Аба табынын көтөрүлүшү буга чейин Кыргызстанда болбогон ооруларды пайда кылышы мүмкүн
27 август

Аба табынын көтөрүлүшү буга чейин Кыргызстанда болбогон ооруларды пайда кылышы мүмкүн

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун жана башка эл аралык институттардын изилдөөлөрүнө ылайык, климаттын өзгөрүшү адамдын ден соолугуна түздөн-түз температуранын жогорулашы жана табигый кырсыктар аркылуу да, кыйыр түрдө ар кандай оорулардын коркунучунун көбөйүшү аркылуу да таасирин тийгизет. Ошол эле учурда глобалдык жылуулук күчөгөндөн гана күч алууда. 19-кылымдын башынан бери температура 1,26˚ Цельсийге жогорулады, анын ичинен акыркы 10 жылда 0,2˚ жогорулаган. Бул кыргызстандыктардын ден соолугуна тийгизген коркунучу тууралуу экологиялык медицина жана адам экологиясы борборунун жетекчиси Айнаш Шаршенова менен болгон маегинде.

- Аба табынын өзгөрүшү бирде ысык, бирде суу толкундарын жаратат, ал аймактарга жараша болот. Жаан-чачындын саны өлкөнүн бир аймагында көбөйүп, экинчи аймагында азайышы мүмкүн. Мунун баары адамдарга түз да, кыйыр да таасирин тийгизет, анын ичинде айыл чарба сектору же сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу аркылуу болот.

Температура жогорулаган сайын айлана-чөйрө да өзгөрөт. Биз тоолуу өлкөбүз, аба табынын ысышы мөңгүлөрдүн эришине алып келет, сел, жер көчкүлөр көп боло баштайт.

Суу каптоо, кар көчкү же жер көчкү бир гана саламаттыкты сактоо тармагынын эмес, бүтүндөй калктуу пункттардын инфраструктурасын жарым-жартылай же толугу менен бузушу мүмкүн. Албетте, бул психологиялык стресске, жүрүм-турум жана эмоционалдык реакциялардын өзгөрүшүнө алып келет.

Кыргызстанда калктын 90 пайыздан ашыгы тоолуу шартта жашаарын эске алсак, мында климаттын ден соолукка тийгизген кооптуулугу жөнүндө сөз болуп жатат.

- Кандай оорулардын жаралуу коркунучу бар? 

- Жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу оорулардын коркунучу жогорулайт. Эгерде селдин же жер көчкүлөрдүн натыйжасында сапаттуу ичүүчү сууга жетүү кыйындаса, анда бактериялар жана химиялык жана биологиялык агенттер үчүн жагымдуу чөйрө пайда болуп, инфекциялык жана мите оорулар күчөшү мүмкүн. 

Климаттын өзгөрүшү менен биздин өлкөдө мурда байкалбаган оорулар пайда болушу ыктымал. Ысык географиялык зоналуулуктун деңгээлин жогорулатат, бул кене энцефалитине, дене табынын көтөрүлүшүнө, ар кандай бактериологиялык инфекцияларга алып келет. Сөз инфекциялык да, инфекциялык эмес да оорулар жөнүндө болуп жатат, андан тышкары жаракат алгандар, уулангандар көбөйөт.

Изилдөөлөргө ылайык, климаттык тобокелдиктерге эң аярлуу категориялардагылар – жаш балдар, кош бойлуу аялдар жана эмчек эмизген энелер, 65-70 жаштан жогорку курактагы адамдар, өнөкөт оорулары бар адамдар, же көп ооруган адамдар кирет. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жагымсыз экологиялык чөйрөнүн биринчи таасири иммундук системасы алсыз адамдарга тиет.

- Саламаттыкты сактоо системасы бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну канчалык деңгээлде эске алууда?

- Саламаттыкты сактоо министрлиги биринчилерден болуп 2011-2015-жылдарга саламаттык сактоо секторунун климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо планын иштеп чыккан. Ал кезде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун координациялоосу менен биринчи жети пилоттук өлкө үчүн тармактык адаптациялоо пландары иштелген болчу.

Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо маселелери улуттук стратегиялык документтерге жана өлкө программаларына киргизилген. Кыргыз Республикасынын  башка алты сектор менен бирге саламаттыкты сактоону камтыган айрым адаптациялык салымдары бар, ПРООНдун колдоосу менен төрт приоритеттүү сектор боюнча Улуттук адаптация планы иштелип чыгууда, алардын бири саламаттыкты сактоо.

Саламаттыкты сактоо боюнча Улуттук адаптациялык пландын негизги максаты - климаттык коркунучтардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин азайтуу жана ал тобокелдиктерди азайтууга жардам бере турган чараларды иштеп чыгуу. Бул жерде биз үч негизги багытты аныктадык. Биринчи кезекте калктын бардык дарттардын арасында алдыңкы орундарды ээлеген жугуштуу эмес ооруларга аялуулугун төмөндөтүү. Экинчиден, жугуштуу жана мите оорулардын коркунучун азайтуу.

- Изилдөөлөр ден соолук жаатында дагы кандай климаттык коркунучтарды көрсөттү?

- Климаттын өзгөрүшүнө реакция кылуу гендерден көз каранды болоорун билебиз: аялдар башкача, эркектер башкача кабыл алышат. Ал эми жаш өзгөчөлүгү боюнча - эмгекке жарамдуу калк жана 64-75 жаштан жогорку муун.

Температуранын кескин өзгөрүшү оорукчандардын гана эмес, соо адамдын да көрсөткүчтөрүн начарлатат. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшү продукцияны чыгарууга таасирин тийгизет. Башкача айтканда, климаттын өзгөрүшү бир гана саламаттыкты сактоо тармагына эмес, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүнө да кесепетин тийгизет.

Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо тармагы башка тармактар менен тыгыз байланышта. Мисалы, ден соолук көрсөткүчтөрү ичүүчү суунун сапатына жана тамак-аштын сапатына жана санына жараша болот. Азык-түлүк коопсуздугунун алсыз болсо, ал калктын жакыр катмарына таасирин тийгизет жана аларды колдоого өзгөчө көңүл буруу керек.