Кыргызстанда асыл тукум букаларды гидропондук тоют менен азыктандыруу технологиясы киргизилди
Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө өлкөнүн асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган практикалык иштер аткарылып жатат.
Букалардын ден соолугун чыңдоо, физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилип, практикалык шартта колдонулууда.
Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү аркылуу алынган жашыл тоют болуп, курамында организмге керектүү азык заттар, витаминдер жана биологиялык активдүү кошулмалар камтылат. Мындай тоютту малдын рационуна кошуу анын азыктандыруусун жакшыртууга жана физиологиялык абалын сактоого өбөлгө түзөт.
Аталган технология KOPIA борборунун Кыргыз Республикасындагы колдоосу менен Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө даярдалып, асыл тукум букаларды тоюттандырууда колдонууга киргизилди.
