Кыргыз геология кызматы тарабынан электрондук аукцион өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди
Электрондук аукционду пилоттук режимде ишке киргизүүнүн негизги максаты – жер казынасын пайдаланууга укук берүү процессинин ачык-айкындуулугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле заманбап санариптик технологияларды колдонуу аркылуу административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү болуп саналат.
Электрондук форматта аукцион өткөрүүдө катышуучулар үчүн арыз берүү, документтерди тапшыруу жана аукционго катышуу процесстери бирдиктүү электрондук система аркылуу жүргүзүлөт.
Кыргыз геология кызматы электрондук аукциондорду киргизүү менен жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган иштерди улантат.
Электрондук аукционго катышууну каалаган жеке жана юридикалык жактар аукциондун шарттары, объекттер боюнча маалыматтар жана катышуу тартиби менен электрондук аукциондун порталынан тааныша алышат.
