Роза Акназарова, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Аял өзүн өнүктүрүүгө эч качан кеч болбойт”
16 декабрь

Роза Акназарова, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Аял өзүн өнүктүрүүгө эч качан кеч болбойт”

Жогорку Кеңештин буга чейинки эки жолку депутаты, бир нече жолу министрлик кызматтарды аркалаган Роза Акназарова өз жашынан алда канча жаш көрүнөт. Ушул жашында спорт менен активдүү машыгып, англис тилин, пианинону үйрөнүп жүргөн Роза Корчубековнадан жаштыгынын сырларын сурадык. 

– Роза айым, спорт менен канчадан бери доссуз?

– Негизи менин спортко келгениме көп эле жыл болду. 2005-жылы түз жерден эле зымга чалынып жыгылып, бетимдин баары айрылып калган. Ошондо ыраматылык жолдошум: “Сен туура жыгылганды үйрөнүшүң керек экен, ал үчүн спортко баралы”, – деп айкидого жаздырып, чогуу машыга баштадык. Спортту ошондо эле сүйүп калгам. Акыркы жылдары деле жолдошум экөөбүз спорт залга жазылып алып чогуу барып жүрдүк. Бирок азыркыдай такай машыкканга убакыт кайдан, депутат болуп турган учурумда спорт эмес, тамак ичкенге убакыт таппай калчумун. Айныгыс адатым катары бир да күн калтырбай машыкканыма төрт жыл болду, башкача айтканда, пандемиядан кийин спорт менин жашоомдун бир бөлүгүнө айланды.

– Пандемия баарыбызга ден соолуктун, жашоонун кадырын сездирди окшойт...

– Ооба. Менин жолдошум да пандемиянын курмандыгы болуп калды. Андан айрылуу мага абдан оор тийди. Ага чейин өзүмдү кайраттуумун деп ойлочумун, көрсө кайраттуу эмес экенмин. Стресстен көзүмдүн жашы токтобой калды. Андан улам ден соолугумда көйгөй жаралып ооруканага жатып калдым. Ушунчалык өзүмдү таштап салыптырмын, көргөндүн баары эле: “эмне болуп калгансың?”, “эмне мынча карып кеткенсиң?” дешет бир ооздон. Бир жарым жыл мурун эле атам өткөн эле. Эки жакшы көргөн адамымдан удаа айрылганга жашоомдун маңызы кетип калгандай болгон. Жан дүйнөмдө болуп көрбөгөндөй боштук пайда болуп, эч кимге керегим жоктой сездим өзүмдү. Бирок жашоону андан ары улаш керек болду, өлгөндүн артынан кете албайт экенсиң. Ошондо спортко кайтып келүүнү чечтим. Чындыгында депрессиядан чыгууда спорт миңдин бири экен. Жолдошумдун ооруканада жаткан, кыйналган элеси көпкө чейин көз алдымдан кетпей койгон да, залга келгенде ошону унутуп калгандай болом. Зумба деген бий абдан тердетип, тер менен кошо ичтеги болгон негативдүү энергияларды чыгарат да. Ушул нерселер мага абдан жакшы жардам берип, акырындан өзүмө келе баштадым.

– Спорттун кайсы түрлөрү менен машыгасыз?

– Бул жакта атайын программа бар: йога, велосипед тебүү, теннис ойноо, ар кандай көнүгүүлөр, сууда сүзүү. Сууда сүзүү боюнча мелдеш болуп 2-орунду алгам.

– Адам өзүн өнүктүрүүгө жаш курагы тоскоол болбошун далилдеп жатыптырсыз да.

– Биз, аялдар 50дөн өткөндөн кийин эле “болду, карыдым, эми каякка?” деп өзүбуздү өзүбүз карытып алат экенбиз. Мен кийинки жылы 70ке чыгам. Ушул жашымда шпагат отурганды үйрөндүм, сууда сүзүүнү үйрөндүм. Чогуу машыккан 73төгү айым бар, ал көнүгүүлөрдү менден да жакшы жасайт. Мен кичине кезимде балерина болгум келчү, бирок атамдын кеңеши менен илимге кеттим эле. Ошо кичине каалоомду чыгарганга эми убакыт келди окшойт. Спорт менен эле чектелип калбай англис тили курсуна барам, тиккенге кызыкчумун, аны менен алектенем, экономика багытындагы дүйнөлүк жаңылыктардан артта калбай дайыма окуп, изилденип турам. Биздин курактагы окуу эс-тутумду бекемдеп, өз акылың менен карыганга шарт түзөт. Адам бир нерсе жасайм десе бардык куракта жасай алат. Карыганда балдарыма жүк болбоюн деген адам сөзсүз бир нерсе менен алек болушу керек. Эгерде эч нерсе кылбасаң мээң да ошого көнүп “жалкоо” болуп, адам алжып калат.

– Негизги жумушуңуз катары эмне менен алек болуп жатасыз учурда?

– Депозиттерди коргоо агенттигинде директорлор кеңешинин төрайымы болуп иштейм. Андан тышкары Орус-Кыргыз Славян университетинде докторлук кеңештин мүчөсүмүн. Ал жакта кандидаттар, илим изилдөөчүлөргө жетекчилик кылам.  илимпоздорго кеп-кеңешимди айтып турам. Калган учурларда өзүмдү өнүктүрүү менен алекмин. Маал-маалы менен неберелеримди алып саякатка чыгып турам.  

– Туура тамактанууга да маани бересизби?

– Туура тамактануудагы мен маани берген эң негизги нерсе – эртең менен лимон менен имбирь кошулган бир чоң кружка жылуу суу ичүү. Анан эртең мененки тамакка быштак жегенди жакшы көрөм. Түштө каалаган тамагымды жеп, кечинде айран эле ичип алам. Атам ыраматылык организмди тазалайт деп такай айран иччү. Менин да кечки тамагым айран. Күнү бою сууну көп ичем. Тамактанууда негизинен ушул эрежени карманам, бирок конок, тойго барганда бузулуп калат. Бир эле тамакка көңүл бура бербей аял киши бутун, бетин жакшы караш керек. Анткени бардын органдардын чекити таманда жайгашкан. Атүгүл беттин сулуулугу да таман менен түздөн-түз байланышта. Андыктан күн сайын бутту таза жууп, майлап-сүттөп, массаж жасап туруу абдан маанилүү.

– Сиздин маегиңиз көпчүлүк айымдарга шык берет деген ойдомун. Ушундай жапжаш бойдон узак жашаңыз!