыкалык аспаптарынын баарын электрондоштуруп чыккан Чоро болгон. Чоронун чачтары кайраттуу, капкара эле. Чачы кайраттуу адамдынөзү дагы кайраттуу болот. Чапчаң, чыйрактыгы укмуш болчу.Эсимде, биздин эсрадалык топтун биринчи концертине карата эки сааттык программаны ушунчалык түйшөлүп, башка иштеринин баарын таштап коюп чоң жоопкерчилиги менен түзүп чыккан. Ал биринчи концертибиз абдан ийгиликтүүөтүп, элге дароо алынып кеткенбиз.
Зейнеп Шакеева, КРнын эмгек сиңирген артисти:
Чоро агай талапты абдан катуу койчу. Жакшы ырдаганга эле эмес, ырчылардын туура эс алып жатканына дагы маани берип көзөмөлдөп турчу. Биздин эстрадалык ансамбль ал кезде 16 республиканы кыдырып гастролдоп эле жүрчүбүз. Эстраданын курамындагы Самара Токтакунова, Бүбүсара Бейшеналиева, Айша Базарбаева, мен, дагы көп кыздар баары солкулдаган жаш элек. Анан кыздын көзү кызылда болуп башка мамлекетке барганда бош боло калсак эле дүкөндөргө киргенге шашабыз. А Чоро агай болсо бизди ашык бастырбай “азыр дүкөн кыдырып чарчасаңар кечинде жакшы ырдай албай каласыңар, отуруп эс алгыла” деп эле турчу. Көрсө, агай биздин жаштыгыбызды кайтарган экен да, азыр ойлосом. Кайран кишинин өмүрү аз болуп калды. Баарынан жаманы эмне себеп болуп каза болгону ачыкка чыкпай калды. Болгону “киши колдуу болду. Ошол күнү чоң суммада гонарар алган экен” деген гана имиштерди угуп кала бердик.
Каныкей Эралиева, композитор:
Чоро менен М. Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайда бирге билим алганбыз. Маркум Чоро тубаса өтө музыкалуу адам эле. Комуз, домбра эле эмес, фортепианодо да жакшы ойночу. Анын кыргыз эстрадасын өнүктүрүүдө эмгеги өтө зор. Биздин ансамбль алгачкы концертинен эле угармандардын жүрөктөрүнөн түнөк тапты. Кайсы жерге концерт койбойлу эл көп келчү. Билет таппай сурагандар көп болчу. Кийин дагы менин жолдошум Атайбек Бөдөшевдин чыгармаларына аранжировка жасап жүрдү. Чоро Кожомжаров убагында чоң иш кылган болсо да аз жашагандыгы үчүн көп эскерилбей келет. Азыр аны эске алып, ал тууралуу жазып жатканыңарга рахмат айтам.
Султан Каримов, ырчы:
Мен Чоро агайды биринчи жолу 15 жашымда Жети-Өгүздөн көргөм. Ошол жерде болгон кароо-сынакта агай мага баш байгени тапшырган. Кеченин аягында өзү кичипейилдик менен сахна артына өтүп мага “даяр ырчы экенсиң. Шаарга кел” деди. Мен үчүн бул нерсе абдан кубанычтуу болду. 16 жашымда агайдын колуна келдим. Мен ал адамды абдан камкор жан катары билем. Алыскы аймактарга гастролго барган кездерде дайыма мени жанына ээрчитип, а кечинде мейманканага келгенде мени дайыма өзү жата турган бөлмөгө уктатчу. Албетте, ал кезде азыркыдай шарттын бири болгон эмес. Ямаханы азыркыдай жаныбызга алып жүрө алчу эмеспиз. Бирок, Чоро агайдын мээси ушунчалык кыйын иштегенине азыр дагы таң калам. Анткени, түн ортосунда ойлонуп жата берип бир маалда келген ыргактарды нотага түшүрүү үчүн ордунан турчу. Керебетине отуруп алып ыргакты ичинен кыңылдап, колдорун ямахада же пианинодо ойноп жаткандай кылып кыймылдатып, ноталарды жазып койчу. Анан таң менен ишке барганында ал түндө түшүргөн ноталарын ойночу. Керемет ыргактарды жараткан болор эле. Кийин мен армияга кетеримде “менин эң жаш артистим” деп аэропортко чейин өзү узатып барган. Кетип жатканда абдан жакшы маанайда, мээрим менен мен кызмат өтөп келгенден кийин кайра бирге иштеше турганыбызды айтып узатып калган эле. Бирок, тилекке каршы мен келгенге чейин эле агайдын көзү өтүп кетиптир. Ал тууралуу Алтынбек байке мага кат жазган эле.
Самара Токтакунова, КРнын эл артисти:
Чородой адамды мен Кудайдын сүйгөн пендеси дээр элем. Талантынын күчтүүлүгүнө сөз жок эле. Ал адамдын менин эсимде калган сапаттарынан тамашакөйлүгүн айтаар элем. Качан болбосун жаркылдап күлүп жүрчү. Мени атымдан атабай дайыма “капкара” деп айтчу. Аны дагы бир сонун берилгендик менен, адамдын жүрөгүн жылытып айтчу. Анан абдан саркеч мырза болчу. Дайыма чыкыйып турар эле. Мен Чорону тармал чач деп ойлочумун. Бир күнү эле чачтары түптүз болуп турат. Таң калып калыптырмын. Анда мага карап “ээ, капкара, билбейсиң да менин сырымды. Мен чачтарачмын дагы. Чачты минтип жасабасам кыздар карабай койбойбу” деп каткырып калды. Көрсө, Чоро дайыма көчөгө чыгарда чачын плойка менен тармалдатып жасап алчу экен. Анын бул кылыгын билбегендер Чорону тармал чач деп эле эскерип калышты.
